Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖУМШАК, СЫНА БЕРГЕН ТЫРМАКТЫ КАНТИП БЕКЕМДЕЙБИЗ?

№1093 17-23-ноябрь, 2023-ж.

Тырмактын саламаттыгына көптөгөн факторлор таасир этет: жеген тамагыбыздан баштап кам көрүүчү косметикалык каражаттарга чейин. Көпчүлүк айымдар заманбап шеллак коюу ыкмасын колдонгондуктан, тырмагынын саламаттыгы жөнүндө ойлонгонду унутат. Миң ирет бекем тырмак болсо да тынымсыз шеллак, лак коюудан тырмак чарчайт, алсызданат, жукарат. Аны калыбыга келтирүү же негизи эле тырмакка кошумча күч берүү үчүн үй шартында төмөнкүлөрдү жасоо керек.

Сүт ваннасы

Сүт ваннасы тырмак үчүн жөнөкөй жана эффективдүү ыкма болуп эсептелет. Ал үчүн кечинде жатарда сүттү жылытып, ага тырмакты 20-30 мүнөткө салып туруу керек. Процедураны бир жума тынбай жасаганда натыйжасы байкалат.

Витамин коктейли

Эгер тырмактын четиндеги тери бат-баттан сыйрыла берсе, демек, организмге витамин жетишсиз. Витаминдерди врачтын көргөзмөсү менен гана ичүү сунушталат. Ал эми тырмакты бекемдөө үчүн дарыканадан ампуладагы А жана Е витаминдерин аласыз, экөөнү аралаштырып, суюктукту тырмакка сүйкөйсүз. Витаминдер аралашмасын күнүгө колдоно берсеңиз болот. Керектөөгө жараша 1-2 айдан кийин кайра кайталай бериңиз, зыяны тийбейт.

Желатин маскасы

Шеллактан кийин түзсүз, алсыз, витаминсиз калган тырмактарга желатин маскасы сонун жардам берет. Дүкөндөн желатин сатып аласыз, көңүл бурчу нерсе – эч кандай боёгу жогун, түзсүз желатин табыңыз. Идишке 200 грамм ысык суу куюп, 1 аш кашык желатин салып аралаштырабыз. Күйбөгөндөй абалдагы сууга колду 10-15 мүнөт салып туруу керек. Жумасына бул масканы 2-3 жолу кайталасаңыз болот. Жылтыраган, бекем тырмактар сизге рахмат гана айтат.

Май маскасы

Тырмакка эле эмес, колдун терисине да кам көрүүчү ыкма болуп эсептелет. Керектелүүчү каражаттар: зайтун жана кастор майы. 1/1 пропорциясында майларды аралаштырып, чуңкур идишке куябыз. Идишке колдун учун салып 10-15 мүнөт туруу керек. Зайтун майы тырмакты витаминдер менен каныктырып, нымдаштырат. Ал эми кастор майы серпилгичтик жана өсүү кызматтарын жөнгө салат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо