Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТАШ-КӨМҮР – КЫЗЫЛ-ЖАР ЖОЛУН АСФАЛЬТТООДО 29 МИЛЛИОН СОМ УУРДАЛГАН

№1075 14-20-июль, 2023-ж.

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр – Кызыл-Жар жолуна асфальт төшөөдө 29 миллион сом уурдалган. Башкы прокуратуранын билдиришинче, төшөлгөн асфальттын калыңдыгы нормадан жука экени аныкталды. “Курулуш нормаларынын талаптарын жана эрежелерин одоно түрдө бузуп, асфальт катмарын тийиштүү тыгыздыкты сактабай төшөшкөн. Жолдун сапатсыз курулганына карабай Транспорт департаментинин жооптуу кызматкерлери аны кабыл алышкан” деп айтылат маалыматта. Жыйынтыгында мамлекетке 29 миллион 104 миң сом зыян келтирилген. Бул ишке Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мекемесинин №38-жол-эксплуатациялоо ишканасынын кызматкерлери жооптуу.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси – Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 273-беренеси – Сапаты начар курулуш боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү башталды. Сапатсыз курулуш үчүн күнөөлүү деп табылгандар мыйзамга ылайык, 50 миң сом айып төлөөдөн тарта 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал эми кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга 30 миң сом айып пул төлөөдөн тарта 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Аталган жол тилкесине 2022-жылы асфальт төшөлүп, 1 жылга жетпей талкалана баштаганы нааразычылык жараткан эле.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо