Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ГАНТЕЛЬ КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?

№1072 23-29-июнь, 2023-ж.

Спорт менен “дос” ар бир адамдын гантель тууралуу түшүнүгү бар. Спорт залга барсаңыз, түрдүү көлөмдөгү, ар кайсы салмактагы гантелдерди табасыз. Бул спорттук жабдык алгач темирден эмес, таштан жасалганын билчү белеңиз?

Греция

Байыркы Грецияда жоокерлер күчтүү болуш үчүн түрдүү оордуктагы буюмдарды көтөрүшкөн. Ал буюмдардын бири таштан жасалып, “халтер” же болбосо “гальтерес” деп аталчу. Демек, азыркы заманбап гантелдердин башаты гректерге барып такалат. Убакыт өткөн сайын гантелдердин формасы, салмагы өзгөрүүгө ээ болгон. Бирок көпчүлүгү жарым ай формасында, кол менен кармаганга ылайык тешиги боло турган. Халтерлерди алгач таштан, андан кийин жыгач, момдон да жасап көрүшкөн. Салмагын оорлотуу үчүн коргошун кошо башташкан. Гректер бул жабдыкты алыс аралыкка секирүүчү сынактарда көп колдонушчу. Оор салмактагы халтерлерди кармап, күүлөнүп туруп узун аралыкка секиришет эле. Бара-бара эки халтерди бириктирген кармагычтар пайда болуп, машыгууга ыңгайлуу болуп калган. Жоокерлер эле эмес, өзүнүн саламаттыгына, келбетине көңүл бурган жөнөкөй адамдар, айымдар да колдоно башташкан. Гректердин халтерлерин римдиктер алып, андан кийин башкаларга да тарап отуруп, бул жабдык азыр да актуалдуулугун жоготпой келет.

Индия

Гректердин гальтереси Индияга жеткенде формасын өзгөртүп жиберген. Индустар азыркы замандагы жыгачтан жасалган битага окшош халтер жасашып, ага “нал” аталышын беришкен. Налдын салмагы 1,5-4,5 килограммды түзөт эле. Андыктан аны гимнастикада, оор атлетикада да колдонуу ыңгайлуу болчу. Ал эми азыркы заманбап формадагы гантелдер Англиядан тараган.

Германия

Гантелдин тарыхы гректерге барып такалганы менен, азыр коомдо белгилүү аталышы немис тилинен тараган. “Hantel” – гантель, гиря деген маанини берет. Ал эми штанга термини гантель чыккандан жүз жылдан кийин гана пайда болгон.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо