№1084 15-21-cентябрь, 2023-ж.
Быйыл кышында светти 1-2 саатка өчүрүүлөр болушу мүмкүн деди энергетика министри Таалайбек Ибраев 11-сентябрда маалымат жыйынында. Электр жарыгын берүүдө атайын чектөөлөр болбойт, бирок көмөкчордонго күч келгенде светти убактылуу өчүрүүгө туура келет дейт министр.- Былтыр деле ушинткенбиз. Көмөкчордонго күч келген учурда аны башкага кошуп, кырдаалды жөнгө салышыбыз керек. Башкага улоо үчүн светти 1-2 саатка өчүрүүгө туура келет. Антпесек көмөкчордон биротоло өчүп калат да аны оңдоого 3-4 күн керек болот. Ушундай кырдаалдан өтүп кетишибиз керек, 1-2 саатта эч ким үшүп калбайт – дейт Ибраев.
Буга чейин аталган министрлик Бишкекти кышында каптачу ыштан арылтуу үчүн шаар аймагында Кара-Кече кенинин көмүрүн жагууга тыюу салынат деген маалымат тараткан эле. Анын ордуна элге Казакстандан ташылып келген көмүрдү жагуу сунушталганы жаткан. Министрлик бул маалыматты кайра төгүндөдү. Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга уруксат берилгенин кошумчалады министр.
Кышында кыргызстандыктарга 2,7 миллион тонна көмүр жагышат. Мунун 300 миң тоннага жакынын бюджеттик мекемелер керектешет. Министрлик 1 тонна көмүрдүн баасын 5 миң сомдон ашырбай кармап турууга убада берүүдө.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |