Сүйүнбек Касмамбетов, мамлекеттик катчы: “ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ЖЕЛЕК БОЮНЧА ЭЛДИН ПИКИРИН ЭСКЕ АЛАТ ДЕГЕН ҮМҮТ БАР”

№1096 8-14-декабрь, 2023-ж.

огорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүүдө элдин пикирин эске алат деп үмүт кылып туралы". Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 4-декабрда өзүнүн социалдык желедеги баракчасына жазган билдирүүсүндө ушундай деди. Депутат Нурлан Шакиевди “өлкөнүн патриоту” деп атаган Касмамбетов авторлор тууну жакшы ниет менен өзгөртүүнү демилгелеп чыгышкан дейт.

– Сунушталган ой президент Садыр Жапаровго, генерал Камчыбек Ташиевге, мага дагы жагып, өлкөбүз жаңыланып, жанданып жатканда, жаңыртылган желегибиз болсо деген ниетте болгонбуз. Арийне, коомдо кызуу талкуу жүрүүдө... Азыркы биздин туубуз, эгемен элдин жүрөгүнөн терең орун алып, боор эт менен бир болуп, жан дүйнөгө бүлүк салганы коомдук талкууда байкалууда. Эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттары, элдин мүдөөсүн эске алуу менен иш алып барат деген тилекте бололу. Кандай кырдаал болсо дагы, бири-бирибизге этият мамиле кылып, сабырдуулукту көрсөтөлү,- деди мамлекеттик катчы.

Кыргыздын туусун өзгөртүүнү караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 29-ноябрда биринчи окууда жактырган. Демилгенин авторлору төрага Нурлан Шакиев жана депутат Улан Примов. Коомчулукта желекти өзгөртүүгө каршы нааразычылык толкуну жаралып, “желекке тийишпегиле” деген талап, чакырыктар айтылып жатат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо