КАРАКЧЫЛАР АЛЫС КЕТИШКЕН ЖОК

№429 21-27-январь, 2011-жыл.

“Бизге жардам бере аласыздарбы?.. Издебеген, барбаган жерибиз калган жок. Көз көрүнөө эле жаш балдар машинабызды тартып кетишти” деген келин редакциябызга баш бакты. Аты Жазгүл экен. Окуяны баштан аяк кенен айтып берген Жазгүл “ичпей-жебей 5 жыл чогулткан акчабызга алдык эле” деп кейип отурду.

“КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ТАПТАК СҮЙЛӨГӨН АЙЫЛДЫК ЖИГИТТЕР”
– Жолдошумдун аты Зарыл. Зарыл ошол күнү жумушунан бир аз кармалып, кечки саат 10 менен 11дин ортосунда үйгө келе жаткан экен. Жумушу Көк-Жар кичирайонунда, үйүбүз Туңгучта. Алматы көчөсүнөн Горькийге кайрылганда бир машина кууп өтүп, жолдошумдун жолун тороп токтоп калыптыр. Ичинен бир жигит чыга калып, “токтосоң” дегендей кылып колун булгалаптыр. “Эмне болуп кетти, жардам керек болуп калган го?” деген жолдошум машинадан түшүп, тигил жигит жакка басат. “Отвёртка барбы? Мобул жерин карап бересизби?” деп өзүнүн машинасын көрсөткөн. “Карап берейин” деп ойлогон Зарыл машинасынан эки метр алыстаганда тиги машинадан үчөө чыга калат. Дароо эле “ачкычыңды, телефонуңду бер!” деп демитип киришти дейт. “Мылтыгың барбы?” деп да сурашыптыр. Колдорунда арматуралары бар, кыргыз тилинде таптак сүйлөгөн айылдык жигиттер экен. Анан ошону менен төртөө Зарылды коркутуп, сүйрөгөн боюнча өздөрүнүн машинасына отургузушат. Үчөө жолдошумду тегеректеп, качып кетпесин деп өздөрүнүн машинасына отурушса, бирөө биздикин тигилердин артынан айдап жөнөйт.

“ЖҮРӨК КУРГУР СЕЗБЕЙ КОЙБОЙТ ЭКЕН”
– Мына ушул учурда мен да үйдө өзүмдү таппай отурган элем. Жүрөгүм лакылдап, кандайдыр бир жамандыкты сезип жаттым. Ошол замат “Зарыл аман болсо экен!” деп телефонуна байланыштым. Өчүрүлгөн. Анан Зарылдын эки досуна чалдым. Алар “биз билбейбиз, байланыша элегибизге көп болду” дешти. Балдарды уктатып коюп, өзүм кирпик ирмебей, он бөлөк болгон оюмдун учу-кыйырын жыйнай албай отуруп калдым.

“МАШИНАНЫН АРТЫНДА ОТУРУП,
АЛДЫҢКЫ ЭШИГИНЕН СУУРУЛУП ЧЫККАН”
– Зарылдын машинасын артынан айдатып Горький көчөсү менен келе жаткандар “Дасмиядан” кайрылып, Алматы көчөсү менен “Аламүдүн” базарын көздөй жөнөшөт. Жолдошум тигилердин жамандык кыларын сезип, “балдар, силерге машина эле керекпи, алгыла да, мени коё бергиле” дейт. Алар бир да сөз айтпай кете беришет. Кичине эле кыймылдаса, “кыймылдаба, жөн отур!” деп сөгүп, колдорундагы темирлер менен нукуп киришет. Чүй менен Алматы көчөлөрүнүн кесилишине келгенде светофорго токтоп калышат.
Зарыл арткы орунда, эки жагында эки жигит кайтарып отурат. Акырын байкаса, арткы эшиктер ичинен жабылыптыр да, алдыңкысы ачык экен. Жолду катар үч балабызды ойлоп, чекесинен кара тер чыгып келе жаткан жолдошум жанындагы экөөнү болгон күчүн жыйнап туруп чыканагы менен түртүп, алдыңкы эшиктен чыгууга аракет кылат. Баары бир жан таттуу да, жан керек болсо, эки эмес, үчөөнү деле түртүүгө күч жетчүдөй экен деп жатпайбы. Анан жанаша отурган экөө мындайды күтпөсө керек, буттарын кармаганга араң жетишип, сыртка чыгарбоонун айласын кылышат. Эшик ачылып кеткенде рулда отурганы газды басыптыр. Ошондо Зарыл сыртка тоголонуп түшүп калыптыр.

“АЛГАНЫБЫЗГА 3 ЖЫЛ БОЛГОН”
– Сыртка чыга калып эле “машинанын номерин көрүп калсам болмок” деп ойлодум дейт. “Көрдүңөрбү?” деп сурайын десе да көчөдө кыбыр эткен жан жок. Аялдамада бирөө отургандай болгонунан жанына барса, эс-учун билбей мас болуп жаткан селсаяк экен. Анан ошол жердеги май куюучу жайда турган жигит милицияга кабар берет. Мага да кабарлады. Мен туугандарды чогултуп, Зарылдын жанына барып калдым. Машинабыз күмүш түстүү E 84-59 А номерлүү Ауди-С-4 болчу. Алганыбызга 3 жыл боло элек эле.

“АФЕРИСТТЕР КӨП ЭКЕН”
“Ушундай машина жоголду, ким көрсө же тапса, кабарлашкыла, сүйүнчүсү чоң болот” деп радиолордун бирине жарнама бердиргем. “Билгендер болсо, баланча номерге чалгыла” деп уюлдук телефонумдун номерин берип койгом. Анан телефонума интернеттен “мен машинаңарды билем, 10 000 сом сүйүнчү бергиле” деген, байланышчу дареги жазылган СМС келди. “Машинанын кандай экенин айткыла” деп жазсам, кайра жооп келген жок. Бул кадимки эле оңой акча таап алайын деген шылуундар болсо керек деп ойлоп жатам. Ичпей-жебей 5 жыл чогулткан акчабызга алынган дөөтүнү тааныбаган эле бирөөгө берип коюу кыйын экен.
3 балабызды жер каратпайлы деп эл катары жашап келатсак, бирөөгө жамандык кылбасак же бирөөдөн пара албасак деп жаныбыз күйүп отурат.

Редакцияга келген эженин суранычы менен каармандардын аттары өзгөртүлдү.
Материал жарыкка чыгарда жок издегендер менен байланыштык. Алар машинаны милиция кызматкерлеринин жардамы менен Көл аймагынан тапкандарын айтышты. Тулпарын айдап келгени барганда анча-мынча тетиктери жок болуп чыккан экен. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
23.01.2011. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ujas, kriminal biyakta kalsin.
24.01.2011. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ММдаа заманын эшек араба туулдун калдын балээге...
сактанганды кудай сактайт..сак болуш керек
24.01.2011. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ar bir kunookor jazasin alat oshol boidon kalbait
24.01.2011. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озу сактасын! Ушундай да болобу!
24.01.2011. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы жакшы озу аман калганын жанагы каракчылар жаман кылып жиберсе 3 баланын кийинки жашоосу эмне болот эле Кудай озу билет...
25.01.2011. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уурулук кылгандарды колдорун кесиш керек!!!!
26.01.2011. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Insanga Allah amalyna i kylgan ishine karap ar kanday baleelerdi jonotup turat, eger mal mulku bolso al balee mal mulkuno tiet,a eger jok bolso oshol insandyn ozuno tiet! Oshonduktan tuugandar ZEKETTI oz ubagynda berip Allahtyn aytkanunday jashasak bizge mynday synoo kelse da biz shugur kylabyz! A UURULAR oz jazasyn albette alat bul duinodo bolboso da Akyrette! Sozumdun akyrynda aytmakchymyn bul da bolso bizge sabak Amanattyn baaryn bir gana Allah saktayt! ar bir jamandyktyn artynan jakshylykbar
26.01.2011. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жестко, строго колу бутун кесиш керек!
29.01.2011. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайда тартипсиздик болобу, кандай чоң болгон балдар болду экен, КРнын тартиби да тартип коргоочулар да бошоң да, тың, мыкты тартип болсо андай болмок эмес
23.07.2011. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allaga shygyr,okup bytkycho shashtym,ozu aman kalyptyr,ushunusuna shygyr desin...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо