Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

73 ЖАШТАГЫ АТА ДҮЙНӨ КЫДЫРУУГА ЖӨӨ ЖӨНӨДҮ

№1079 11-17-август, 1078-ж.

73 жаштагы казакстандык саякатчы Сарсенбай Котырашов 2025-жылга чейин дүйнө жүзүн кыдыруу максатында 2-августта Атыраудан жөнөп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазышты. Аксакал узак сапарга чыгуу алдында маалымат жыйынына катышып, буларга токтолуп өткөн:

– Дүйнө жүзүн кыдыруумдун негизги максаты – дүйнөлүк рекорд коюу менен Гиннесcтин рекорддор китебине катталуу. Расмий маалыматтарды карасам, ушул күнгө чейин 70 жаштан ашкан адам мындай рекорд менен каттала элек экен. Учурда абалым мыкты. Мен катышып жүргөн жөө жүрүш марафондору мага сыноо да, даярдык да болду. Адамдын жашы – бул көрсөткүч эмес. Бул сапарды көтөрө аларымды сезип жатам, ошондуктан өз күчүмө ишенип, ушундай жоопкерчиликтүү кадамга барууну чечтим.

Сарсенбай Котырашов сапарына эң керектүү нерселерди – гигиеналык каражаттарды, кийим-кече, бут кийим жана бир аз тамак-ашты арабасына салып, аны түртүп алып чыккан. Ал күнүнө болжол менен 30-40 чакырым жөө басууга ниеттенип жатат.

Жезказган шаарынын 73 жаштагы бул тургуну былтыр 181 күндө 8 миң чакырым жолду басып, Казакстандын бардык аймактарын басып өткөндөн кийин өз өлкөсүнө таанымал болгон эле.

Алдыдагы жолду каарман Казакстан – Орусия – Грузия – Түркия – Болгария – Сербия – Венгрия – Австрия – Германия – Франция – АКШ – Кытай – Монголия – Орусия – Казакстан багыты менен басып өтүүнү пландады. Эсептөөлөргө ылайык, сапар 2 жылга созулуп, аксакал 75 жашында, 2025-жылдын августунда марага жетет деп болжолдонууда.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо