Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БИР БҮРКҮМ. КЫРГЫЗ ПАСПОРТУ 67-ОРУНДА...

№1074 7-13-июль, 2023-ж.

  • 4-июлда Индияда ШКУнун кезектеги жыйыны өтүп, анда Иран уюмга толук кандуу мүчө болуп кабыл алынды.
  • Бишкекте "Ала-Тоо" аянты, УКМКнын имараты сыяктуу бир катар жерлерде митинг өткөрүүгө болбойт деген чектөө ушул жылдын 1-октябрына чейин узартылды.
  • Кыргыз паспорту дүйнөдөгү күчтүү паспорттордун рейтингинде 67-орунду ээлегени жарыяланды.
  • Литвадан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө унаа тетиктерин ташып келе жаткандар кармалышты.
  • Өлкөнүн ЖОЖдоруна абитуриенттерди кабыл алуу сынактары 17-июлда башталат.
  • Депутат Айсара Абдибаева өлкө ичинде жарандарды сом менен гана соода кылууга милдеттендирчү мыйзам долбоорун демилгеледи.
  • Ташкент–Ысык-Көл–Ташкент багыты боюнча аба каттамы ачылышы мүмкүн.
  • 1 айда Бажы кызматынан мамлекеттик казынага 9,8 миллиард сом түштү деп маалымдалды.
  • Оңдоп-түзөө ишине байланыштуу Оштогу “Сулайман-Тоо” музейи 5-июлдан 28-августка чейин жабык болот.
  • Ысык-Көл облусунун жетекчиси Ильяз Иманбетовго президенттин тапшырмасын татыктуу аткарбады деп сөгүш жарыяланды.
  • “Карышкыр” каймана аты менен белгилүү Мурсалым Умырзаков бир нече берене боюнча күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылды.
  • ИИМ: Жыл башынан бери өлкөдө 60тан ашык бала сууга чөгүп каза болду.
  • 26-июлда Чолпон-Атада Кыргыз-Азербайжан бизнес форуму өтөт.
  • “Кадастр” мекемесинин Токмок-Чүй филиалынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалышты.
  • Ош–Жидда багыты боюнча аба каттамын ачуу пландалып жатканы кабарланды.
  • Мукамбет Касымалиев Соттор кеңешинин тартип комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо