Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КҮЗ ВИТАМИНДЕРИ

№1092 10-16-ноябрь, 2023-ж.

Берекелүү күз маалы. Организмди витаминдерге бай жашылча-жемиштер менен азыктандырганга ыңгайлуу учур.

Ашкабак

Ашкабак – организмге энергия тартуулаган жана мээнин иштешин жакшырткан карнитиндин булагы болуп эсептелет. Андан сырткары курамындагы Т витамини жүрөк-кан тамыр, эндокриндик жана нерв системи үчүн керек болсо, К – кандын уюшуна жана сөөктөрдүн минералдашуусуна жооп берет. В, РР, Е, С витаминдери, актиоксиданттар, микроэлементтер, темир, магний, калий, фосфор, клетчатка – организмге керектүү бул заттардын баарын ашкабактан тапсак болот. Ашкабак майы жана анын данеги организмдеги зат алмашууну жакшыртуучу ошондой эле боорду тазалоочу микроэлементтерге бай.

Курма

“Күздүн ханышасы” атка конгон курма ар бир дасторкондо болушу шарт. Курманын башкы касиети – жүрөктүн иштешин жакшыртат. Анын курамындагы калий – жүрөк булчуңдарынын иштешин көзөмөлгө алып, жүрөк ооруларынын алдын алса, темир – аз кандуулуктун алдын алат, C, B, А витаминдери кан тамырларды жакшы иштетип, серпилгич кылат, иммунитетти көтөрөт. Пектин заты тамак сиңирүүнү жакшыртат, йодго да бай – ал өз кезегинде тамак без ооруларын (богок) алдын алат. Курманы жүрөк-кан тамыр системинин оорулары, жогорку кан басым, анемия оорусу барлар жесе жакшы.

Анар

Анардын башкы пайдасы – анемияга каршы мыкты каражат экенинде. Анардын курамында аминокислотанын көп өлчөмү, калий, темир, танин, марганец, калий, натрий, клетчатка, В6, К, С витаминдери жана башка пайдалуу заттар көп. В6 витамини зат алмашууну, мээнин иштешин жакшыртып, эс-тутумду бекемдейт. Ал эми С витамини болсо организмге темирдин сиңүүсүн камсыз кылат, иммунитетти бекемдейт.

Алмурут

Алмурут сүйүүчүлөрүнө киресизби? Мм, бышкан, ширелүү алмуруттун даамы келет го чиркин. Организмге жез жетишпесе, жүрөк-кан тамыр оорулары жаралат. Алмурут болсо жездин булагы болуп эсептелет. Андан сырткары кремний, темир, кобальт заттарын да камтыйт. Кремний коллагендин синтезин жөнгө салат, кобальт болсо фолий кычкылынын деңгээлин жөнгө салат. Бул заттар өз кезегинде иммунитетти бекемдейт. Күнүнө 2-3 алмурут жесе жетиштүү.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо