Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Аман Байсеитов, тиктокер: “АТА-ЭНЕМЕ АКЧА БЕРСЕМ, БИРӨӨНҮ ТОНОДУҢБУ ДЕШКЕН”

№1073 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.

Маектешим Инстаграмда 569 миң, Тиктокто 924 миң катталуучусу бар интернет жылдызы Аман Байсеитов. Каарманым өзү контент жасап тим болбой, ошол эле социалдык тармактардагы таанымал достору менен биргеликте Тикток аркылуу акча тапкысы келгендерге контент жасаганды, катталуучу топтогонду үйрөтүп да жүрөт. Өзү, видеолору, ага карата жакындарынын мамилеси тууралуу сүйлөштүк.

– Аман, салам. Алгач сиз менен таанышып алалы...

– Саламатсыздарбы? Мен Аман Байсеитов, 2003-жылы 6-августта Бишкек шаарында туулгам. Балачагым Жал кичирайонунда өттү. Алыкул Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназияда окугам. Бул кыргыз мектеп болчу. Мектепте "4" жана "5" деген баага окудум, ЖРТдан 179 балл алгам. Учурда Кыргыз Улуттук университетинде юрист кесиби боюнча билим алып жатам

- Тикток чөйрөсүнө кантип аралашып калдыңыз?

- Карантин убагында достор менен тамаша катары видео тартып чыгарып жүргөнбүз. Бирок кийин досторум уят деп тартпай коюшту. Менин болсо видео тартып элдин көңүлүн алууга болгон умтулуум күчөдү. Эң алгачкы тараган видеом 7,5 миллион көрүү топтогон. Ал видео Европа өлкөлөрүнө чейин жетип, катталуучуларымдын саны 2 күндө 100 миңге жетип калган. Бул видеом пранк болчу, көчөдө өтүп бара жаткандарды сүрөткө тартымыш болуп өзүмдү видеого тартып жаткан видео болчу. Оператор алыс жакта туруп, мени жана көчөдө бараткан адамдардын реакциясын тарткан.

- Алгачкы жолу жарнамадан тапкан акчаңыз тууралуу айтсаңыз...

- Эң алгач жарнамалык ролик тартканымда ичимде башкача сезимдер болгон. Бир теннис клубунун ачылышын тартып баракчама жүктөп бергем, алар мага 6000 сом беришкен. Ал акчанын 1000 сомун өзүмө алып калып, калганын ата- энеме бергем. Ата-энем “бирөөнү тонодуңбу?” дешкен (күлүп). Эртеден кечке көчөдө жүрсөм, расмий түрдө бир жерде иштебей туруп аларга акча берсем, жаман ойлошту окшойт, таң калышкан. Азыр катталуучуларым көбөйдү, байма-бай жарнама тартып акча таап жатабыз. Муну менен чектелбей, Тикток аркылуу акча тапкысы келгендерге видеону кантип туура тартуу керек, баракчаны кантип эффективдүү иштетүү керек экенин үйрөтүп жатабыз.

- Азыр сиздин ишиңизди ата-энеңиз кандай кабыл алып калышты?

- Башында үйгө пайда алып келбеген үчүн көп деле маани беришчү эмес, “чоңойсоң боло” дегендей карашчу. Анан катталуучуларым, көчөдөн мени менен сүрөткө түшкөндөр көбөйө баштады. Ата-энем менен чогуу жүргөндө да көптөр “сүрөткө түшүп алсак болобу?” деп токтотушат. Муну көргөндө ата-энем кубанып, жакшы кабыл алып калышкан. Анан да тарткан видеолорумду аларга туугандар жөнөтүп, мактоо сөздөрүн айтып калышат. Ушундан кийин алар мени колдоп, жакшы видеолорду тартканга мага мотивация бере башташты.

Перизат Музуратбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо