Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АДАМ БАРУУГА ТЫЮУ САЛЫНГАН ЖЕРЛЕР

№1076 21-27-июль, 2023-ж.

Жер шарында адам буту баспаган жер барбы-жокпу билбейм. Бирок барууга тыюу салынган аймактар бар.

Ласко үңкүрү (Франция)

Ласко – Франциядагы акыркы палеолит доорунун эң маанилүү жерлеринин бири болуп саналат. Үңкүрдө эң эле аз дегенде 17 300 жыл мурунку жашоонун сүрөттөрү чагылдырылган дешет археологдор. 1968-жылы Франция бийлиги Лаского археологдордон башка адам кирбесин деген чечим чыгарган. Антпесе көптөгөн туристтердин агымы тарыхый сүрөттөрдүн жок болушуна алып келмек.

Түндүк Сентинел аралы (Индия)

Аралга эмнеге барууга болбойт? Адам баласы жашоого ылайыксыз жерби? Жок, Сентинелде жашоого керектүүнүн баары эле бар. Бирок бул аралдын жергиликтүү жашоочулары чоочундарды аймагына киргизбейт. Эч кандай сүйлөшүүлөргө барышпайт, аралга жакындагандарга кол салып, агрессия менен тосуп алышат. Аборигендердин аралы коомчулукка 50 миң жыл мурун белгилүү болгон. Ошондон бери жергиликтүүлөр Индия мамлекетинин коргоосунда жашашат.

Кеймада-Гранди (Бразилия)

Бразилияда жайгашкан бул аймакты Жыландар аралы деп да коюшат. Анткени аралда дүйнөдөгү эң уулуу делген миңдеген жыландар жашайт. Мисалы, арал ботропс жыланы адамды чагып алса саналуу секундарда ткандардын некрозу башталат, курч бөйрөк жетишсиздиги, ичтен кан агуу, мээге кан куюлуу жана башка коркунучтуу кесепеттер катталып, көп учурда адамдын өлүмүнө алып келет. Бул арал дүйнөдөгү эң коркунучтуу жерлердин тизмесинде. Аралга жакын барууга Бразилиянын мыйзамдары менен тыюу салынган. Адашкандар келип албасы үчүн атайын маяк орнотулган. Маякты көргөн соң бул коркунучтуу жерден артты карабай качыш керек.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо