№1064 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
Парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинетин толук курамда отставкага кетирүүнү демилгеледи. Бул тууралуу фракция лидери Адахан Мадумаров 27-апрелде Telegram каналы аркылуу жарыялады. Себебин “Министрлер кабинети Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткара алган жок” деп түшүндүрдү. Баш мыйзамдын аталган беренесинин 2-бөлүгүндө пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык жардамдар жашоо минимумунун деңгээлинен төмөн болбошу керектиги жазылган.
Фракциянын чечими Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |