Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КИШМИШ – ЖҮЗҮМДҮН ШИРИНИ

№1077 28-июль-3-август, 2023-ж.

Жүзүмдүн бир түрү болгон кишмиштин башкалардан айырмасы – ичинде данегинин жоктугунда. Бул жегенге тоскоолдук кылбайт, ошондой эле кабыгы калың болуп, эти нык болгонго мөмөсү кыртылдап жегенге жагымдуу. Бул жүзүмдүн дагы кандай айырмачылыгы, пайдасы бар?

Ак жүзүмдөн артыкчылыгы

• Эрте бышат

• Калориялуулугу жогору, анткени анда май жок болгону менен, углевод көп

• Антиоксидантка бай

• Кургаткандан кийин да пайдалуу элементтердин 80 пайызын сактап калат

• Өтө таттуу, курамында кант көп

Кимдер абайлашы керек?

Кант диабети, аллергиясы бар, ашказан жарасы менен ооруп жаткан адамдар жана ашыкча салмактан арылууну каалагандар.

Пайдалуу жактары

Жегенде эле ичтейди ачат, ошондуктан токтобой жей беришиңиз мүмкүн. Бир күндө 300 граммга чейин гана 2-3кө бөлүп жеш сунушталат.

Азыктын эң негизги үч пайдасы:

1. Кишмиште калий менен магний көп болгондуктан кан айланууну жакшыртат, натыйжада кан басымы жогору же төмөн болгондо, жүрөк ооруларында жардамчы.

2. С, Е, А, В тобундагы витаминдер болсо теринин, чачтын абалын жакшыртууга көмөктөшүп, бырыштарды алдын алууда, чачтын түзүлүшүн жакшыртууда көмөктөшөт.

3. Ашказан-ичегинин кычкылдуулугун калыпка келтирүүдө, ичеги, боор, бөйрөктү тазалоодо натыйжалуу.

Кишмишти колдонуу

Кишмиштин ак, кызыл, кара түрлөрү шарап жасоодо кеңири колдонулат. Ал эми ашканада башка жемиштерге кошуп компот жаап, кыям, таттуу токочторду жасоодо колдонушат.

Кызыктуу фактылар

Кишмиштин мекени Орто Азия, анын ичинде бизде да өстүрүлөт. Бирок Европада кеңири колдонулуп келет.

Гиппократ жүзүмдү пайдалуулугу жагынан эненин сүтүнө тете деп белгилеген.

Эң байыркы мөмөлөрдүн бири.

Башка кээ бир мөмөлөр сымал ичиндеги этине караганда, кабыгында пайдалуу заттар көп.

Кыйыштыруу жолу менен кишмиштин бир нече түрү пайда болуп келет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо