Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЛТЫНДАН ЖАСАЛГАН ЭҢ КЫМБАТ БУЮМДАР

№1069 2-8-июнь, 2023-ж.

1. Ламборгини – 62 миллион доллар

Дүйнөдөгү эң кымбат Ламборгинини даярдаш үчүн 25 килограмм алтын, платина жана бриллиант талап кылынган. Бул баалуу тулпар түп нускадагы автоунаадан 8 эсе кичинекей көлөмдө. Алтын унааны акчасы ашып-ташкан бирөө эле кооздук үчүн албаса, анын ордуна 2-3 чыныгы Ламборгини айдаган жакшы эмеспи.

2. iPhone 5 – 15 миллион доллар

15 миллион долларыңыз ашык болуп жатса, британиялык зергер Стюарт Хьюздун колунан чыккан iPhone 5 телефонуна буюртма кылсаңыз болот. Бай кардарынын буюртмасы менен жасалган телефондун корпусуна 24 карат алтын колдонулган. Андан сырткары 500 бриллиант таш менен кооздолгон. 26 карат салмактагы кара бриллиант телефондун кайра кайтуу баскычынын кызматын аткарат. Уюлдук телефондун экраны сапфир айнеги менен капталган. Телефондун аркасындагы Apple’дин логотиби 53 бриллиант ташы менен жаркырап көрүнүп турат. Зергер бул телефонду 9 айда жасап бүткөн.

3. Чөнтөк сааты – 11 миллион доллар

11 миллион долларлык алтын саатты америкалык банкир Генри Грейвз буюртма кылган. “Patek Philippie” ювелирдик компаниясы SuperComplication Gold Pocket Watch үлгүсүндөгү сааттын дизайнын иштеп чыгууга жана аны ишке ашырууга 5 жыл убакыт короткон. Саатта 24 түрдүү механикалык түзүлүштөр орун алган, анын ичинде ар кандай хронологиялык функциялар бар, мисалы, Лондондогу Биг Бенде жаңырып турган музыка саат сайын бул чөнтөк саатта да угулуп турат. Саат 18 карат алтын менен жасалган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо