Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АРЫКТАГАНГА ЖАРДАМ БЕРЧҮ АДАТТАР

№1073 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.

Күн

Чү дегенде эле эртең менен турганда терезе парданы ачып, бөлмөгө күн нурун киргизиңиз. Жарык нур өзү менен кошо адамдын организмине оң таасир берүүчү энергияны алып келет дешет психологдор. Америкалык Northwestern университетинин окумуштуулары таңкы күн нурунда 20-30 мүнөт турса адамдын организминде зат алмашуу жакшырарын изилдеп чыгышкан. Зат алмашуу салмак кошуу же арыктоого түздөн-түз таасир этерин унутпаңыз да, күнүгө эртең менен күн менен жылмайып саламдашканды адат кылыңыз.

Көнүгүү

Эртең мененки тамактанууга чейинки жасалган көнүгүүлөр арыктагысы келген адамдарга мыкты колдоо көрсөтөт. 5 мүнөт болобу, же 10-20 мүнөтпү денени жибитип, түрдүү көнүгүүлөрдү жасаганды адатка айлантуу керек. Анткени күндүн башка убактысында залга барып, 1 саат тер төгүп машыкканда кетирген калорияларды таң эрте жасаган көнүгүүлөр басып өтөт. Андыктан күн менен саламдашып, оң энергия алган соң 2-кадам катары тамактанбай туруп көнүгүү жасаганды күн тартибине киргизебиз.

Протеин

Арыктагысы келген адамдар таңкы тамактанууда сүт азыктарына караганда белоктуу, протеинге бай азыктарды тандашы керек. Мисалы, жумурткадан омлет жеңиз. Протеиндүү азыктар адамды көп убакытка чейин ток кармайт.

Медитация

Тамактанып болгон соң 5 эле мүнөт убактыңызды медитацияга арнаңыз. Тынч жерде отуруп, жашооңузга, өзүңүзгө ыраазы экениңизди ойлонуңуз. Ойлоруңузду негативден тазалаңыз, жан дүйнөңүздү тынчтандырыңыз. Жаңыдан башталган күнүңүз ийгиликтүү өтсүн деп тилеңиз. Өзүңүз менен сүйлөшүп бүткөн соң анан күнүмдүк тиричиликке аралаша берсеңиз болот.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо