ФЁДОР ЕМЕЛЬЯНЕНКО Акыркы император

№430 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл

Спорт жылдызы

Биз бүгүн кеп козгой турган каарман “тирүү легенда” деп аталууга татыктуу. Анын дарегине кандай гана сөздөр айтылбайт! “Планетанын эң “крутой” адамы”, “Путиндин жактырган спортчусу”, “Ван Даммдын досу”, “Акыркы император”. Эрежесиз эр мушташтын күйөрмандары кеп Фёдор Емельяненко тууралуу болуп жатканын баамдашкан чыгар. Анда жеңилбес эренди спорт жылдызы ыкмасына салып, жеңүүгө аракет кылып көрөлү.

ФЁДОР ВЛАДИМИРОВИЧ ЕМЕЛЬЯНЕНКО
Туулган жылы – 1976-жыл, 28-сентябрь
Туулган жери – Рубежное шаары, Луганск облусу (Украина)
Бою – 182 сантиметр
Салмагы – 104 килограмм
Лакап аттары – Акыркы император, Планетанын эң “крутой” адамы
Жетишкендиктери – Оор салмактагылар арасында эрежесиз эр мушташтын аралаш (ММА) түрүнүн Прайд версиясы боюнча Дүйнөнүн 4 жолку, РИНГС версиясы боюнча 2 жолку жана ВАММА версиясы боюнча 3 жолку чемпиону. Уруш түрүндөгү самбо боюнча Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону.
Үй-бүлөлүү. 2 кыздын атасы.
Учурда Орусиянын Белгород облусундагы Старый Оскол шаарында жашайт.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Эки жолу никеге турган. Алгачкы жубайы Оксанадан Мария жана учурдагы аялы Маринадан Василиса деген кызы бар.
  • Жакында орусиялык телеканалдардын бири Фёдор тууралуу телеберүүлөрдүн циклин даярдаган. Анда журналисттер Фёдорду спортчу катары эмес, адам катары ачып берүүгө аракет кылышкан. Анан аягында “Фёдор эч качан жылдыз оорусуна кабылбайт” деген тыянак чыгарышкан.
  • Фёдор Японияда аябай популярдуу. Япониялыктар Емельяненкого тили келбей, аны “мистер Фио­дор” деп аташат.

ЭМНЕСИ МЕНЕН УЛУУ?
2003-жылдан 2010-жылга чейин Фёдор Емельяненко абройлуу спорттук басылмалар тарабынан “Дүйнөнүн мыкты мушкери” деп табылган. Көпчүлүк адистердин пикиринде, Емельяненко эрежесиз эр мушташтын тарыхында мыкты деп аталууга татыктуу. Чындыгында, 7 жыл бою №1-болуп келүү – болуп көрбөгөндөй, кайталангыс жетишкендик. Ошондуктан ал Акыркы император, Планетанын эң “крутой” адамы деп аталып отурбайбы.
Емельяненкодон таяк жегендердин арасында кайсы гана атактуу мушкерлер болгон жок. Рикардо Арона, Ренато Собрал, Антонио Родриго Ногейра, Сэмми Шилт, Марк Колман, Кевин Рэнделман, Мирко Филипович, Марк Хант, Мэтт Линдланд, Тим Сильвия, Андрей Арловский жана башкалар.

ВЕРДУМ, СЕНИБИ, ШАШПА!
Эрежесиз эр мушташта 10 жыл бою жеңилбөө – акылга сыйбас нерсе. Фёдор 2001-жылдын 6-апрелинен тартып 2010-жылдын 26-июнуна чейин 28 беттеште жеңилүү ызасын тарткан эмес. Бирок былтыркы жылдын 26-июну эрежесиз эр мушташтын тарыхында сакталып калат десек жаңылышпайбыз.
Себеби ушул мелдеште Акыркы императорду Ат аталган бразилиялык Фабрицио Вердум жеңе алды. Ошол тарыхый мушташтын тегерегинде ушул күнгө чейин түрдүү кептер айтылып келет. Алардын арасында “Емельяненко атайын жеңилип койду” деген кептер да жок эмес. Кармашта Емельяненко жаш балдарча ката кетирип, кол кайруу ыкмасына түшүп калган. Чынында, кантип эле жеңилбес Фёдор 69 секунд ичинде багынып берди? Эми ал беттештин сырын экөө гана билбесе...
Учурда Емельяненко реваншты көздөп жатса, бразилиялык атаандашынан дайын жок. Вердум “кайра мушташпайм” деген түр көрсөтүп жүрөт.
Ал эми Емельяненко кезектеги беттешин 12-февралда АКШда өткөрмөкчү. Анын атаандашы бразилиялык Антонио Сильва болот. Андыктан, Фёдордун күйөрмандары, чыдай тургула, аз калды демекчибиз.

КЕДЕЙ ҮЙ-БҮЛӨДӨН ЧЫККАН
Александр үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси. Эжеси жана эки иниси бар. 2 жашка чыкканда анын ата-энеси Украинадан Орусияга көчүп келе берген. Атасы Владимир темир ширетүүчү болсо, апасы Ольга кесиптик окуу жайдын окутуучусу эле. Емельяненколордун үй-бүлөсү жарды турмушта, 1 бөлмөлүү батирде жашашкан. Анын спортко болгон кызыгуусу 10 жашка чыкканда пайда болуп, самбо жана дзюдо менен алектене баштаган. Федя бала кезинде теңтуштарынан айырмаланчу деле эмес. Анын мыкты мушкер болуп чыга келишине өжөрлүк менен талыкпай машыгуусу өбөлгө түзгөн.

УКРАИНАДА КЛИЧКОЛОР, ОРУСИЯДА ЕМЕЛЬЯНЕНКОЛОР
Фёдордун Александр жана Иван деген инилери бар. Экөө тең ага жолун жолдоп, эрежесиз эр мушташты тандашкан. Александр кезинде дүйнөнүн мыкты 10 мушкеринин катарына кирсе, 22 жаштагы Ивандын карьерасы эми гана башталып жатат. Александрды агасынан кем калышпаган, келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчу дешчү. Жадакалса ага профессионалдык бокско аралашуу сунушу да түшкөн. Бирок ал бир үй-бүлөдөн бир эле чемпион чыгат дедиби, айтор, чоң жеңиштерге жетише албады.

ВИЗИТТИК КАРТОЧКАСЫ
Фёдор өзгөчө мушташуу стилине ээ. Салмагы оор болгонуна карабастан, күчтүү жана ылдам сокку узата алат. Кикбоксчулар менен мушташтарда далай жолу атаандаштарына буту менен сокку узаткан учурлары да болгон. Ошондой эле Фёдор партерде иштөөнүн техникасын мыкты өздөштүргөн. Ал эми Акыркы императордун визиттик карточкасы болуп анын олимпиадалык токтоолугу эсептелет. Беттеш учурунда кандай гана тышкы таасирлер (дарегине айтылган жаман сөздөр), көп сандаган көрүүчүлөр болбосун, Емельяненко дайыма өзүн токтоо алып жүрөт. Анын бир толкунданганын көрбөйсүң. Жадакалса атаандашына да тик карабайт. Анын мына ушул сапатын жактырып, кумир туткан жаштар көп.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
31.01.2011. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
так держать брат!!!
31.01.2011. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вердумду кайра мушташка чакыр сен женесин баарибир?
01.02.2011. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suiom seni chyndygynda,aiabai jagasyn,MOlodets!!!!
02.02.2011. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кучтуу спортчу сыйлайм,ар бир бойлорун калтырбай кором.
02.02.2011. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
По любому Федор эркек! нам бы таких спортсменов в Кыргызстан, или как Бувайсара Сайтиева!!!
02.02.2011. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Федя брат я всегда с тобой!Порви Вердума!
16.02.2011. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сломался ваш федя!!!Ким в курсе что он тренерует скинхедов!!!вот так вот ваш кумир нацист!!!имейте виду!!!!!!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо