№1075 14-20-июль, 2023-ж.
Бир мандаттуу Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайрадан шайлоо дайындалды. Шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрында өтөт. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы 12-июлдагы жыйынында кабыл алды. Бул кайра шайлоо болгондуктан талапкер жылдыруу, каттоо жана үгүт жүргүзүү үчүн каралган убакыттын үчтөн бири кыскартылат. Парламентте бошогон орунга аталган округдан депутат шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтүп, жыйынтыгында шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Буга талапкер Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алууга шектелиши себеп болгон.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |