СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№1095 1-7-декабрь, 2023-ж.

Футбол: Кыргызстан БАЭ менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы декабрь айында БАЭ курамасы менен эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Беттештер 2023-жылкы Азия Кубогунун алдында пландалган Дубайдагы машыгуу сборунун алкагында өтөт. Азия кубогу 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин Катарда өтөт. Турнирдин финалдык бөлүгүнө квалификациядан өткөн Азиянын эң күчтүү 24 командасы катышат. Кыргызстан курама командасы Сауд Аравия, Таиланд жана Оман командалары менен бирге “F” тайпасында оюн жүргүзөт.

Командалар бири-бири менен бир жолу ойношот, андан кийин плей-офф баскычы өтөт, анда 16 команда жолдомо алат. Биринчи жана экинчи орунду ээлегендер, ошондой эле үчүнчү орунду ээлегендердин ичинен эң жакшы жыйынтык көрсөткөн төрт команда тайпадан чыгат.

Лионель Месси 21-кылымдын мыкты футболчусу аталды

“Интер Майами” клубунун чабуулчусу Лионель Месси FourFourTwo журналынын версиясы боюнча 21-кылымдын мыкты футболчусу деп табылды. Ал эми 2-орунду "Аль-Насрдын" чабуулчусу Криштиану Роналду, 3-орунду “Эмирейтстин” жарым коргоочусу Андрес Иньеста ээледи.

Ошондой эле ТОП-10дукка "Барселонанын" мурдагы жарым коргоочусу Хави, анын мурдагы командалашы Роналдиньо, "Реалдын" мурдагы жарым коргоочусу Зинедин Зидан, "Арсеналдын" мурдагы чабуулчусу Тьерри Анри, "Бавариянын" дарбазачысы Мануэль Нойер, "Миландын" мурдагы жарым коргоочусу Кака жана "Гремионун" чабуулчусу Луис Суарес кирди.

Буга чейин FourFourTwo журналынын версиясы боюнча 2000-жылдардын мыкты чабуулчусу, Роналду 2000-жылдардын мыкты жарым коргоочусу, ал эми Жон Терри 21-кылымдын биринчи декадасынын мыкты коргоочусу деп табылган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо