Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АДАХАН МАДУМАРОВДУН АБАЛЫ НАЧАРЛАДЫ

№1086 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.

26-сентябрда депутат, учурда УКМКнын тергөө абагында отурган Адахан Мадумаровдун ден соолугу начарлап, УКМКнын медициналык жайында текшерүүдөн өттү. Депутаттын жактоочусу Майрамбек Жумабековдун айтымында, Мадумаров кант диабети жана жүрөк оорусунан жабыркайт.

– Ден соолугу начарлап ооруканага жеткирилди. Ал кант диабети жана жүрөк оорусунан жабыркайт. Аны мындай оорусу менен камакка алууга болбойт эле. Буга чейин да “Тез жардам” кызматы чакыртылган. Негизи эле ал тез-тезден дарыгерлерге текшерилип турат,- деди Жумабеков.

Адахан Мадумаровдун кармалып, камакка алынганына 1 айга жакындап калды. Парламентте анын кармалышынын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталып, көпчүлүк колдобой жатат. Ал эми Мадумаровдун таламын талашкан депутаттарды вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев “пиарчылар” деп сындады.

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков депутат Мадумаровду чуулгандуу протоколго байланыштуу жоопко тартуу керек болсо, анда чек ара боюнча ошондой эле күчкө ээ башка документке кол койгону үчүн мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновдун, мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановдун да жоопкерчилиги каралышы керек деген пикирде.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо