№1087 6-12-октябрь, 2023-ж.
2023-жылдын январь-август айлары аралыгында казинолордон бюджетке 46 миллион 350 миң сом киреше түштү. Бул 2 казинонун төккөн салыгынын суммасы. Мындай маалыматты Каржы министрлиги жарыялады. Мындан тышкары букмекерлик кеңселерден жана тотализаторлордон 1,4 миллион сом, оюн автоматтарынан 80 миң сом түшкөнү айтылат маалыматта. Жалпы алганда, 8 айда аталган тармактан бюджетке түшкөн киреше 47 миллион 830 миң сомду түзгөн. Кыргызстанда казино ишине 2022-жылы уруксат берилген. Мыйзамга ылайык, оюн залдарына Кыргыз жарандары киргизилбейт. Ал эми казинолордон мамлекеттик казынага жыл сайын 2 миллиард сомдун тегерегинде салык түшүп турары айтылган. Финансылык чалгындоо кызматынын божомолу боюнча, 2023-жылы 1,6 миллиард сом салык түшүшү керек эле. Көрүнүп тургандай, киреше түшүрүү жагы күтүлгөндөй болгон жок.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |