Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№1091 3-9-ноябрь, 2023-ж.

Грузиядан 4 медаль!

Грузиянын борбору Тбилиси шаарында 26-октябрдан 31-октябрга чейин универсалдуу күрөш түрү боюнча UNIFIGHT дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Мында кыргызстандык спортчулар 4 коло медаль менен кайтышты. Бул тууралуу универсалдуу күрөш федерациясы билдирет.

Коло байгелердин ээси 70 килограмм салмакта Сыймык Тенти уулу, 75 килограмм салмакта Жеңишбек Мамбетов, 80 килограмм салмакта Нурбек Айдаров жана 100 килограмм салмакта күрөшкөн Азат Иманкулов болушту. Спортчуларыбызды жеңиши менен куттуктайбыз!

Лионель Месси 8-жолу алтын топтун ээси болду

Франциянын борбор калаасы Парижде 30-октябрда “Алтын топ-2023” сыйлыгын тапшыруу салтанатты өттү. Алтын топ France Football журналынын версиясы боюнча дүйнөнүн эң мыкты футболчусуна – кайрадан аргентиналык чабуулчу Лионель Мессиге ыйгарылды. Месси карьерасында бул топту 8-жолу алып жатат.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча алдыңкы үчтүккө Килиан Мбаппе («Пари Сен-Жермен») жана Эрлинг Холанд («Манчестер Сити») кирген.

Быйылкы жылдын эсебинен Мессинин эң алгылыктуу ийгилиги катары Аргентина курама командасы менен Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңгени, турнирдин эң баалуу оюнчусу деп табылганын айтып өтүү керек. Футболчу бул алтын топту алуу менен өз рекордун жаңылады. Сауд Арабиясынын "Аль-Наср" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду сыйлыкты беш жолу алган. "Алтын топ" 1956-жылдан бери ыйгарылып келет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо