Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бактияр Токторов: «МАШИНАНЫ АЛМАШТЫРСА БОЛОТ, БИРОК АЯЛДЫ ЭМЕС»

№429 21-27-январь, 2011-жыл.

Рулдагы жылдыз

“Тойота Карина Ешка, майды аз жешка” деп тамашалай сүйлөгөн легендарлуу “Биз” тобунун ырчысы Бактияр Токторов бүгүн рулдагы жашоосу жөнүндө маек куруп берди. Учурда ал жетинчи машинасы Е классындагы Тойота Карина үлгүсүндөгү тулпарын минип жүрөт. Алгачкы Жигулисин 24 жашында алыптыр...

– Бактияр байке, алгачкы жолу рулга отурган күнүңүз эсиңиздеби?
– Э-э-й, ал күндөр карып, артта калды. Анда 5-класста окучумун. Алим агам экөөбүз тамекиге иштеп, мотоцикл сатып алганбыз. Аны Лейлектин көчөсүн чаңытып айдап жүргөн күндөр азыр деле көз алдымда.
– Тойота Карина Ешкаңыз эмнеси менен жагат?
– Бул япондор чыгарган машина. Алардын ийкемдүүлүгү ушунчалык күчтүү, мындай сапаты машина курууга да өтүп кеткендей туюлат. Анан да жумшак келет, бекем, чыдамкай. Бир жери үзүлүп калса деле жүрө берет.
– Алмаштырбайсызбы?
– Каражат болсо, албетте, алмаштырсам дейм. Бирок муну машинам укпасын. Мындайды укканда таарынып, мага тултуңдап “кыялын” көрсөтөт.
– “Таарынат, тултуңдайт” дейсизби? Эмне, жандуудай мамиле жасайсызбы?
– Ооба, муну темир дегенибиз менен, жаны бар. Жүрөгү мотор, көзү фаралар дегендей. Ал тууралуу ичинде отуруп “алмаштырам” дегендей сөздөр болуп калса таарынып калат. Эртеси тултуңдап бузулуп, иштебей коёт. Бул мүнөзүн билип, эч жаман сөз сүйлөбөйм. Тескерисинче, эркелетем.
– Кантип эркелетесиз?
– Көбүнчө айланайыным дейм. Бул сөзүм менен келинчегимди да эркелетем. Эгер ал угуп калса, “неге мага айткан сөзүңүздү машинага да айтасыз?” деп кызганып күлүп калат.
– “Мырзалар айымдарга караганда машинасын артык көрөт” деген түшүнүк бар, буга сиздин оюңуз кандай?
– (Күлүп) Негизи, унаа менен айым бири-бирин толуктап турат. Экөө тең жашоодо керек. Айырмасы – машинаны алмаштырса болот, бирок аялды эмес. Жаңы машина алса болот, ал эми жаңы келинчек алууга болбойт деген сөз.
– Машинанын түсүнө көңүл бурасызбы?
– Негизи, ак жолтой болсун деп дайым ак машина тандачумун. “Түсүм кара болгону менин, ниетим, тишим да ак” деп тамашалашат го. Анын сыңарындай машинанын түсү ак болбосо да, ниети ак экенин бул күңүрт жашыл түстөгү унаам далилдеп өттү. Мени ушуга чейин жамандыкка алып барып, ишеничтен чыккан жок, тфү, тфү, тфү...
– Бирөөгө машина айдоону үйрөттүңүз беле?
– Мурун сеп этип алганда “Биз” тобундагы жигиттерге “отур, айда, үйрөн!” деп көп айтып калчумун. Кызуулуктун деми менен топтогу көп жигиттерге машина айдаганды үйрөттүм.
– Сиз жогорку ылдамдыкты сүйүүчүлөрдүн катарындасызбы же?..
– Убагында өрт элем. Катуу ылдамдыкта айдап баратып да шоктугумду койбой, жолдогуларга тийишип дегендей. Жаш өтүп, андай алоолонгон сезим да күчүн жоготуп бара жаткандай. Азыр болсо жаш жигиттер “чалдардай айдайсыз да, катуураак айдабайсызбы” деп калышат. Мен акылыма келип, кай жерден эмне кылышты билип калган курагым. Андыктан азыр шашпай айдагандардын катарына кошом өзүмдү.
– Эң катуу айдаган ылдамды­гыңыз?
– Саатына 210-220 чакырым ылдамдыкка чейин жеткем. Көлгө бара жатканда, Кеминден өткөндөн кийинки кең жолдо айдагам.
– Кырсыкка кабылган учур болгон жок беле?
– Болгон. Рулдагы жашоомдо 4 жолу жол кырсыгына кабылып, аман калгам. Эң чоңу Талас-Бишкек жолунда болду эле. Бир Жараткан сактаган.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg


"Машинаны алмаштырса болот, бирок аялды эмес"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(21)
21.01.2011. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул байкебиздин такыр соз байлыгы жок турбайбы
21.01.2011. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жонокой адамда
22.01.2011. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айылды кармаган бир хулиган балдар болот го...ошолордой болуп суйлоптур...анча мынча искусствонун адамы болгондон кийин суйлоо маданиятын билиш керек го...
22.01.2011. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cosmopolit emne ИНТЕРВЬЮ berip jatam dep ele bolboyt degen sozdu bovoyt desh kerek bele?!Emi bizge adamdardy synatyp ele koiso chirkin!Synap kirebiz ozubuz menen ishibiz jok.
SUPER.KG видео
22.01.2011. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул видеосу да жок го, кана???????????? Эмне Москвалык Кыргыздар үчүн жабыкбы же??? Админ карап-чукулап койчу бай болгур!!! :))
22.01.2011. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адам озун ким экенин, мурунку жана азыркы жашоосун ойлоп,эстеп журуш керек.
22.01.2011. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койгулачы эми туугандар look айтмакчы бизди сынатып эле койсо. жапжакшынакай эле суйлогон. Жанагы "машинам укпасын" дегенине толук кошулам. Аны уккан машина бузулуп онор корсотсо эчтеке эмес, кырсыкка да учурап калышын ыктымал. мен да машинама ошондой мамиле кылам. машиненди саткын келсе коп суйлобой дароо базарга алпарып коюшун керек. а эгер машинамды сатыш керек эле алмаштырыш керек эле деп журо берсен чын эле машинан капа болуп бир балээге учурап калышын мумкун.
SUPER.KG видео
23.01.2011. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emne saga ele korunboi jataby (ozun kichine chukulap alsan)
SUPER.KG видео
23.01.2011. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу колдонуучулар, бул катачылыктын устундо иштеп жатабыз. Тез арада ондогонго аракет кылабыз. Сабыр кылып турунуздар! Рахмат!
23.01.2011. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super Info emnege chet zherde(misaly,Germanjada) korunboj zhatat?Men video emes ,surottordu da koro albaj zhatam! :(
24.01.2011. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
обьем 1.6 болсо...катуу деле айдабайт го..молодца...негизи тойота маркасы жакшы...
SUPER.KG видео
25.01.2011. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahmat mende daje surotu korunboi jatat ondop koisonor jakshy bolmok
27.01.2011. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бахтияр байке жакшы ырдайт мага жагат ырлары. Эмнеге ырдабай калды экен???
27.01.2011. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага дагы суроттор корунбой атат. Москвадан.
27.01.2011. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adam kanday bolso owondoy suylow kerek, molodsa ozu kanday bolso owondoy suyloptur (jonokoy)
SUPER.KG видео
28.01.2011. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne dep suylop koygon aylanayin, suyloyt dese ele suyloy beriptir da. Mashinasi ukmush dele mashina emes eken emne ancha maktagan, maktasa dagi chegi menen maktansa bolmok eken. Kichine ichip GAIge karmalip kalgam degeni jakshi eken. Mashinasin ushuncha jakshi korot eken.:-)
29.01.2011. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкытяр байке машинаңыздын дөкгөлөгүнөн шамал өтүп турсун, ак жол сизге! биз тобунун ырларын аябай жактырам.
ал эми бир канчалар Бактыяр байкени аябай сындапсыздар, ада ар күнү эле сөзгө же башкага чечен болуп жүрө бербейт, ар күнү ар кандай болуп калат, түшүнүш керек да.
SUPER.KG видео
30.01.2011. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4yn ele emne dep suilogon?.. doorugon go.. birin4i jolu mawina korgondoi ele maktaniptir go. buga karaganda Iliyaz Andaw sonun suilogon.
SUPER.KG видео
31.01.2011. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынч эле болуңуз Бактияр "ака"!
SUPER.KG видео
25.02.2011. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salamatta bolunuz Baktiiar aga Maga da Irlariniz jagat
SUPER.KG видео
23.08.2011. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мактанчаак экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо