Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№1093 17-23-ноябрь, 2023-ж.

Мыктыбек Оролбай уулу UFC менен келишим түздү

Тарзан аты менен таанылган мушкер Мыктыбек Оролбай уулу аралаш мушташ боюнча дүйнөлүк алдынкы лига – UFC менен 4 беттеш өткөрүү үчүн келишим түздү. Муну менен ал UFCде күрөшкөн кыргызстандык төртүнчү мушкер болду. Ал карьерасында 11 беттешке катышып, анын бирөөсүнөн жеңилүү ызасын тарткан.

Мыктыбек Оролбай уулу 19-ноябрь күнү Лас-Вегаста биринчи беттешине чыгат. Анын атаандашы 77 килограмм салмакка чейинки сербиялык Урос Медич.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын атынан бир туугандар Валентина жана Антонина Шевченколор UFCде катышууда. Ошондой эле азыр UFCде Азербайжандын атынан чыгып жаткан Рафаэль Физиев буга чейин Кыргызстандын атынан чыкчу.

УЕФА “Аль-Насрды” Чемпиондор лигасына чакырууну пландоодо

Европалык футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) Сауд Арабиясынын “Аль-Наср” командасын 2024-жылы өтүүчү Чемпиондор лигасына чакырууну пландап жатканы белгилүү болду. Мындай чечим кабыл алуунун башкы себеби “Аль-Наср” командасынын Европада абдан популярдуу болгондугуна байланыштуу экени маалыматта айтылат. УЕФА “Аль-Насрды” футболдогу эң атактуу үч клубдун бири деп эсептейт.

Белгилей кетсек, португалиялык белгилүү футболчу Криштиану Роналду 2022-жылы ушул команда менен 2 жылдык контракт түзгөн. Анын бир жылдык маянасы 200 миллион евро. Ошондой эле акыркы бир жылда Сауд Арабиясынын клубдарына Неймар, Карим Бензема, Нголо Канте өңдүү европалык мен-мен деген футболчулар кошулду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо