Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨЛКӨДӨ БӨЙРӨК АЛМАШТЫРУУ БОЮНЧА БИРИНЧИ ОПЕРАЦИЯ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖАСАЛДЫ

№1082 1-7-cентябрь, 2023-ж.

Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасында бөйрөк алмаштыруу боюнча биринчи операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу 30-августта президенттик администрациядан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров аталган ооруканага барып, абал менен таанышты. Оорукана жетекчилиги мекемеде ички органдарды трансплантациялоо операциялары толугу менен ишке ашырыла баштаганын, бул үчүн күчтүү медициналык кызматкерлер тартылып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө теңдеши жок заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганын айтышты. Учурда Түркиядан келген 140 медициналык адис иштеп жатканын, алар Кыргызстанда эки-үч жыл иштеп, жергиликтүү дарыгерлерди иш жүзүндө үйрөтүшөт.

Садыр Жапаров эми өлкө жарандарына өтө маанилүү операцияларды жасатуу үчүн чет өлкөгө баруу зарылдыгы жоюлат дейт. Чет мамлекетте 50-60 миң доллар турган операциялар Кыргызстанда 10 миң долларга жасаларын белгиледи. Ошондой эле Түркиядан келген 140 адиске Кыргызстан бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин, алар бардык маселелер боюнча бийликке кайрылса болорун кошумчалады президент.

Кыргызстанда учурда 2600дөй жаран гемодиализ алууда, ар бир бейтаптын ар бир сеансына мамлекет 6,5 миң сомдон төлөйт. Жылына бул процедураны төлөөгө мамлекеттик бюджеттен 2,5 миллиард сомдой акча кетип жатканы айтылды.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо