Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлжигит Калыков: «ГУ ЧЖУН ПЁго ОКШОШКУМ КЕЛБЕЙТ»

№430 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл

Апта мырзасы

Бул жигитти бир карагандар “өзүнчө эле корей тасмасындагы Гу Чжун Пё го” дешет. Бирок мындай салыштыруу балапан ырчыга жагымсыз экен. Шоу-бизнеске жаңыдан аралашып келе жаткан ырчы жигит Гүлжигит Калыков өзү тууралуу мындайча баяндап берди.

АНКЕТАСЫ
Киндик кан тамган жери – Ат-Башынын Ак-Муз айылы
Жылдыз белгиси – Арстан
Жашы – 20да
Окуган жери – КГУСТА, экономикадагы прикладдык информатика факультети, 4-курс
Баалаган актёру – Уилл Смит
Сүйүктүү акын, жазуучусу – Ч.Айтматов, А.Пушкин
Билген тили – Кыргыз, орус, англис тилдери

МЕН, МУЗЫКА ЖАНА ФУТБОЛ
– Музыка жана футбол жаштайыман мени менен бирге. Футбол оюндарын кубалап көрүп, Роналдиньо менен Дэвид Бекхэмдердин оюнуна суктанып, гол киргизүүсүнө тамшана берем. Музыка менен футболду салыштырсам, футболдо жеңиш – гол, а музыкада – хит ыр. Эки жаатта тең тынбай машыгуу талап кылынат. Бирок учурда мен көңүлдү музыкага буруудамын.

БИЛИМ
– Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын 2 жыл окуп, таштап койдум. Анткени ал учурда КГУСТАда да окучу элем. Ата-энем үчүн жогорку билим маанилүү. Ошондуктан экөөнө жетише албай КГУСТАны тандадым. Келечекте музыкалык жактан да билим алсам дейм. Күрөңкеевде окуп жүргөнүмдө гитарада, комузда, фортепианодо аз да болсо ойноону үйрөндүм.

ОКУУ, ОКУУ ЖАНА ОКУУ
– Ар тармактан кабардар болуп турууга ашыгам. Адабий чыгармаларды окугум келет, бирок учурда убактым болбой жүрөт. Сабагыма байланыштуу эле окуу китептерин барактайм.
Жакында эжем Дейл Карнегинин психологиялык китептерин окуу тууралуу кеңеш берди. Китеп саткан дүкөндөрдөн 4 бөлүгү бириккен жыйнагын издеп жатам.

ТҮСТӨРГӨ КӨҢҮЛ...
– Ар бир түстүн маанайга тиешеси болот. Мага көбүнчө жашыл түс жагат. Адамды эс алдырат. Бак-дарак жашыл түскө бөлөнгөн чакта тимеле жыргап эшиктен үйгө киргим келбей калат.

КЫЯЛЫМ
– Ата-энем – баа жеткис байлыгым. Кыялым ушуларга ыймандуу келин алып барып, ыраазы кылып, батасын алуу. Бирок азыр эмес, анткени бүлөлүү болуш үчүн бутка турушум керек. Буга материалдык, моралдык, кыскасы, бардык байлык кирет. Мен азыр ордумду таба элекмин.

БОЛОЧОКТОГУ СҮЙҮКТҮҮМ
– Ыймандуу, акылдуу, назик, чырайлуу, түшүнүктүү. “Жүрөккө буйрук бере албайсың” дешет, буюрса, жүрөгүм тандаган адамды сүйөм. Кыргызда мындай кыздар көп деп билем. Жердигине, улутуна маани бербейм. Орустун кызы “мусулман болом” десе үйлөнө берем.

«ГУ ЧЖУН ПЁго ОКШОШСУҢ» ДЕГЕН МАГА ЖАГЫМСЫЗ
– “Сен корейлердин "Мыкты жигиттер" сериалындагы Гу Чжун Пёго окшошсуң” деген сөздөр мага жагымсыз. Бирөөгө окшошпой, өзүм менен өзүм болгум келет. Мындай келбетим ал тасма чыга электе бар эле. Аны мени тааныгандар жакшы билишет. Ушул сөздү көп уккан соң "Мыкты жигиттердин" бир-эки сериясын көрдүм да, эмнегедир андан ары көрө албадым. Мен андай эзилген жигит эмесмин.

АКЫРКЫ КЫЗЫКТУУ ОКУЯ
– Жашоомдо кызык окуя көп болот. Акыркысын айтып берейин. “80-90-жылдардын дискотекасы” аттуу телеберүүгө тартылууга кызуу камынып жаткам. Бир күн калганда бутумду кокустатып алдым. Ооруканага барсам, гипстөө керегин айтышты. Ушунчалык даярданып алган соң катышуум керек деп өжөрлөнүп, чыдап койдум. Ошол күнү бутум шишип кеткенине карабай, бут кийим араң батып жатса да катыштым.

ПРОДЮСЕРИМ...
– Учурда продюсер Канат Култаев менен иштешем. Аны күчтүү продюсер деп билем. Менин чыгармачылыгымдын өнүгүшүнө чоң жардамын берет дейм. Ал эми Мирбек Атабеков, Темир Назаров, Даниель, Алихан менен бир туугандай эле болуп бара жатам.
Кимдир бирөө продюсери Айбек Акматов десе жаңылат. Ал бир кезде администраторум болуп иштеген.

СЫЙЛЫКТАРЫМ АЛИ АЛДЫДА
– Мектепте эле маданий иштерге активдүү катышчумун. 2004-жылы 7-класста президенттик стипендия алдым. “Поющий город” теледолбооруна катышып финалчы болдум. Ысык-Көлдө өткөн “Кадыр түн” фестивалына катышып ийгиликке жеттим. Бирок бул башы эле дейм. Мен жетүүчү ийгиликтер али алдыда.

БИР ТУУГАНЫМ – ЖӨЛӨК-ТАЯГЫМ
– Бир тууганга баймын. Алар: Гүлгаакы, Гүлкайыр, Гүлчоро, Нурлан. Гүлгаакы эжем аябай тырышчаак адам. Улуу болгондуктанбы, дайыма бизге үлгү, тарбия көрсөтүүнүн аракетинде. Ал учурда Индиянын Кыргызстандагы элчилигинде котормочу болуп иштейт. Экинчиси Гүлкайыр англис тилинен мугалим. Учурда ал улуу эжемдин жардамы менен Индияда. Агам Гүлчоро үй-бүлөлүү. Иним студент.

ФОРМАДА БОЛУУ...
... ырчы үчүн маа­нилүү. Элдин кө­зүндөгү адам кели­шим­дүү болуп, таза жана жарашыктуу кийинип жү­рүшү абзел. Учурда машыгуу залына, бассейнге жана бийге баруудамын. Келбет үчүн эле эмес, ден соолукка да пайдасы зор.

ДОСТОРУМ
– Закир, Айбек, Эрнис, Эрлан, Данияр, Рамис – менин кан досторум. Дайыма бири-бирибиз үчүн күйүп-бышабыз. Ата-энебиздин туулган күнү болсо, достор чогулуп барып куттуктайбыз. Апамдын туулган күнүндө “56 жаш туулган күнүңүз менен!” деген жазуусу бар чоң торт алып келишти. Апам ушунчалык сүйүндү. Албетте, тортко эмес, биздин ынтымагыбызга.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(27)
31.01.2011. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын. ишине ийгилик!!
31.01.2011. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец алга жаштар! убакытты баардык нерсеге жеткироо билген эн жакшы!
31.01.2011. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Симпотяжка экен го.Чыгармачылык ийгилик!!!
31.01.2011. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окшошуп алып туруп, анан окшошкум келбейт дегени кандай?!!! Анда туурабаш керек болчу да, анын стилин. Эгерде ал сени туураса бир жон.
31.01.2011. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дискотека 80-х деле чачынды тармалдатып окшошуп эле чыкпадын беле!!!
31.01.2011. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окшош эмес,только прически немного похожи.Наш красивее,и телосложение у него классное,не то что этот кореец.=)
31.01.2011. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой секетим ты себя с кем сравниваешь? ты тоже ничего но кореец все равно круче Удачи
01.02.2011. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишине ийгилик!
01.02.2011. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
спорт залда тушкон суроту жакты!
01.02.2011. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кореистеди туурабагыла бизге шалтак бултак жургон еле жакшы жарашат кыздардан сулуу болуп кеткен болбойт
01.02.2011. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Люди, Вы что?! Он не похож на Гу Джун Пё, а на Ким Бума, вот фотка где они похожи http://img.mega.kg/images/g5U73692.jpg
01.02.2011. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
okshoshup alyp anan okshoshkum kelbeit degeni kandai? Anda bashkacha styl, bashkacha prichoska tanda da.......
01.02.2011. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ya soglasnm s Missx vse ravno naw lu4we )))
01.02.2011. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsyn, igilik ! birok surotko tuwkondo botinkanyn samo4kasyn ondop albaisynby! je modaby asyr uwundai???;))uwun4a dayardanyp tuwup anan samo4kany ondoboi koyuptur !
02.02.2011. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен окуган спецте окуйт турбайбы))
02.02.2011. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бу кайсы ырчы кайсы ырларды ырдайт?биринчи жолу коруп жана угуп жатам ушундай ырчы бар экенин))))
02.02.2011. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzdar Koreetsterden tybolyk oydo...Emne ele salyshtyra berishet kyzga okshogon koreetster menen...
Byl yr4ynyn yny jagat.
02.02.2011. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каякты карабайын ушу бала, же бир ырын уксамчы
02.02.2011. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
в натуре кореец!
02.02.2011. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iiiiy karajan kaydagi gun chun pe
kuzgugo akirki jolu kachan karandin ele?
02.02.2011. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
http://ubiquitouskiss.files.wordpress.com/2010/10/offsite.png?w=590&h=370
стилин ушулардыкы.
03.02.2011. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз жигит кореецке караганда сулуу экен...
08.02.2011. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kozdoru jakwynakai bala eken,anan da, kuttum seni degen yry jagat. ke4iresin birok Lee Min Ho(gu jun pe) ezilgen emes, sen aga okwoboisun.
09.02.2011. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир адам баласы озунун кандай экенин билиши керек. Окшош болсо окшоштур,туураса туурагандыр анын эмнеси бар?Ырчыны кубаттап алга умтулуусун каалагандан коро жамандай эле беребиз. Азыркы чыгып келе жаткан жаш муундарга ийгилик каалайм!
01.06.2011. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фу гу джон по мне не нравиться
14.02.2012. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatziz guljigit bayke.bul maeginiz maga a9abay jakty.chigarmachiliginizga iygilik kaalaim bar bolunuz.men sizdin irlarinizdi a9abai jakshi korom.sizdin irlarinizdi kayta kayta uksamda brinchi jolu ukkanday konul koyup ugam.
19.03.2012. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гулжигит азаматсын я с тобой горжусь
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо