Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДААНЫШМАНДАРДЫН ТААСИРДҮҮ СӨЗДӨРҮНӨН...

№1073 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.

“Бирөө өзүнүн акылдуулугун көрсөткөнгө аракет кылган процесске күбө болуу убакыттын текке кеткенинен кабар берет. Айрыкча анын акылы жок болсо...” Эрих Мария Ремарк

“Акылдуу болгуң келсе – туура суроо бергенди, кунт коюп укканды, акыл калчап жооп бергенди жана айтарга сөзүң жок болсо убагында унчукпай калууну үйрөнүү керек”. Иоганн Лафатер

“Ооз – акылдын дарбазасы. Дарбазаны кечке эле ача берсең, акыл чыгып кетет. Элестетүү – акылдын буту. Бут жаман жолго түшпөшү үчүн туура кыялданып, туура кадам таштоо керек”.
Хун Цзычен

“Көп адамдар сырткы келбетине нааразы, ал эми мээсине эч ким нааразы эмес”. Фаина Раневская

“Амбициясы жок акыл – канаты жок куш сыяктуу”. Сальвадор Дали

“Акыл алган нерседен, жүрөк берген нерседен байыйт”. Виктор Гюго

"Акылдуу жүз - акылдуулуктун белгиси эмес". Барон Мюнхаузен

“Акылдуу адам душманынан да көп нерсени үйрөнө алат”. Аристотель

“Акыл – бул азыктандыруучу нан, тамаша болсо – табитти ачуучу татымал”. Л.Берн

“Ар бир адамдын башына акылсыз ойлор келет, аны акылдуу адамдар гана айтпай, билдирбей калышат”. В.Буш

“Акыл жетишпеген жерде – баары жетишпейт”. Д. Галифакс

“Акылдуулар ойлорунун туура же туура эместигин ойлонгончо, акылсыздар өз оюн жар салганга жетишет”. Г. Гейне

“Акылдуу адамдар – эң мыкты энциклопедиялар”. И.Гёте

“Ашказан өзүнө жакпаган тамактарды чыгарып салган сыяктуу, акыл да коомдо калыптанган кээ бир көз караштарга каршы чыгат”. У. Гэзлитт

“Адамдын акылында бардыгын ача турган үч ачкыч бар: сан, тамга, нота. Бил, ойлон, кыялдан. Бул үч ачкыч жашоодогу бардык эшиктерди ача алат”. В.Гюго


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо