КЕЛИНДЕР КААДАСЫ

№429 21-27-январь, 2011-жыл.

Кыргыздар салтты катуу кармайбыз. Келин ийилип жүгүнгөн салт да тээ ата-бабадан калган каада. Жалпыга аты белгилүү жигиттердин жубайларын чакырып, мына ошол келин каадасы тууралуу кыска кеп курдук. Азырынча төрт келинди сынайлы, калгандары келерки сандарыбызда.

Эрлан Андашевдин сүйүктүүсү – ПЕРИЗАТ КОПОБАЕВА

Перизат үйдүн эң улуу келини, 23 жашта.
Кесиби – Комузчу, Улуттук консерваторияда 5-курста окуйт.
Жердиги – Нарындын Ат-Башысынан болот, Чүйгө келин болду.
Эрлан “Пекоу” деп эркелетип чакырат.

– Перизат, көшөгөнүн артында отурганда өзүңдү кандай сездиң?
– Көшөгөдө отурган кезимди сөз менен айтып түшүндүрүү кыйын. Бир бөтөнчө сезим болду. 3 күн отуруп зериккен жокмун. Кичинекей кыздар, 5 жаштагы эң кичүү кайним жанымда отурушту. Баарынан кызыгы, кенжетай кайним көрүндүктөрдү чогултуп алып, мага каттырганы болду. Шоколад, суусундуктарды көшөгөнүн артына ташып келгени да эсимде калды.
– Кайната, кайненеңден кеч туруп калган убак болбой койбосо керек...
– Эртең менен туруп, жүгүнүп жүрдүм. Бирок конок тосуп кеч уктагандыктан, эртең менен алардан кеч туруп калган убак болду. Эрте турдум окшойт десем, менден мурда кайненем турган экен, уялып калгам. Аларды мама, папа дейм. Биринчи эле палоо жасап бердим, мактап жешти.
– Келиндер тергейт эмеспи, сенчи?
– Тергебейм. Үч кайним бар. Аларды аттарынан эле чакырам.
– Жаңы келиндин оозуна май салып үйгө киргизет экен...
– Май салбады, бирок Эрлан экөөбүздүн оозубузга “жашооңор таттуу болсун” деп шоколад салышты.
– Келин болуп барганда кайсы көрүнүштү күтпөдүң эле?
– Мени үйдөн алып келатканда башкача болдум. Үйгө кирейин деп калганыбызда Эрландын жээни чалып, “машинадан чыкпай тургула” деди. “Бул дагы бир салт окшойт” деп биз да машинаны бекитип отуруп алыппыз. Бир убакта кайненем эшикти ачтырып, эки жеңебиз чачыла чачып жүгүнтүп, анан үйгө кирбедикпи.
– “Бербегенди берип уялт, келбегенди барып уялт” дейт экен, отко киргизе элек кайындардын үйү калдыбы?
– Туугандарыбыз тынбай отко чакырып жатышат. Колдон келишинче дасторкон жасап барып жатабыз. Чакыра электери да бар, чакырышса эле, барган бизден.


Шайырбек Араповдун көрөр көзү – АИДА КУТБАЕВА

Аида үйдүн эң улуу келини, 22 жашта.
Кесиби – Чыгыш таануучу, учурда өз кесиби менен иштейт.
Жердиги – Баткендин Кызыл-Кыя шаарынан, Оштун келини болду.
Шайырбек Аиданы “алтышка” деп эркелетет.

– Аида, көшөгөдө канча отурдуң?
– Салт боюнча бир жума отурушум керек болчу. Бирок жумушубузга байланыштуу шаарга кайтыш керек болуп, 3 күн эле отурдум.
– Кайындарыңды тергейсиңби?
– Тергейм. Кайнимди “э, бала”, кайын сиңди­леримди “кыз” деп тергеп, сиз деп кайрылам.
– Таң атпай туруп короо шыпырганга жетиш­тиң­би?
– Биз жакта салтты катуу кармашат эмеспи. Келин болуп барган соң көнөсүң да. Ооба, эртең менен туруп короо шыпырып, тамак даярдап жүрдүм. Айылда 1 жума эле туруп, шаарга кайтып келдик. Бирок короо шыпырганга жетишип калдым.
– Ак жоолугуң ар дайым башыңдан түшпөйбү?
– Мага жоолук салынган жагат. Үйдө Шайырбек экөөбүз эле турабыз, ошентсе да жоолукту башымдан түшүрбөгөнгө көнүп калдым. Жолдошум да “сага жоолук сонун жарашат” деп көп айтат. Тамак жасаганда, үй жумуштарын кылганда чачың түшпөй жакшы экен.
– Кайненеңди апа деш кыйынга турбадыбы?
– Жок, кыйын болбоду. Апам мээримдүү, жумшак мүнөз­ сонун жан, дароо эле апа деп алдым.
– Жүгүнө берип белиң талыган жокпу? Дегеле жүгүнүү дегенди кандай түшүнөсүң?
– Көл тарапта келин карыгыча эле жүгүнөт экен го, бизде андай эмес. Кайындарга жаңы келгенде 3 жолудан салам салып, жүгүнгөм. Мен жүгүнүүнү кайын журтка болгон сый деп түшүнөм.
– Алпаруучу жигитибизге кайсы тамакты көп жасап берүүдөсүң?
– Ал айткан тамактын баарын эле жасаганга аракет кылам. Шайырбек көбүнесе суюк тамактарды жакшы көрөт. Ошондуктан эки күндүн биринде кесме жасап ашканадамын.


Акбар Сүйүнбаевдин келинчеги – КУНДУЗ КАЗЫБЕК кызы

Кундуз үй-бүлөдө 3-келин, 23 жашта.
Кесиби – Журналист. Учурда “Миң кыял FM” радиосунда ди-джей.
Жердиги – Нарын шаарынан Кочкорго келин болуп түшкөн.
Акбар “аярым” деп эркелетчү, коён жылы кирип келери менен “коёнечка” болуп өзгөрдү.

– Кундуз, “абысын – аңдышкан жоо” дешет...
– Эки абысыным бар. Мен келгенден баштап эле сырдашкандарым, курбуларым да ошолор. Эки жеңем тең акыл айтып, жардам берүүдөн баш тартышпайт.
– Кайнага кырын салбаса, келин кебелбейт экен, тергейсиңби аларды?
– Биздикилер заманбап үй-бүлө. Бирок заманбап дегеним, салтты кармабайм дегендик эмес. Улуу агабызды “шеф” деп тергейм. Анткени кичүү жеңем ошентип тергейт экен, мен да аны туурап алдым. 2-байкебизге болсо “аба” деп кайрылуудамын, азырынча жарашыктуу ат таба элекмин.
– Жаңы келин жаңыдан барганда жаңылат, калтырайт, сүрдөйт...
– Жаш келин болгон соң ар бир ишке кылдат мамиле кылат экенсиң. Бир ишти жасаарда “туура эмес кылып албайын, эгер жакпай калса кантем?” деген ойлор келет. Апамдын инисин – таякемди атынан айтып сүйлөй берипмин. Абысыным айткандан кийин ойлонуп, уялып жүрбөймүнбү. Жакында эле туулган күнүмө айылдан апамдар келишиптир. Жүгүрүп жүрүп жүгүнгөндү унутуп коюпмун. Кийин эстеп өкүнүп калдым. Бул сабак болду, эми антпейм.
– Өкүл ата, өкүл энени кантип сыйлайсың жана алардын милдети эмне деп ойлойсуң?
– Алардын башкы милдети, жаңы үйлөнгөн жаш жубайларга өздөрүнүн турмуштук кеп-кеңештерин айтып, моралдык жактан көбүрөөк жардам берип туруу деп билем. Акбар менен Таалай өкүл атабыз бир күн сүйлөшпөй калса бири-бирин сагынып калышат. 2-3 күндө бир жолугуп, сыр чечишип, ой бөлүшүп келишет. “Алардан биз кембизби?” деп өкүл энем экөөбүз да жолугуп, чайлашабыз.
– Көшөгөңдү кантип сактайсың?
– Салтка ылайык, жаш келин көшөгөсүн өзүнүн уулдарына, келечектеги келиндерине сактап коюшу керек. Мен да көшөгөмдү балдарыма сактап койдум.
– Ырчы баланы эмне менен багуудасың?
– Үйдө болгондо 3 маал тамак жасайм. Ал эми жумушта болсом, ырчыңар айла жок бир эле маал тамак ичет. Сүйлөшүп жүргөнүбүздө “апам жасаган тамактарды жакшы көрөм” дечү. Эми “апам, анан Кундуз жасаган тамактар, м-м...” дей баштады.


Алекстин аяры – ЧЫНАРА АЛИКБЕКОВА

Чынара бир үйдүн жалгыз келини, 23 жашта.
Кесиби – Конструктор-модельер. Учурда окуйт.
Жердиги – Оштун Кара-Кулжасынан Алайга келин болуп түшкөн.
Алекс Чынарасын “ананайын, ананайын” деп эркелетип турат.

– Чынара, Алекс ала качып алганбы же салт менен элеби?
– Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп, баш кошууну чечкенбиз. Ата-энемдин ак батасы менен баш кошуп, борборго бирибиз “ырдайм” деп, экинчибиз “окуйм” деп келдик. Туура, башында ата-энемде бир аз таарыныч болгон, бирок убакыттын өтүшү менен алар түшүнүштү. Анын үстүнө биз эки эле бир тууганбыз, менден улуу байкем бар. Алекс жалгыз. Алексти ата-энем өз баласындай мамиле жасап эле, калпак кийгизип күйөө бала кылып алышкан. Азыр алардан ынак кишилер жок.
– Силердин үй-бүлө эки башка улуттун өкүлүнөн куралган да, каада-салтты кантип карманасыңар?
– Алекстин улуту орус болгону менен, дини мусулман. Кыргыздардын арасында өсүп-чоңойгон. Салтты, тилди мыкты билет. Ата-энеси эрте жашында каза болуп калышкан. Кайындарымдан апасынын эжеси, анан сиңдиси бар, Ошто турушат. Алар менен тынбай катташып турабыз.
– Сенде тергеп-тескечү кайындар аз турбайбы, жоолук салынбаган заманбап келин болупсуң да...
– Айылда жүргөндө жоолукту башымдан түшүрчү эмесмин. Азыр эми шаарга келген соң өзгөрдүк да. Жолдошум мантыны, оромону жакшы көрөт, ал тамактарды жасаарда жоолукту тысырайта салынып алып ашканага жөнөп калам.
– Кызыңарды бешикке бөлөп бактыңарбы? Өзүң бешикке бала бөлөгөндү билесиңби?
– Балалуу болгондо апамдар «бешик беребиз» дешти. Анан кайра байкем “жел бешикке эле салып бак” деп манеж алып берген. Бирок өзүм конокко барганда кызымды бөлөй коюп жүрүп, бешикке бөлөгөндү билип алдым. Алгач бешикти ысырыктап, андан соң баланы оң тараптан бешикке салып бөлөйт.
– Үйдө уруш эмнеден чыгат, ким баштайт?
– Үйдө кожоюн Алекс. Мен тапканын жасап берип, айтканына көнүп отура берем. Үй жумуштарын кылганга жолдошумдун убактысы деле жок. Таптакыр урушпайбыз дегенден деле алысмын. Өтө деле катуу урушпайбыз. Эгер чыр чыкса, экөөбүздөн тең кетет го дейм. Бирок мен унчукпай калып кутулам. Ал да үндөбөй калат да, бир убакта жазылат.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(27)
21.01.2011. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келиндер бактылуу болушсун.
озгочо эрлан менен перизатты коргондо абдан суйунуп кетем.
21.01.2011. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келиндерге жакшылыктарды каалайм)))
Анан Аида Кутбаеванын "э,бала"деп тергегени кулака жаман угулат экен.(же ошентип тергешеби ал жакта?,)
22.01.2011. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эй бала деген кандай кайф
22.01.2011. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туштуктордун тан атпай келинине короо шыпыртканы жакпайт сарттардай болуп...короо дегенди эркек шыпырыш керек го...анан кайни кайынсиндилерин сиз дегендери да анча жакпайт сиз деп алышып сыйлары анча эмес...
22.01.2011. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshto kelinder kynygo jygynboyby?
Bilbeptirmin.Biz jakta kelindin jygynyysy-kynymdyk y4yrashyy bolup eseptelet.
22.01.2011. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cosmopolit туштуктогулор дебей Ош тараптагылар десен болбойбу? Же "туштуктогулор" сени камап алып короо шыпыртып жатабы? Сага окшогондор бузат элди тундук-туштук деп!
22.01.2011. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен кара кулжада чонойгом ушундай создорду бул жактан угуп атам
22.01.2011. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Муж и жена - одна сатана", дегендей эле, баарынын тен коздору и бири-бирине окшош парочкалар экен.
22.01.2011. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюм боюнча келин кайын журтун созсуз тергеш керек андан эч жери кемибейт.Бул дагы болсо кыргыздын салтын сыйлагандыгы.cosmopolit сенин оюн туура эмес короо шыпырган келиндин иши .сендей адамдар элди тундук туштук деп болмок турсун кыргыздын салтын жокко чыгарат.Аидага сага рахмат ушунунан жазба бактылуу бол.
23.01.2011. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш ктугойлорго баарына уй булоолук бакыт
Эрландын аялы Перизат абдан сулуу экен.
суроолорого жооп бергенине караганда акылдуу да окшойт.
23.01.2011. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эрте м-н эрте туруу бардыгыбызга эле пайдалуу. ал эми тан эрте эшик шыпырса эле сарттарга окшоп калат экенби? таза аба, бирин-серин суу себилген жерлер жанында оскон гулдор ушунун эмнеси жаман? cosmopolit сиз бир да жолу мындай нерсени корбогонсуз го
23.01.2011. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла Таала гана жугунууго татыктуу. А биздин салттагы жугунуу - жон гана сый, урмат.
Ош тарапта келиндер биринчи коргон кезде эле жугунуп коюшат, андан кийин жугунушпойт. Мен муну туура деп эсептейм.
Cosmopolit - сиз бир элди 2 жакка ундобонуз !!!
23.01.2011. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жер-жерликке болунгон билдируу жазган колдонуучу мындан ары эскертуусуз банга кетет!
24.01.2011. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай урган турбайбы...баарынардан кечирим сурайм...эч кимди болойун деген оюм жок...мен жон гана оз ой пикиримди жаздым...сендей адамдар деп аябай катуу кетиптирсинер...кудай сактасын мен бузукулук кылып коомго зыяным тие элек пайдаман башка...
24.01.2011. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чем меньше знании..культуры и образовании тем больше традиции и обычаи... буду ждат комментов...
24.01.2011. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cosmopolit tuura aitat,koroo shypyruu tan atpai,ozbekterden kalgan salt,kyrgyzda andai salt bolgon emes
25.01.2011. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cosmopolit эмне кыргызчаны кыйратып,орусча жазып,озундун знаниянды коргозоюн дединби?Чем меньше знаний тем больше обычай деп...Канчалык салтты бекем кармасан ал озун учун.А эртен менен туруп дегени илгери кайсы кыргыз келин кайын журтунан мурда турбай жата берчи эле?..Кыргыз качан эле туалетке барып унитазга олтурчу эле деген созду билесинби?Дегеним илгери КЫРГЫЗДАР тоо ташта жашап келген.Эшик шыпырмак тугул короолору жок болгон анан кайдагы шыпыруу.Катуу тийсе таарынба Силерде бир жолу знаниябы
25.01.2011. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силерде бир жолу знаниябызды остуробуз деп Кыргыз салтын чанып салгансынар окшойт.
25.01.2011. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cosmolit знаниянды остургонун жакшы бирок бир олкодо жашап туруп,бири бирибизди мазактабайлы.Со стороны шылдын корунот.А сен элинден пайданды аябай журо бер.Сендей Знаниясы больше адамадар ушул тапта Кыргызтанга коздун карегиндей керек...Бул менин оз ой пикирим.
25.01.2011. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktiluu bolgula, ewiginerdin asty ki4inekey baldardin batinkasyna tolsun, Akbar bayke baardyk jakwiliktar bolsun bratiwkaniz Isa (Kizilkiya)
26.01.2011. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baardigina ui-buloluk bakit kaalaim!!! Omur boyu bir-birin siylagan tugoilordon bolsun!!!Cosmopolit tin oyuna koshulam! Bardik onuguulor ekonomikalik onuguugo koz karandi bolot eken. Kelechekte onuguu bolso, oi-jugurtuubuz da onugot dep ishenem. Paidasi jok salttar ele kop bizde negizi.
27.01.2011. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келиндерге ийгилик барган жерлеринде бак берсин жалпы эле баарына "кыргызымдын бактылуу жубайларынан болуп эми санын кобойтконго аракет кылгыла!"
27.01.2011. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nookattamyn bizde ar bir kelindin koroo shypyruusu saltka ailangan.Zamanbap kelinder dele bar erte menen turbai uktagan munun ech kandai yiaty jok.Misaly menin kainenem koroo shypyrtchuu emes uktai ber eshik suuk dep
28.01.2011. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комменттеринерди окуп отурсам, баягы байкуш кыргыздарбыз, бири бирибизи коро албаган, тундук туштук болуп болунгон, сарт аркалып болуп. Эгерде билбесениздер, ар бир областтын, ар бир региондун озунун менталитетине жараша каада салттар да озгоргон и толукталган! Аны биз урматтап сыйлашыбыз керек! Мен мисал учун Чуйдо, Колдо каада салттар кандай экенин билбейм. Себеби бизде мумкун ал салттар озгоруп кеткендир. Ошондуктан туугандар, болунгонду бору жептир демекчи, болунбойлу, бар бололу бир бололу!
29.01.2011. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"чем меньше знании... культуры и образовании... тем больше традиции и обычии" анда салтты кучтуу кармаган япондордо, кытайларда илим-билим аз экенда. cosmороlit сен да билимини жогорлутып алсан болмок, кайра биздин каада-салттын устунон кулгондон коро.
30.01.2011. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу уй-булолордон болушсун эч качан кармашкан колунуздар узулбосун! Баары бири-бирине ото жарашыктуу жарлар экен айрыкча Шайырбек Арапов м-н келинчеги Бизде Ноокатта каада салтты отто катту кармашат. ррр эже сизге он учураган окшойт эй бала деген бизде ошондой кайын журтту баарыны сиз деп атыны айтпай чакырат
23.03.2011. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар жаш жубайлар!!!Айтаарым,менин келинчегим Москвада торолуп,ушул жерде чонойгон... 1 жылдан бери каада-салтты уйротуп журуп,озумдо эч нерсе калбай турган болду...Бирок жылыш бар...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо