БАЛБАНДАРЫБЫЗ “ДҮЙНӨНҮН МЫКТЫ БАЛБАНЫ” НААМЫНА АТ САЛЫШУУДА

№1097

UWW 2023-жылдын грек-рим күрөшү боюнча эң мыкты балбан наамы үчүн ат салышкан беш балбанды атады. Талапкерлердин арасында кыргызстандык балбандары Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов бар. Мындан тышкары кубалык Луис Орта Санчес, ирандык Амин Мирзазаде жана грузиялык Лери Абуладзе көрсөтүлгөн.

1. Луис Орта Санчес (Куба) - 67 килограмм салмакта рейтингде 1-орунда (86 400 упай).

2023-жылдагы көрсөткүчтөрү: Дүйнө чемпиону, Пан Америка чемпиону, XIX Панамерикалык оюндардын жеңүүчүсү, Загребде жана Бишкекте өткөн рейтингдик турнирде коло байге ээси.

2. Амин Мирзазаде (Иран) – 130 килограмм салмакта дүйнөлүк рейтингде 1-орун (76 000 упай).

2023-жылдагы көрсөткүчтөрү: Дүйнө чемпиону, Азия чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, Бишкекте өткөн рейтингдик турнирде алтын медаль.

3. Акжол Махмудов (Кыргызстан) - 77 килограмм салмакта дүйнөлүк рейтингде 1-орун (65 000 упай).

2023-жылдагы көрсөткүчтөрү: Дүйнө чемпиону, Азия чемпиону жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү.

4. Жоламан Шаршенбеков (Кыргызстан) – 60 килограмм салмакта дүйнөлүк рейтингде 1-орун (68 000 упай).

2023-жылдагы көрсөткүчтөрү: Дүйнө чемпиону, Азия чемпиону жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү.

5. Лери Абдуладзе (Грузия) – 63 килограмм салмакта дүйнөлүк рейтингде 1-орун (75 000 упай).

2023-жылдагы көрсөткүчтөрү: Дүйнө чемпиону, Европа чемпиону, Бишкекте өткөн рейтингдик турнирде алтын жана Египетте өткөн ушундай эле турнирде күмүш алган.

Ал эми балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова 2023-жылкы айымдар арасындагы мыкты балбан наамына ат салышууда. Аны менен бирге япониялык Юи Сусаки, Акари Фудзинами, америкалык Амит Элор жана түркиялык Бузе Тосун бар.

Айсулуу Тыныбекова 2023-жылы дүйнө чемпиону, Азия чемпиону, Будапешттеги, Египеттеги рейтингдик турнирдин жеңүүчүсү 19-Азия оюндарынын коло байгесинин ээси болду.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо