№1093 17-23-ноябрь, 2023-ж.
Өлкөбүздө 2023-жылдын 10 айында 8 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Динара Ашимова маалымдады. – Бул расмий маалымат. Көп учурда жабырлануучулар укук коргоо органдарына кайрылышпайт,- дейт депутат.
Айта кетсек, депутаттар үй-бүлөлүк, гендердик зомбулукту азайтуу максатында айрым мыйзамдарды өзгөртүүнү сунушташууда. Мыйзамга жаңы нормалар киргизилүүдө. Мисалы, үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүүгө шектелген адамды үйдөн убактылуу чыгарып салуу.
–Адатта, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар тааныштарынын үйүнө же кризистик борборлорго барышат. Мындайда үй-бүлө бузулат. Биз зомбулук көрсөткөн адам үйдөн чыгып кетсин деп жатабыз. Ал кийин кайтып келген күндө да жубайлардын элдешип калуусуна мүмкүнчүлүк көбүрөөк болот,- деди Ашимова.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |