Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МАЙ СЫЗГЫРГАНДЫ БИЛЕСИЗБИ?

№1079 11-17-август, 1078-ж.

Каймак майды сызгыруу жолу менен алынган сары май эзелки кыргыз азыктарынан. Аны жай мезгилинен күзгө чейин чогултуп карынга же сыр идишке сактап, узун кыштан жайга чейин азык кылышкан. Дасторкондун көркү сары майсыз чыккан эмес. Азыр да мындай азыктарыбыз бааланып, көпчүлүк маргарин, заводдун каймак майларынын ордун сары майга алмаштырышууда. Сары май калориясы жогору болгону менен, организмге жеңил сиңет.

Тартылган каймактар таза чогултулат.Чогултуп жаткан идиштин оозун жаап муздак жерде сактоо дурус. Каймак бузулса сары майдын даамы, түсү бузулуп, ойдогудай болбойт.

Майды сыр идишке сызгырганга болбойт, түбүнө тартып күйөт.

Чогултуп алган каймакты улам муздак сууга колду малып алып жакшылап жууруп суусунан арылтып, тоголоктоп алуу керек. Эгер колго жабыша берсе бир аз муздак суу кошуп жиберип жууруйт. Жуурулган каймак бат сызгырылат. Каймакты казанга салып кайнатабыз. Отту үнөмдөп жагуу зарыл. Каймак быжылдап кайнап чыкканда үстүнө бир аз ун себелеп жиберсе май бат бөлүнөт.

Каймак сызгырууда жуурубай, суусун чыгарбай сызгырса чөбөгөсү салыштырмалуу көбүрөөк түшөт.

Чөбөгөсү бир аз саргарып келе жатканда эле чыгаруу керек. Болбосо майдын табы менен чөбөгө дагы күйүп, май күрөң тартып калат.

3-4 кат дакиден сүзүп, чөбөгөсү менен майын өзүнчө бөлүп алабыз.

Отко сызгырылган сары май менен электр плитасына сызгырылган сары майдын даамы айырмаланып турат. Оттуку даамдуу, жегиликтүү, түсү да жакшы чыгат.

3 килограмм каймактан 500 граммдан ашык чөбөгө, 2,8 литр май алынат.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо