Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Каныбек Сагынбаев: «ЖУРНАЛИСТ КЫЗГА ҮЙЛӨНӨМ»

№431 4-10-февраль, 2011-жыл

Апта мырзасы

Кыргыздын сыймыгы, бильярд боюнча Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев бул жолу аптанын мырзасы болду. Ал жашоосундагы ыйык айымдары, күндөлүк жашоосу тууралуу баяндап берди.

ЖАШООМДОГУ АЙЫМДАР

Апам тууралуу
– Мен үчүн эң биринчи ыйык аялзаты – апам. Апамдын аты – Тотукуш. Кичинемден ал адамга жардамчы болуп, акылдашып көнүп калгам. Бардык эле апалардай менин апам да мага камкордук кылганды жакшы көрөт. Кээде уулу чоң жигит болуп калганын деле унутуп калат окшойт. Кеч келсем, көпкө чейин уктай албайт. Тынчсызданат. Апам жасаган тамактардын баарын жакшы көрөм. Тамакты чындыгында эле аябай жакшы жасайт.

Сүйүктүүм жөнүндө
– Сүйүктүүмдүн аты – Айша. Менден 8 жаш кичүү. Учурда журналистика факультетинде окуйт. Биздин таанышканыбыз да анын кесибине байланыштуу болгон. Орус тилдүү бир басылмага автомобилдер тууралуу менден интервью алган. Ошондон баштап экөөбүздүн байланышыбыз башталган. Мм, ал мага эмнеси менен жакты, айтайынбы... Биринчиден, татынакай, анан да акылдуу, ыймандуу, адамгерчиликтүү жана тарбиялуу. Мүнөзү токтоо. Көп убакыттан бери чогуу жүргөндүктөн, мени жакшы билип калды. Ашыкча суроолорду берип эзбейт. А мен ага өзгөчө мамилем менен жактым болуш керек. Анткени башка кыздарга мамиле жасагандай эмес, бөтөнчө мамиле жасайм деп ойлойм. Кудай буюрса, жай же күз айларында үйлөнөм деп пландап жатам.

Кыска маек
– Каныбек, атактуулукка көз карашың?
– Талантың менен атактуулукка жеткен жакшы нерсе. “Мезгилдин өтүшү менен популярдуулук жоголот” дегенге кошулбайм. Негизи, эл үчүн кылынган кызмат унутулбаш керек.
– Биздин чемпиондун мүнөзү кандай?
– Адамда ар кандай мүнөз болот го. Мен өзүмдү мындай же тигиндей деп айта албайм. Ар кандай жагдайда ар башкача болгонго туура келет. Жалпысынан ыймандуу, адамгерчиликтүү болсом керек.
– Бильярд сен үчүн?
– Эң сүйүктүү ишим. Мунун аркасынан көп жерлерде болдум. Көзүм ачылды. Атак-даңкка ээ болдум.
– Убактыңдын көбүн кимге арнайсың?
– Чыгармачыл досторум бар. Алар менен маектешүүгө, бильярд ойноого, анан, албетте, сүйлөшкөн кызыма көп убакыт арнаганга аракет кылам.
– Ырдаганды жакшы көрөм деп айтып калдың. Бильярдчы болбосоң, балким, ырчы болмоксуң?
– Караокеде орусча ырларды көп ырдайм. А бильярдчы болбосом, ким болмок экенимди ойлонуп көрбөптүрмүн. Кудай буюрган кесипке ээ болсом керек.
– Он жылдан кийинки өзүңдү элестетсең?
– Он жылдан кийин өзүмдүн окуучуларым болот. Анан бала-чакалуу болсом керек. Балдарыма мен бала кезимде жетпеген, кыла албай калган нерселеримдин баарын бергим келет.
– Эсиңде калган белек...
– Курманбек Салиевич белекке 3 бөлмөлүү үй берген. Ошол белек эсимден кетпейт. Ал белекти өзүмдүн апама белек кылганым мага болуп көрбөгөндөй кубаныч тартуулаган.
– Жакынкы максаттарың...
– Быйыл Ысык-Көлдө бильярд боюнча эл аралык мелдеш уюштурсамбы деп жатам. Эгер ушул максатым ишке ашып калса, башка элдерге Ысык-Көлдөй керемет жерибиз дагы бир ирет даңазаланат деп ойлойм.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(9)
04.02.2011. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздей кыргызымдын жигиттери менен сыймыктанабыз! Суйуктуу адамыныз менен бактылуу болунуз!
Иштеринизге ийгилик!!!
04.02.2011. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat Kanybek
04.02.2011. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик!!!=))
06.02.2011. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Respect!
07.02.2011. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар дайым аман эсен болуп...тилеген тилегине жет!!!
07.02.2011. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец.... ЧОООН 5! ырдаганы да жакшы экен...
08.02.2011. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsyz, sizdi abdan syilaim, negedir maga munozunuz jakwyy,anan da toktool adamdai sezile beret, jakyndan taanywkym kelet. suigon jarynyz menen baktyluu bolun!
09.02.2011. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Каке!!!
18.01.2012. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец! Бирок аябай эле бабник!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо