№1090 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
JIA бизнес-ассоциациясы өлкөдө ишкерлердин кармалып жатышы боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Бийликке келгенден кийин Жапаров менчикти коргоого, мамлекеттин бизнеске негизсиз кийлигишүүсүн токтотууга багытталган 2 жарлык чыгарганын, бул документтер ишкерлерге түрткү бергенин эскертишип, бирок соңку мезгилде ишкерлердин кармалып жатышы бизнес коомчулугун тынчсыздантып жатканы айтылат.– Бүгүнкү күндө ишкерлердин кармалып жатышы бизнес чөйрөсүндө тынчсыздануу сезимин жаратып жатат. Мындай аракеттердин уланышы бизнес-активдүүлүктүн төмөндөшүнө жана өлкөдөн инвестициянын чыгып кетишине алып келиши мүмкүн. Өлкөнүн экономикасына сырткы жана ички инвесторлорду тартууга жасалган чакырыктар бизнести колдогон туруктуу саясат менен камсыздалышы керек,- деп айтылат маалыматта.
Бизнес чөйрөсү бийликтен туруктуу саясат жүргүзүүнү, адилеттүү эрежелерди иштетүүнү, менчикти коргоону жана ишкерлерди колдоону суранды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |