Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КУРКУМА

№1075 14-20-июль, 2023-ж.

Тарыхы

Куркума – имбирь түркүмүнө кирген көп жылдык өсүмдүк. Анын тамырынан тамак-ашка кошулчу татымалдар, дары-дармек, боёк жасалат. Бул өсүмдүктүн мекени катары татымалдардын “падышасы” аталган Индия өлкөсү эсептелет. Дал ушул мамлекетте көп колдонулган карри татымалы куркумадан жасалат.

Курамы

Куркуманын курамында эфир майлары, куркумин, фосфор, темир, йод, кальций, С, К жана В тобундагы витаминдер бар.

Айымдарга пайдасы

Окумуштуулар куркуманы сезгенүүлөргө каршы мыкты каражат деп эсептешет. Андан сырткары мыкты антиоксидант, витаминдерге бай болгондуктан иммунитетти көтөрүүгө салым кошот. Айымдарга өзгөчө сулуулук жаатында жардамчы. Куркума порошогунан жасалган боткону бетке сүйкөсө, тери азыктанып, нымданып, ийкемдүүлүгү жогорулайт.

Кимдерге болбойт: кош бойлуу жана бала эмизген айымдарга, ашказан-ичеги оорусу барларга, кант диабетине каршы дары ичип жаткандарга сунушталбайт.

Мырзаларга пайдасы

Күнүнө бир чымчым куркуманы тамакка кошуп ичкен эркектин репродуктивдүү функциясы жогору болот дешет окумуштуулар. Простатит жана башка урологиялык оорулардын алдын алууга жардам берет. Дамамат бул татымалды колдонгон адамдардын булчуңдары бекем, ийкемдүү болот. Негизгиси, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууда мыкты жардамчы.

Кимдерге болбойт: инсульт, инфарктка кабылган адамдарга, кан басымы жогоруларга, уйку бези ооругандарга, боор-бөйрөк ооруларында, гастрит, ашказан жарасы, глаукома дарттары барларга сунушталбайт.

Чын эле арыктатабы?

Куркуманы арыктатуучу каражаттардын катарына кошушат. Бирок аны ашыкча же туура эмес колдонуу организмге терс таасирин тийгизет. Курамындагы куркумин затынын биологиялык сиңимдүүлүгү начар. Куркуманы кара мурч же болбосо зайтун майы менен кошо колдонуу зарыл. Анан да ачкарын ичсеңиз, ашказан ооруларына алып келиши мүмкүн. Күнүнө 1 чай кашыктан ашык колдонбоо керек. Нутрицологдор арыктайм деген адамдарга төмөндөгүдөй рецепт сунушташат: 400 грамм жылуу сууга 1 чай кашык куркума порошогун, 0,5 чай кашык кара мурч, 1 чай кашык лимон ширесин, каалоого жараша 1 чай кашык таза бал кошуп аралаштырасыз да, демдеп коёсуз. Суусундукту бир күн бою аз-аздан ичип туруңуз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо