Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

“БАРСЕЛОНАНЫН” ЛЕГЕНДАЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЕТ

№1080 18-24-август, 2023-ж.

29-августта Жалал-Абад шаарында Испаниянын белгилүү клубу “Барселонанын” академиясы ачылганы турат. Жакында эле ал академиянын курулушу аяктаганы тууралуу, академия кыргызстандык балдарга эле эмес, бүткүл Фергана өрөөнүнүн таланттуу балдарына өз эшигин ачары окуу жайдын социалдык баракчасына жарыяланды. Кыргыз футболунун тарыхындагы мындай маанилүү окуяга президент Садыр Жапаров жана “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта, Роналдиньо, Пуйоль сыяктуу легендарлуу оюнчулары катышары күтүлүп жатат. “Барселона” франшизасын “Jalgroup Asia” компаниясы сатып алып келген. Академия Жалал-Абадда жана Бишкекте ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Мындай академия Борбор Азияда биринчи жолу ачылып жатканын белгилейт компания. Буга чейин клубдун дүйнө жүзү боюнча 28 академиясы бар болчу.

Атактуу футболчу Роналдиньо бул тууралуу видеокайрылуу жасап, “Салам, Кыргызстан!” деп кыргызча учурашты. Ал өз сөзүндө “Барса” эми расмий түрдө Кыргызстанда экенин, клубдун легендалары менен бирге 3 күн чогуу Кыргызстанда болорун белгиледи.

Ошондой эле 30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселонанын” экс-оюнчуларынан түзүлгөн “Барсанын легендалары” жана Азиядагы легендалардан түзүлгөн “Азиянын легендалары” командасынын ортосунда жолдоштук беттеш орун алат. Оюнга кыргызстандык Бахадыр Кочкоров жана өзбекстандык Равшан Ирматов менен Абдухамидулло Расулов калыстык кылышат. Беттешти Кыргыз футбол уюму уюштурууда.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо