Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

А СИЗ БИЛЕСИЗБИ?

№1085 22-28-сентябрь, 2023-ж.

Биз жашап жаткан дүйнө тууралуу толук маалыматты эч ким билбесе керек. Бул макаладан кыска, бирок кызыктуу маалыматтарды окуп алыңыз.

1. Жер жүзүндөгү адамдардын дээрлик 50 пайызга жакыны кар деген эмне экенин өз көзү менен көргөн эмес. Кинодон же сүрөттөрдөн гана көрүшү мүмкүн.

2. Плутон планетасы Орусиядан кичинекей.

3. Дүйнө жүзүндө эң көп тараган тил – кытай тили.

4. Дүйнө жүзүндө эң көп сатылган товар – кубик рубик.

5. Жаңы төрөлгөн балдар 3 айга чейин көзүнөн жаш чыкпай эле ыйлай беришет. Бул куракта жаш бездери али суу чыгара элек болот.

6. Колибри – артка карай уча алган жалгыз чымчык.

7. Коала суткасына 18 сааттан 22 саатка чейин уктайт.

8. Орусия менен АКШны 4 чакырым аралык гана бөлүп турат.

9. Океанда көп добуш чыгарган жандык – креветка.

10. Адамдын денесиндеги эң күчтүү булчуң – тил.

11. Coca-Cola суусундугуна тамак-аш боёгун кошпосо, өзүнүн өңү жашыл түстө болмок.

12. Дүйнө жүзүндөгү адамдардын 7 пайызы сологой.

13. Адам менен акыранын моюн омурткаларынын саны бирдей.

14. Дүйнөдөгү эң бат учкан куш – сапсан шумкары. Ал саатына 300 чакырым ылдамдыкта уча алат. Өлүп жок болуп бара жаткан сапсандар мындан 40 жыл мурун Кызыл китепке киргизилген.

15. Дүйнөдөгү эң бат чуркаган жаныбар – гепард. Бул жаныбар саатына 100-120 чакырым ылдамдыкта чуркай алышат.

16. Ал эми эң бат сууда сүзүүчү деп – парусник жана кылыч-балыгы аталат. Алардын ылдамдыгы саатына 100 чакырымдан 130 чакырымга чейин жетиши мүмкүн.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(1)
01.10.2023. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5-факт туура эмес экен, жаңы туулган баладан да жаш чыгат экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо