КИМДЕ КҮНӨӨ, КИМДЕ ЭМИ?

№430 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл

Тагдыр

“Аялдын көз жашын агызба, анын ар бир тамчысын Кудай санап турат” деген сөздү укканым бар. Алдымда көз жашын төгүп турган аялдарды карап, заманыбыздын эркектеринин майдаланып бара жатканына эрксизден таң калдым. Бир аял эмес, эки аялдын, балдардын жүгүн көтөрө турган эркектер күн карама болуп жүрүшсө, заман кантип оңолот да, кыргыздын келечеги кайда барат?!

"УУЛУМДУ МУУНТКАНЫ АКЫРКЫ ЧЕКИТ БОЛДУ"
Астра эже сөздү минтип баштады:
– Тагдыр экен, биринчи турмушумдан жолум болбой, бир уулдуу болгондон кийин азыркы күйөөмө турмушка чыккам. Күйөөм мурунку аялынан эки кызы бар экенин, аялын бирөө менен кармап алып ажырашып кеткенин айткан. Өзүм Орусияда соода кылгандыктан, Байсал экөөбүз тең Орусияга кеттик. Ал ортодо менин боюмда болуп калды. Кайын журтум кайнимди үйлөнтүп жатканын айтып, бизди чакырып калышты.
Ошол жолку келгенибизде күйөөм өзгөрүп, башкача болуп калганын байкадым. Аялдын жүрөгү мындай учурда бир нерсени сезет экен. Эмне болгонун сурасам, ал “кечирип кой, баары бир бирөөдөн угарсың. Аялымды кармап алып эмес, мен башка аял менен жүргөндүктөн ажырашып кеткенбиз. Азыр да ал аял менен байланышым бар. Ал мен үчүн баарына даяр. Кааласам үй, машина сатып берем деп жатат” деди. Так ошол учурда кайнимдин калыңын төлөй албай, кайненемдер улуусу катары күйөөмдү төлө деп жатышкан эле. Ушул окуядан кийин “эгерде инимдин калыңын төлөп бербесең, мен тиги аял менен жашайм” деди. Мага ал учурда калың төлөмөк кайдан? «Ичимде бир балам, сыртымда бир балам, мындан ары кантип жашоо керек?» деген маселе турган. Ошентип, ажырашып кеттик. Балам төрөлүп, ал торолгончо Кыргызстанда жашап, андан соң белди бекем бууп кайра Орусияга кеттим. Турмуш менен күрөшө баштадым.
Эки жылдан соң күйөөм Байсал мага кайтып келди. Балам үчүн элдешкенге мажбур болдум. Балам сырттан эркек киши кирип келсе эле “аталап” аркасынан чуркап, кетип калса томсоро түшкөнүн көрүп жаман болчумун. Бул жылдары эмнелер гана болгон жок... Жолдошум эки-үч күндөп жоголуп кетчү да, аракка тоюп келип үйдөн чатак салар эле. Ошол күндөрү мен көзүнө желмогуз көрүнүп калчумун. Чөнтөгүндө 2-3 миңдей акча болчу. Бул акчаны иштебесе кайдан алат эле? Көздүүнүн сокуру болуп алардын канча жылдан берки байланышын сезбеген экем. Ал аял күйөөмдү мурунку аялынан да ажыратып алган. Өзү күйөөмдөн он жаш улуу Нуркамал Камбарова деген аял. Политехте информатикадан сабак берет. Ал “сенин аялың Орусияда жүрүп башкадан боюнда болуп келди. Ал сенин балаң эмес, мендей сени эч ким сүйбөйт” деп айтчу тура.
Ата менен баланын окшоштугун эл билсин деп сүрөтүн да алып келдим. Бир жолу улуу баламды күйөөм там­дын аркасына алпарып муунтуп жаткан экен. Мурун уруп-согуп өгөйсүнтүп жүрсө да, уулум мени аяп айтпай жүрүптүр. Мен ушул эки уулум үчүн анын тепкисине, аялдык намысым тебеленгенине карабай жашап жүргөм. Ичим катуу муздады. Ойлоп көрсөм, он жылдан ашык убакыт тиги аялы менен да, мени менен да жашап жүргөн экен. Менин ишим кыйчалыш болгондо ага кетип, анын акчасын түгөткөндө кайра мага келип жүргөнүн эми түшүндүм. Ага азыр уулунун сагынып жатканы да, менин ага короткон жылдарым да маанилүү эмес. Деги эле убал-соопту билбеген мындай адамдар кайдан чыгат?!

АЯЛДЫК НАМЫС ЖАНА АЛСЫЗДЫК
Бул окуяны Айзада аттуу келин айтып отурду:
– Мени ала качып кеткенде 19 жашта элем. Сүйүүнүн же жаштыктын даамын тата элек учурда бир үй-бүлөнүн түйшүгүн көтөрүп отуруп калдым. Күйөөм табиятынан көп сүйлөбөгөн түнт адам. Айыл жери, жетишпеген жашоо. Күйөөм тиричиликке байланыштуу маселе чыкса да мага түртө салып кутулчу. Акыры менин демилгем менен Бишкекке келип оокат кылмай болдук. Ортодон кайненем ооруп каза болуп калды. Ошондон кийин негедир күйөөм экөөбүздүн ортобузду бириктирип турган жип чорт үзүлдү. Аялмын да, менин канатымды каккылап жашоо үчүн күрөшкөнүмдү баалап же жакшы сөз айтып маңдайымдан сылап койбогон күйөөмө аябай жиним келди. Чатакташып төркүнүмө кетип калдым. Бул учурда бир уул, бир кыздуу болуп калганбыз. Дилимде күйөөмдү күтүп жүрдүм, бирок келбеди. Акыры балдарымды ата-энеме таштап борборго келдим.
Күйөөм экөөбүз тең мурун курулушта иштеп жүрүп, мен евроремонт жасаганды үйрөнүп алган элем. Кудайга шүгүр, акчаны жакшы эле табам. Бирок акча мени бактылуу кыла албады. Балдар үчүн күйөөм менен жолугуп жүрдүм. Бир күнү ал “экөөбүз эмне эле жинди болуп жүрөбүз? Кой эми, чогуу жашайлы” деди. Бирок бул учурда бир кыз менен жакшы мамиледе болуп, анын боюнда бар экен. Биз бир аз жашагандан кийин гана бул тууралуу билдим. Айылга барып балдарыбызга, ата-энеме “биз элдештик” деп келгенибизди ойлоп, жаным кашайып кетти. Ага карап “тиги кыз төрөсүн, эгерде чын эле сенин балаң болсо, багып алганга даярмын” дедим. Күйөөм кызды сүйлөшүүгө алып келди. Ал менин эмес, мен анын күйөөсүн тартып алып жаткансып чакчырылды. “Сени мен чакыргам, чогуу отуруп кеңешели” десем да сөзгө келбей, буркулдап сыртка чыгып кетти. Күйөөм эч нерсе айта албады. Анан ичимдеги жалынды басуу үчүн көчөгө чыгып арак ичип алдым. Үйгө келатсам, кызды ээрчитип күйөөм үйдөн чыгып бара жаткан экен. Эмне кылар экен деп мас болгон адамча жерге жатып калдым. Эгер күйөөм мени карабай басып кетсе, чындап көңүлү карарганы деп ойломокмун, бирок ал мени көтөрүп келип үйгө жаткырды. Уктап калган экем, бир кезде карасам, күйөөм менен тиги кыз бурчка төшөк салып жатып алышыптыр. Тигинин курсагын кармалап бир нерселерди айтып жатат. Аялдык намыс жүрөктү күйгүзүп жиберет экен. Кордолгон намысым, бааланбаган баркым үчүн ошол учурда бычакка да түшкөндөн кайра тартпас элем. Эки бала төрөп, энесин баккан мага мындай жылуу сөз айтканы эсимде жок. Эртең менен туруп, “мени бактылуу кыла албадың, эми жок дегенде ушул экөөнү бактылуу кыл” деп коштошуп баса бердим. Элден кем эмес жашап, балдарымды багып жүрдүм. Негедир күйөөм экөөбүз биротоло кол үзүшө албай койдук. Ажырашсак да жакын адамдардай ал-абалыбызды сурашып турчубуз. Кантсе да алаксып, жашоону улантуу керек эле.
Ошентип, таластык жигитке турмушка чыктым. Аны менен аз эле убакыт жашадым. Көрсө, ал баңгизат сайынган адам экен. Туугандары “передозировкадан” араң аман алып калышып, апасы Алматыга дарылатканы алып кетти. Төрт айдан соң мага телефон чалып, “кечирип кой, айыгарыма көзүм жетпей калды, сени бекер байлабайын” деп айтты. Тагдырдын бул соккусун да көтөрүүгө туура келип, Таластан Бишкекке жол тарттым. Бишкекте мурунку күйөөмдөн башка эч кимим жок эле. Ага телефон чалып, “мен эми Орусияга кетишим керек, бул жакта кала албайм” дедим. Ал макул болуп, “бүгүн түнөй турган жериң барбы?” деп сурады. Түнөй турган жерим жок болчу. Ошол түнү мейманканага бардык.
Москвадан курулуш тармагынан жакшы жумуш таап, алтургай тез эле он чакты адамга бригадир болуп калдым. Катуу ооруп врачка көрүнсөм, боюмда бар экенин айтты. Күйөөмө айтсам, “мен экөөң менен тең жашайм” дейт. Макул болбоско айлам жок эле. Учурда күйөөм эки үй-бүлөдө жашайт. Бирок ал ошол жоопкерчиликти деле сезбегендей. Ага тиги үйүндө да, бул үйүндө да жакшы. Эки жакта эки аялдын жүрөгү эзилип жатканы менен иши жок. Эмне кыларымды билбейм...


Бир собол

«АЗЫР ЭРКЕКТЕР АЛСЫЗ, МАЙДАЧЫЛ БОЛУП БАРАТЫШАТ»
ДЕГЕНГЕ КОШУЛАСЫЗБЫ?

Ибрагим Жунусов,
КРнын Вице-премьер-министри:
– Эркектер майдачыл, алсыз болуп баратканын көрүп эле жүрөм. Бирок мен буга заманды күнөөлөбөйт элем. Анткени мындан жаман шартта да эркек өз үй-бүлөсүн таштап, материалдык кызыкчылыкты жогору коюп басып кеткен эмес. Эркек өз үй-бүлөсүн мыкты багып, ал гана эмес, айылын, керек болсо бүтүндөй мамлекетти багышы керек. Өз үй-бүлөсүн таштап кеткен эркектерди мен сыйлай албайм.

Айбек Карымов,
ырчы:
– Мен башка эркектер үчүн жооп бере албайм. Өзүмө келсем, майдачыл эркектерден эмесмин. Эркектер материалдык байлыкты жогору койгону деле заман талабы. Балдарыңды элден кем кылбай багыш керек, үй-жай кылып бериш керек дегендей. Бирок духу күчтүү эркек кандай кырдаал болсо да күчтүү бойдон калат деп ойлойм.

Чолпонбек Абыкеев,
жазуучу:
– Илгери эркек кылыч менен жоодон элин, үй-бүлөсүн коргоп келген. Бул эркектин табиятындагы нерсе. Бирок заман өзгөрүп, турмуш менен күрөшүүдө кара күч эмес, акыл-эс, куулук сыяктуу нерселер менен күрөшүш керек болуп калды дейли. Мындай учурда аялдар жөндөмдүүлүк кылып кетишти. Азыр үйдө бала баккан эркектер арбып, акча тапкан аялдар көбөйдү. Ал эми ажырашкан чакта да жубайлардын ортосунда терең урматтоо болсо, алар бири-бирин таштабайт.

Нурлан Насип,
ырчы:
– Бул пикирге кошулам. Анткени өз сөзүнө тура албаган, майдачыл эркектер көбөйүп баратат. Баарынан да аялын эмес, өз канынан жаралган баласын таштап кеткен эркектерге таң калам. Болуптур, аялы менен көз карашы төп келбей ажырашып кетсе да, балдары менен кабарлашып, аталык милдетин аткарып турушу керек.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(23)
31.01.2011. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи окуяга; аял эмне аны кайра киргизип алат баарын уже билгенден кийин (?)...озу куноолу...

А так эркектер алсыз, майдачыл деген 100% деле кошулбайм негизи бул ар бир адамдын озунон (индивид-о карай турган вопрос)
Но эркек лидер болуш керек! аял-баланы багыш керек (шариятта да айтылган)
31.01.2011. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ибрагим байке туура айтат. Негизи эркектер жон эле аял деп ала бербей ойлонуп алышып, анан ошол аялдын баркына жетип,балдары менен бактылуу жашашпайбы!
31.01.2011. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи аялын жыргатпаган эркектер экинчисин эч качан жыргатпайт. Эки аял менен жашагандар жакшылык корбойт!!!!!
31.01.2011. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Esi jok erkekterge soz jok,bir gana towok almawtriw u4un jawap kaliwkanbi?Turmuwtu teren oilonuwsa jakwi ele bolmok,Aibek Karimovko okwoboi.
01.02.2011. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ары жок эркектерге жигиттерге жиним келет.Бироосун бага албай жатып, экинчисин эмне кылышат. Аялдар оздору дагы кызык колунан эч нерсе келбей оз кара жанын бага албаган немелердин колун карап эмне кылышат. Кыргыздын кыздары туура кылат, кыргыз жигиттер кыздарыбызды баалай алышпайбы анан корейге, кытайга, американецке куйоого тийишет да. Эн туура, колдойм. Биздин жигиттерде намыс деген такыр жок. уй жеп кеткен
01.02.2011. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sapsary ойлонуп суйлосон ошто кыздардын намысын коргоп канча бола олду уй жеп кеткен деп бир нерселерди жаза бербей мен сен учун олуп берем намыс керек болсо
01.02.2011. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай намысы жок эркек аттууларга наалат! Кыйратып өзү эч нерсе таба албай, колунан эч нерсе келбейт экен, жок дегенде караан болуп бербейби! Ар кимдин барып колун кармабай!
01.02.2011. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызды кыргызга уруштуруш оной эле иш екен
01.02.2011. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимдин этегин ачып конгон кишиге конумуш адат болуп калат.ошондуктан башынан туз журуш керек.
01.02.2011. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshon uchun alakachuu degendi toktotush kerek, i jashtarga tuura bagyt korsotush kerek. Tandagan jary menen omurun otkoruugo,jaman jakshysyna chydai turgandan kiyin,daiyar ekeniin bilgende kana uilonuugo uluksaat berish kerek. Kalyng eldin jalpy tushunugun ozgortup,tushunduruu kerek dep oiloim.
Eki situaziadan ten erkekderi shal,soz jok, ujasnyi.............
02.02.2011. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myna saga.... erkektin kuulgu, ayaldyn chydamkaylygy, kechirimduulgu... birok, ozdoru kunoolu. Birinchi okuyaga: balasyn urup jrgonun bildi, muuntup jatkanyn kordu anan dagy dele kechirip jashashy jindilik...
Ekinchi okuyaga: kyoosun bashka kyz menen ozunun uyundo choguu jatkanyn korup tursa da kechiruu... jaman baktyluu erkekter eken. Eje-sindi dos kyzdarga degele btun kyrgyz kyzdarga mynday jashoo kaalabaym.
02.02.2011. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экинчи окуядагы аял куесун абдан сует болуш керек болбосо ага окшогон эркектин баарынан жогуу.... ал эми майдачылдыгына келсек азыр толковый эркектер жокко эсе....
02.02.2011. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lider-kg туура айтат ,бардык эркектерди окшош деп айтуу жанылыш, адамдын мунозу озуно байланыштуу... бирок эркектерде намыс кучтуу болуш керек, аялын тапканын тиктеп отурган эркектин жаш баладан айырмасы жок, оз уйбулосун эч нерсеге муктаж кылбай камкордук кылуу ар бир эркектин милдети, уй булосун таштап кеткен эркек балдарынын убалына калат, ар бир эркек оз аялын тарбиялап алуусу жана озу да ыйман жолунда журуусу керек!!!бирок бул жалгыз менин оюм....
02.02.2011. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз жигиттери абдан эле намыс дегенди унутуп клгандай. айалын ойлобосо дагы оз канынан жаралган балдарын унутпай эле койсо жакшы болмок. Kайран гана айымдар оздору эле бир эмес уч балага ата дагы эне дагы болуп жандарын багып эле келе жаткандарын коп эле жолу жолуктурдум.
03.02.2011. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи Аялзаты абдан чыдамкай жана кечиримдуу жан келишет айрыкча Кыргыз Аялдары...акыркы убакта эркектер биздин кыз келиндер бузулду, башкалар менен жатат турат деп эле калышты... биринчи оздорун билип алып анан суйлошсо абдан сонун болмок...
03.02.2011. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркектердин баары альфонс болуп бараткан го....аялын бала бакырасын ордуна...аялдарга багылып....
03.02.2011. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле бети жок майда эркектер кобойуп бараткандай
03.02.2011. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuday saktasyn mynday erkekterden!!!
03.02.2011. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахат антип эркектердин намысына коп эле тие берген болбойт го,ар бир адам озунон зависит этет...
04.02.2011. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай окуяны мен жакшы тушуном, менин кичинекей эмчектеги балам менен чыркырап ыйлап, куйоомду башка аялга кармата бергем.Андан бери 5жыл отту, кудайга шугур эне-атам бар балам багылуу, иштеген ишим бар. Кудай буйруса балам чонойсо мен да эл катары бактылуу эне болуп баламдын балдарын карап, келинимдин ысык чайын ичип тордо отурам деген тиеттемин.Эрден корбогон жакшылыкты баламдан корсотсун.А турмушка чыгайын деген ниетим жок эркектерге болгон жек коруум али кете эле, эч кимге ишенбейм.
29.05.2011. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да мен дагы кошулам азыр эркектер аябай озгоруп кетти (но не все конечно) оздорунун кызыкчылыгын эле ойлошот.Мне кажется азыр заман ушундай что катын баланы бакканга эркектердин кудурети жетпей баратат,азыр аялдар семьясын багып жатышат,но чтобы не было мужчина-ЛИДЕР!!!
31.05.2011. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пусть будет лидером мужчины, но они тоже люди как женщины, алар деле бакса болот да аялдарын, аялдарга караганда аларда куч коп, просто эркектерде намыс деген жок болуп баратат, эмнеге аял жасаган жумушту эркек жасай албайбы, аял кишини сыйлоо деген жок болуп баратат, конечно баардык эле эркектер эмес, но 50 на 50 болуп баратат го заман кандай болуп кетет, дальше так продолжать хуже будет жизнь...
14.06.2011. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын!Аял киши канчалык озун суйгон сайын ,эркек да аны кобуроок суйот,ошон учун аял эч качан озун таштабай,дайыма озун алып журуш керек деген ойдомун,бирок болот,ар кандай окуялар,ошондо да эркекке тебеленди болгонго жол бербеш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо