Спорт жаңылыктары

№1098

Айсулуу Тыныбекова дүйнө боюнча 2023-жылдын мыкты балбаны аталды

Бириккен күрөш уюму (UWW) балбандар арасында 2023-жылдын мыктыларын аныктады. Алардын арасында ат салышкан балбан Айсулуу Тыныбекова аялдар арасында 2023-жылдагы дүйнөнүн мыктысы деп табылды. Спортчу дүйнө, Азия чемпиону, Азия оюндарынын медалчысы болуп бул жылкы эсеп боюнча дүйнөлүк рейтингде алдынкы орунга жайгаша алган. “Бул 12 ай карьерасындагы эң жакшы баскыч болду. Кайрадан күч-кубатына толуп, дүйнө, Азия чемпиондуктарында мыкты аталды. 30дан ашса да спортто убакытты артка кайтара алды”,- деп жазды UWW. Айсулуу Тыныбекова буга чейин кыз-келиндер күрөшү арасында Азиянын мыктысы аталган.

Ал эми Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков ат салышып жаткан грек-рим күрөшү боюнча мыкты балбан наамы кубалык Луис Орта Санческе берилди. Муну менен катар Бириккен күрөш уюму социалдык тармактагы белгилүү спорт жылдыздарынын бештигин жарыялап, анда Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова алардын катарына кошулду.

Футзал: “Дордой” клубдар аралык дүйнөлүк чемпиондукка катышат

26-31-декабрь аралыгында Испаниянын Бланес шаарында жеткинчектер арасында футзал боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугу орун алат. Ага “Дордой” академиясынын 2008-2009-жылы туулган жаштар курама командасы катышат.

Турнирдин форматына ылайык, тайпаларда 1-2-орунду ээлеген командалар алтын дивизионго чыгып, башкы кубок үчүн беттешет. Ал эми 3-4-орундарды ээлеген командалар кичи кубок үчүн ойношот.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо