Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

“КЫРГЫЗ ТЕМИР ЖОЛУ”: ӨЛКӨДӨ БЕНЗИН ТАРТЫШТЫГЫ ЖАРАЛБАЙТ, КАЗАКСТАН МЕНЕН СҮЙЛӨШҮЛДҮ

№1087 6-12-октябрь, 2023-ж.

Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы 3-октябрда “20 күндөн кийин өлкөдө бензин тартыштыгы жаралышы мүмкүн” деген билдирүү таратты. Аталган уюм Казакстандын темир жолу аркылуу күйүүчү май ташуу токтоду деп коңгуроо какты.

Уюмдун маалыматына таянсак, 1-сентябрдан тарта “Казакстан темир жолу” компаниясы ар айлык жана транзиттик күйүүчү май ташуунун кошумча планын макулдашууну расмий эскертүүсүз токтоткон. Кыргыз мунай ташуучулары “Кыргыз темир жолу” ишканасы менен биргеликте көйгөйдү өз алдынча чечүүгө аракет кылып, бирок жыйынтык чыккан эмес. Октябрь айына карата берилген пландардын баарын Казакстан тарап четке какканы, мындай абал 20 күндөн кийин Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгын жаратышы мүмкүн экени айтылды.

Эртеси, 4-октябрда, “Кыргыз темир жолу” ишканасы маалымат таратып, өлкөдө бензин тартыштыгы жаралбайт деп билдирди. Казакстан тарап менен сүйлөшүү болгону, жыйынтыгында Казакстан аркылуу транзиттик жүк ташуунун планы макулдашылганы айтылды. Октябрда өлкөгө 144 миң тонна күйүүчү май ташылып келмекчи.

Айта кетсек, акыркы 2 аптада Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбаттап кеткени байкалган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо