МИНИСТРЛИК: МЕКТЕПТЕ АТА-ЭНЕЛЕРДЕН АКЧА ЖЫЙНОО ТОКТОТУЛАТ

№1087 6-12-октябрь, 2023-ж.

Мектептерде ата-энелерден акча жыйноо токтотулат. Бул тууралуу 3-октябрда билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлиги талкууланып жатканда парламент комитетинде Догдуркүл Кендирбаева маалымдады. Айтымында, мектептердеги фонддор жыйначу акчаны мындан ары мамлекет бөлө турган болду.

– 28-сентябрда министрлер кабинетинин токтому чыкты. Анын 1-беренесинде мектептердин алдында түзүлгөн фонддорду толугу менен жоюу каралган. Фонддор топтоп жүргөн акчаны мындан ары мамлекет бере турган болуп чечилди. Бул бюджеттин корголгон беренесине киргизилди,- деди Кендирбаева.

Быйыл май айында ата-энелерден акча жыйноого тыюу салынып, мектептеги бардык муктаждыктар үчүн бюджеттен акча каралары айтылган эле.

Жаңы министр мектеп окуучуларынын тамагына бөлүнгөн акча көбөйтүлүшү мүмкүн экенин да белгилейт.

Азыркы тапта 1 окуучунун тамагына күнүнө 7 сомдон, тоолуу аймактарда 10 сомдон бөлүнөт. Бул сумманы 20 жана 30 сом кылып көбөйтүү пландалып жатат дейт Кендирбаева. Бул үчүн бюджеттен кошумча 1 миллиард 502 миллион сом талап кылынат.

Догдуркүл Кендирбаеваны министрлик кызматка дайындоо жарлыгына президент Садыр Жапаров 3-октябрда кол койду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо