КАНЫКЕЙ «CУПЕР ЫРЧЫ» ЭКЕНИН ДАЛИЛДЕДИ

№430 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл

Концерттен кийин

“Жаштар, барсыңарбы?”, “Кана, Бишкек, кол чаап колдоп турабыз!” Кайсы концертке барбаңыз, ырчылардын ушундай сөздөрүн сөзсүз угасыз. Ал эми бул концертте адатка айланган мындай сөздөр жаңырган жок. Көрүүчүлөр ар бир номерде сурантпай эле кол чаап, кыйкырык-сүрөөн менен коштоп отурушту. Сахнада болсо кыргыздын арык чырай, өзү айткандай, “жөпжөнөкөй” кызы – Каныкей ырдап жатты.

Мен билгенден акыркы эки-үч жылды алсак, эстрада ырчыларынын арасынан Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алганда Гүлнур Сатылганова, андан соң Мирбек Атабеков жандуу үн менен концерт беришкен. Эми Каныкей.
Каныкейдин концерти башта пландалгандай Улуттук филармонияда эмес, Опера-балет театрында болорун укканымда “аа, филармониядагылар булардын да айласын кетиришкен экен” деп алдым. Анткени “тигини илбе, муну сахнага койбо, алып кирбе” дей берип чарчатышарын жакшы билем да. Декорацияны каалагандай жасай албай, пландарыңды ишке ашыра албай чайналасың, ижара акысын олчойтуп төлөп турсаң дагы.
Айтор, эл менен бирге кызыгуум артып мен да бардым, Каныкейдин концертине. Концерт башталгыча орун жетпей талашып, кажы-кужу болгондордун урушун угуп отурууга аргасыз болдум. А сахнанын көшөгөсү бир саат өтүп кетсе да мелтиреп ачылбайт десең. Акыры күттүргөн кызыбыз да чыга келди. Жок, тагыраак айтканда, асмандан түштү. “Сулуулук сактап калат дүйнөнү деген ыр менен башталган концерт эки сааттан ашык убакка созулду көрүнөт. Ал ортодо ырчы кызыбыз эки-үч ирет кийим которуп, көрүүчүлөрдү эстрададан кыргыздын көөнө ырларына, андан Опера-балет театрынын камералык оркестринин коштоосунда классика дүйнөсүнө, атүгүл дүйнөлүк мегахиттердин дүйнөсүнө да алып барууга жетишти. Анча-мынча мактанып да койгусу келди көрүнөт, “мен бир ырчыны абдан жакшы көрөм, сыйлайм. Бирок өзүм деле андан кем ырдабайм” деп жатып Шакиранын ырын аткарып берди. Чын эле ашса ашкандыр, кем калган жок. Атүгүл украиндердин сыймыгы болгон Руслананын “Жапайы бийлерин” да катыра ырдады. Ошончо ырдын баарын жандуу үн менен аткарды. “Азамат!” деп кол чапкандан башка айла жок.
Ушул концертте отуруп бир нерсе аргасыздан оюма келди. Улуулар “жаш муун бузулду. Кайдагы бир батыштын даңк-дүңк музыкасынан башканы билишпейт, угушпайт. Комузду, Мусаны, Атайды барктабайт” деп эле наалып, бизди уруша беришет. Улуулар “жаштар укпайт” деп айтып жаңылышарын Каныкей жөн гана далилдеп койду. Бул кыз Токтогулдун “Алымканын” созгондо эми эле Шакиранын ырын угуп жыргап отурган жаштар тура калып дүркүрөтүп кол чаап жиберишти. “Ак кептерим”, “Оп майда”, “Күйдүм чокту” да ушунчалык эргүү менен угушту. Ал гана эмес, ыры жок эле чопо чоор, сыбызгы менен аткарылган кыргыз күүлөрүн да алакан кызарта кол чаап коштоп угушту. Канчалык батышка ыктабасын, кыргыз баласы кыргыздын ырын, комуз үнүн баалабай койбойт. Болгону, жаш муундун жүрөгүнө жеткидей жол табуу керек тура!
Каныкейдин кыргызча сүйлөгөнү да кызык. “Жашоо бар бул дүйнөдө, келгиле, жашайлычы, азыр мен силерге ыр чыгарып берем” деген сөздөрүн угуп жылмайып отурдум. Ырчы кыз кыргызча сүйлөгөнгө аябай аракет кылды. Сөзүнүн баш-аягы жок болсо да, “бул дүйнөдө боорукердик бар, келгиле, ынтымакта, бири-бирибизге мээрим төгүп жашайлы” деген ойлорду айткысы келгенин түшүнүп отурдук. Кыргызча сүйлөй албаганы Каныкейдин эле эмес, улуу муундун да айыбы. Ошол ата-энелер балага кыргызча сүйлөшкөн эмес, кыргыз тилин, кыргыз дилин учурунда үйрөтүшпөгөн. Мындай кемчиликтерин туюп өзү да “кыргыздын улуттук аспаптарында ойной албаганыма аябай өкүнөм. Эмки концертте сөзсүз бир аспапты үйрөнүп, анын коштоосунда ырдап берем, кечирип коюңуздарчы...” деп кат-катынан кечирим сурап жатты. Дилимде “ии, эне тилин да жакшылап өздөштүрөр” деп ишенип отурдум.
Ыр сүйүүчүлөргө мындай жагымдуу концерт тартуулаган Каныкейге караганда да, “Каныкей” долбоорунун уюштуруучуларына ыраазы болосуң. Концертте ырдалган Кренберристин зомбулук жөнүндөгү ырын кыргызчага “Каныкей” долбоорунун жетекчиси Мамасадык Багышев которуптур. Ырчы кыздын жанында гитараны катыра ойноп жаткан Дэнис Колючийди болсо баарыбыз легендарлуу “Элес” тобунан улам жакшы тааныйбыз. Айтор, бул ырчы кыз “жандуу үн менен концерт коюуга Кыргызстанда шарт жок” деген сөздүн баарын жокко чыгарып, “Супер-Инфонун” “Супер ырчы айым” наамына татыктуу экенин далилдеди. Дагы далай ирет далилдейт деп да ишенем.

(Каныкейдин концертинен үзүндүнү "Элдик видео" бөлүмүнөн көрө аласыздар).
Толик сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(20)
31.01.2011. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Каныкей, мен сени сыйлайм. Биринчи ырынды укканда эле унундун бийиктигин, оригиналдуулугун баалагам. Эмне дейбиз кыргыз эстрадасынын чолпон жылдызы болуп, кыргыз элине кызмат кылып журо бер. Жалан жакшы ипйгиликтерди жаратып, бийиктиктерди багынтып журо бер, ийгилик сага, Каныкей!
31.01.2011. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Каныкейди бравого барганда -Биринчи улуттук каналда орусча ырдаганым учун кечирим сурайм- деп ырдаган мен ошондо чыныгы КЫРГЫЗ экенине баа берип мени корбосо да мен Каныкейге урмат кылгам.
31.01.2011. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Каныкей, бирок, ашыкча боенбо.
31.01.2011. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей сенин унун бийик сен чыныгы ырчысын дайыма жандуу ырдашынды каалайм.
31.01.2011. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каникей сен супер жылдызсын!
31.01.2011. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын Леди ГаГасы
31.01.2011. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsin,dalai dalai naamdin eesi bol!!!
01.02.2011. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакпайт мага ушул кыз! Суйлогону, басканы турганы итиркейди келтирет! Фу! Жигитим бир ырын жакшы корчу, слава Богу азыр мага атын дагы угузбайт!
01.02.2011. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен жигитинди кызганып эле жаман корот турбайсынбы.Антип ичи тардык кылгын туура эмес да. Уну бар, чындыгында эле таланттуу кыз.Стили менен да озгочолонуп турат.АЗАМАТ, шоу бизнестеги айымдардан озунун озгочолугу гана эмес, жандуу уну менен да алдыга суурулуп чыга алды.
01.02.2011. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баса, бул концертти Супер.ТВ дан берет бекен, бербейт бекен? берсе жакшы болот эле...
01.02.2011. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей эч кандай Леди Гага эмес!!!
Ушундай талант менен сыймыктануунун ордуна, жогорудагыдай сындар жазылганы окунучтуу...
02.02.2011. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Махабат бирону сынаганда адам озуну караш керек. Эмнеге кекейип жатасын? Анан коментарий толук кыргызча же орусча жазсан болмок. Чала молдо дин бузар, чала кыргыз чала орус тил бузар болбостон. Каныкей талантуу кыз!!! Ийгилик сага алдына койгон максатарына жет!!!
02.02.2011. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей азаматсын, жакшылардын артынан коро албагандар суйлой берет, бир гана алдыга кете бер.
02.02.2011. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Orun talaship urushkandarga men da kuboo bolup keldim))) Koncert en jogorku dengeelde ottu!!!Azamatsin Kanikey!!! Kyrgyzstandi duynogo taanitkandardin biri bol!!!
03.02.2011. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей алгаааа ар дайым!!!Кыныкей КГ менен гана чектелбей дуйнолук аренага чыгышынды да каалайбыз....
03.02.2011. 05:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сынчы концертке бекер киргенби ыраазы болуп жазып атканына караганда а?
03.02.2011. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей азамат! Мага озгочо "Куйдум чокту" ырдаганы жакты!Бул ырды буга чейин канча жолу уксам да Каныкейдин аткаруусунда менин жан дуйномду козгоп, кыргыз болуп торолуп калганыма дагы бир ирет ыраазычылыгым артты! Жолу кенен, тамыры терен болсун!
28.02.2011. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АР БИР ЫРЧЫ ДА ЖЫЛДЫЗ ДА ЧЫГААН ДА ЧОНДОР ДА ДЕПУТАТ ДА Ж.Б БААРЫБЫЗ БУЛ ДУЙНОДОН КЕТЕБИЗ АЛ ЖАККА БАРУУНУ ДА ДАЯРДАНУУНУ ДА УНУТПА КАРЫНДАШ МАЗАРГА БАРЫП КОМУЛГОНДО БУЛ АЛКЫШТАР ПАЙДА БЕРЕ АЛБАЙТ ЖАНА ДА СЕНИ МАКТАГАН АДАМДАР КОШО КОРГО(МАЗАРГА) КИРЕ АЛЫШПАЙТАЛ ЖАКТЫН ДА КАМЫН АЗЫРТАДАН ОЙЛОН
ЧЫНЫГЫ ЖАКШЫЛЫК ---БУУЛ ЭМЕСПИ АА КАРЫНДАШ?
28.02.2011. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Капа болбо
28.02.2011. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
teleport, комментарий жазар алдында эрежени караңыз!Комментарийлерди жалаң баш тамга менен жазууга болбойт. Эскертүү!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо