Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ГИННЕСС КИТЕБИНЕ КИРГЕН КЫЗЫКТУУ РЕКОРДДОР

№1074 7-13-июль, 2023-ж.

1,5 тонна маргаринден жасалган айкел

Индияда Девврат Ананд Жетегонкар аттуу ашпоз 2017-жылы 1,5 тонна маргаринден айкел жасап Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Ашпоз индустар байыртан сыйынып келген үч Кудайдын башы бириктирилген атактуу Тримурти айкелин жасаган. Маргаринден мындай шедеврди жасоого 10 күн кеткен. Айкелдин салмагы белгилүү болгондой 1,5 тонна, ал эми бийиктиги 185 сантиметрди түзгөн.

Карда ким көп убакыт отура алат?

Негизи, карда отуруу идеясы бир чети күлкүлүү, бир чети коркунучтуу сезилет. Акыл-эси ордунда адам кантип ден соолугун садага чаап карда отурсун дейсиң. Бирок рекордчу аталыш үчүн бардык кадамга барган адамдар бар. Мисалы, кытайлык Цзинь Сунхао мындай “эрдикти” коркпой жасаган. 2011-жылы Цзинь Сунхао кийими жок карга көмүлүп, 46 мүнөт 7 секунд туруп Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Бул рекордду кайталабай эле койгула дегенден башка эч нерсе дей албайбыз.

3 мүнөттө 12 гамбургер

Сиз бир гамбургерди канча убакытта жейсиз? 12 гамбургердичи? Деги эле бир убакта адам 12 гамбургерди кантип жейт деген суроо туулат. Бирок япониялык Такеру Кобаяши 3 мүнөттө 12 гамбургер жеп өз атын рекорддор китебине жазып койгон. Такеру Кобаяши хот-дог жеген боюнча да чемпион. Анын рекорду 3 мүнөттө – 6 хот-док.

Эң узун буттуу адам

Эң узун буттуу адам деген категорияда жеңүүчү – америкалык Маки Каррин. 18 жаштагы кыздын бутунун узундугу 135 сантиметр. Маки Карринге чейин эң узун бут орусиялык Екатерина Лисинага таандык болчу. Анын бутунун узундугу 134 сантиметр. 1 сантиметр ашыкча узундук менен америкалык кыз рекордчу аталып, орусиялык кызды экинчи орунга жылдырып койду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо