№431 4-10-февраль, 2011-жыл
Алгач алпаруучу айымга “жеңил-желпи, орой, оор суроолорум бар, даярсызбы?” деп кеп баштадым. Ооба, деп баш ийкеген таланттуу алпаруучу Нурзат Токтосунова менен болгон маегим ыр, күлкү аралай жүрүп, карек толгон жашка чейин барды.
– Нурзат айым кыш-күрөөдө эс алдыбы?
– Эки күн болду, курбуларым менен тоого чыгып, лыжа тээп үч күн эс алдым. Коңшу өлкөлөрдөн келген туристтердин тоодо жыргап жүргөнүн көрүп, байкуш кыргыздар тытынып жүрүп ушул турган Караколго барып эс алганды деле билбейбиз деген ой кетти.
– Бир кесиптешим “сен кичинеңде эле чоң эне белең?” деп чычалата берет. Суроонун төркүнүн түшүндүңүз да...
– Бала бакчадагы кезимде тарбиячы эжейлердин “гүлдөрүм курттап жатат” дегендерин угуп калдым. “Гүлүңөр курттаса жумуртканын кабыгын майдалап, сээп койгула” десем, “кенедей кыздын сүйлөгөнүн” деп таң калышкан эле. Макалдатып сүйлөгөнүм энемдин көөнөрбөс казынасынан. Китеп көп окучумун. Каармандардын таамай айтылган сөздөрү, образдар абдан чоң таасир калтырчу. Студент кезде тайпалаштарым орусча сүйлөшчү. Мен фразеологизмдер менен сүйлөсөм, эч ким түшүнчү эмес. 3-курста окутуучубуз “балдар-кыздар, Нурзаттын заманы келе жатат” деди. Көрсө, ал кезде окуу процесстери кыргызчаланып жаткан убак экен, ошону айтыптыр. Кийинчерээк англис, түрк тилдерин өздөштүрүп, нукура кыргызча сөздөрүмдүн 60 пайызын жоготуп алдым.
– Апрель окуясынан кийин “Заманадагы” алпаруучулар алмашты, айрымдарын айдашты эле...
– Жаңы жетекчи жаңыча шыпырды. Сыягы, реформасы мен окшойм. Себеби машина минип, жакшы кийинип жүрсөм, “Замананын” акчасынын баарын Нурзат алат” деп ойлошчу экен. Кетпей коюуга да болбойт эле, себеби ар бир сөздөн эле кодулап калышкан. Кыйналып кеттим да, эч кандай уруш-талашы жок эле июлда бошодум.
– Атактуу, жаш, сулуу селкилерге “папкечендер” тор жаят, бийкечтер болсо бой салат. Керме каш Нурзатка мансабы бар байлар көз салгандыр...
– Мамлекеттик деңгээлдеги кечелерди, төгүлүп-чачылган чоң тойлорду алпарып калсам, улуу байкелер “биз ушундай кыргыздын сулуу кызы бар экенине сыймыктанабыз” дешет. Болду, тийишип ары жагына өтө алышпайт. Телеге чыгып таанылып, бирок турмуш кура элегимде “мага турмушка чыгар бекен?” деп айттыргандар болду. Эми бул нерсе мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Көрүп жүрбөйбүзбү, мындан пайдаланып кээ бирлеринин чыгармачылыгы өсүп, өзүнө материалдык байлык топтоп алгандарын. Бир чети бирөөгө кор болуп жүргүчө, баалап-барктаган адамы болсо ал деле жакшы.
– “Тамашоудо” тил редакторсуз, орой, уят айтылган тамашаларды сахнага чейин иргейсизби?
– Кээ бир уят тамашалар байкалбай айтылып кетүүдө. Бирок ошол тамашалар элге жагат экен. Эрмек, Арслан үчөөбүз балдардын тамашаларын 3 жолу карап чыгабыз, сөздөрдү кыргызчалайбыз.
– Биздин гезит “Акыл таймаш” сынагын өткөргөндө билимдүүлүгүңүздү көрсөттүңүз, ээ?
– Ой, Кудай, мынча акылдуумун дебейминби, тамаша. Билимге, жашоого болгон умтулуу мектептен башталып, университеттен уланып, азыр да кала элек.
– “Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар...” деп ырдап чыктыңыз. Нурзат алпаруучу, ди-джей, ырчы, эми бийчилик менен актрисалык эле калды окшойт.
– Актриса катары “Тимеле шоудо” көрбөдүңөрбү. Жумасына үч жолу чыгыш бийин үйрөтүүчү ийримге барам. Талантым ашып кетип ырдап калсам, балким, бийлеп да жиберермин.
– “Так, даана сүйлөйт да ушул кыз”, “Нурзаттын сөз менен сабап салганга кудурети жетсе керек”. Бул сөздөр сизге карата көрүүчүлөрдүн айткандары.
– Алпаруучу болсо эле көп сүйлөйт деп ойлошот экен. Нурзат жашоодо көп сүйлөбөйт, бирок кепти так, анан ток этерин айтсам “тили буудай кууруйт го” деген ойдо калышат. Өзүмдү таш күзгүдөн карасам, маңыздуу сүйлөгөн, токтоо эле жанмын.
– Назира Айтбекова менен Нурзат Токтосунова эмнени эле эмдигиче бөлүшө албай тирешишет?
– Мен ага кайсы тараптан болбосун, келбеттенби, акылданбы, алпаруучулуктанбы, атаандаштыгым жок. Балким, менден өйдө болсо, чын эле ичим күймөк беле?.. Бир күнү ооруп калыптыр. Аны көргөнү акыркы акчама айран, алма алып, “оорубагын, жашоодо боло берет” деп баргам. Көп өтпөй эле бир таанышым “Нурзат, сен Назираны “ооруканадан чыкпай кал” деген турбайсыңбы” дейт. Назирадан сурасам “ал бала алдайт” деп кутулду. Салтанат деген курбум телевидениеге барганымдан кийин менден оолактап, Назира менен дос болуп кетти. Кийин бир гастролдо жолугуп “Нурзат, кечирип кой, мен Назираны эми билдим” дейт. Себебин сурасам, Назира “Нурзат мени түртүп ийди, мага бут тосуп жатат” деп байкуш болсо ишенип, мени жек көрүп жүрүптүр.
Чынында, мен Назираны жакшы билем. Ошондуктан жыландын куйругун баспасын. Менде да кемчилик бар, жашыра турган. Бирок баарына айта бергенге болбойт. Айтпайын десем, адамдын жанын кашайтат. Кимге жолукпайын “чачташкан турбайсыңарбы?” деген сөздү укчу болдум. Анан өзү менен сүйлөшөйүн деп кезиктик. “Мен сизди жек көрөм, сиз мени “Улуттук хитпараддан” кетиргенсиз, Бекешовго жамандап отуруп” десе болобу. Бекешовдун кабылдамасына кирсем, Кудай урсун. Эмне дейт элем, “адамдарды теледен кетирсем кыйын турбаймынбы, сөзүңдү комплимент катары кабыл алам” деп кала бердим.
– “Таптакыр ичкилик ичпейт” дейт досторуңуз. Балким, аларга көрсөтпөй тамеки тартарсыз?
– Курбуларым тартарын тартып, таштай албай кыйналып жүргөндөрүн көрөм, ошондуктан эч кереги жок мага. Анан укмуш деле периште эмесмин. Анда-санда сыра ууртап коюшум мүмкүн. Бирок колдон келишинче ичпегенге аракет кылам.
– “Жеке жашоомду элге жайып бекер кылган экем” дейсиз, бирок көрүнүктүүлөргө көп көңүл бурулат экен...
– Кээ бирөөлөр «мен жөнүндө сүйлөсүн» деп атайын урушуп кара пиар кылышат. Башкалар жеке жашоосу жөнүндө таптакыр сөз козгобойт. Болор иш болду, билишсин.
– Арыктап кетиптирсиз, жеке жашооңуз аксап турабы?
– Тагдыр экен, азыр жалгызмын. Жолдошума эч кандай капа деле эмесмин. Экөөбүздө аябай сонун күндөр өткөн. Мен да маңдайыма жазылган тагдырды көрөрмүн, ал дагы бешенесине жазылганына туш болор. Каалаарым, өзүнө татыктуу, көңүлүнө жаккан бирөөгө байласын өмүрүн.
Учурда мени бир эле нерсе кармап турат – чыгармачылыгым. Эртең менен туруп эле жумушка аттанганымды көрүп, апам таң калат. “Илгерки адамдар түшүнбөйт да” дечүмүн. Жок, апам “кызымдын жашоосу ушундай болуп калды” деп ичинен мени аяйт тура. “Балким, телеге чыкпасаң, бала-чака төрөп үйдө эле отурат белең?” деп кейийт. “Апа, антип кейибегиле, 2 миллион аял үйдө отурат. Ал аялдар мен көргөн күндүн бир да күнүн көрүшкөн жок. Акыры бир күнү бала төрөп үйдө отурчу күн келет. Азыр эгер кылып жаткан ишим өзүмө эле эмес, элге жагып жатса, эмнеге иштегенге болбосун?” деп жубатам.
– Ажырашканыңардын себеби чыгармачылыкка байланыштуу болуп жүрбөсүн?
– Азыр жан дүйнөм уйгу-туйгу болуп, азаптамын. Кантип ойлонбой коёсуң? Кайра “тиги деле бактылуу болуп кетпедиби” деп өзүмдү башкаларга салыштырып сооротом. Бирок эң эле чоң олжом – чыгармачылыгым. Бакыт – жакшы адам. Жумушума тоскоол болбоду. Баары эле чеги менен болуп келаткан. Болгону, мен андан көп нерсени талап кылып, кыйын болгондурмун, иштебей үйдө отурсам башкача болмок беле?.. Алдыга жулунуп “эмнеге квартирабыз жок, ар жакта көчүп жүрөбүз” деп айтканым чын. Ал “сен жакшы болчусуң, өзгөрдүң, 40ка чыкканда деле алмакпыз да үй-жайды” дейт. Чын-чынына келгенде, шаарга келсек жашай турган жерибиз жок, менин үч көйнөгүм бир досумда болсо, төртөө дагы бир досумдун үйүндө. Аябай жүдөп кеткем. Андан да ооруп, бир эмес, бир канча жолу операция жасаттым. Боюмдан түшүп, балалуу боло албай кыйналдым, чогуу жашабай калдык. Аны менен ажырашып, кыйын болуп кеткен деле жерим жок.
– Кеткен келинге кайын журт келет да «элдештирели» деп.
– Кайындарым жакшы адамдар, өмүр бою ыраазымын. Аларга Бакыт менен кол үзгөндөн кийин деле каттап жүрдүм. Майрамдарда, кайнатамдын туулган күнүндө Кочкорго барам. “Ата, мен баратам” дегенимди уккан атам эт салып коёт казанга. Анан ойлондум, мен биякта эмне жүрөм деп. Бирок өзүмдү түшүнбөйм. Жолдошум менен жашабайм да, бирок кайындарымды кыйбайм. Кайындарым менен азыркыга чейин чалып сүйлөшүп турабыз. “Балам, ай, ушуну чечсеңер боло” дешет. Ата-энеси сөз баштаса эле “экинчи бул маселени козгобогула, бул менин жашоом” деп жооп берет экен. Мен аны кыйнап койсом, кечирим сурайм.
– Балким, жарага туз сепкендей болоттурмун, бирок “Нурзат ажырашууга уруксат бербей жатат” деп жүрчү...
– Бакыт экөөбүз эки жолго түшкөнүбүзгө бир жылдан ашты. Азыркыга чейин күйөөмдүн фамилиясында, Айталиева боюнча жүрөм. Расмий түрдө ажыраша элекпиз. Себеби ал деле ойлонуп жүрөт болуш керек. Мен “Алматыдан келип калаттыр” деп күткөм.
– “Жолдошума бакыт каалайм” деп айтып отурасыз, өзүңүзгөчү?
– Колумду сурагандар да бар. Бирок азырынча мен эч нерсе дебейм, коркуп калдым. Балким, мындан ары жарандык никеде жашайттырмын. Эч нерсеге кепилдик же ишенич жок турбайбы. Келиндик доорду кайрадан сүрөм деп деле кыялданбай калдым. Өзүмдү өтө сын көз менен карап, баалайт окшойм.
– Балалык кезиңиз бир аз кыйынчылык менен өткөнүн билем. Ал күндөр бүгүн унут калып барабы же дайым эске түшүп, турмушка бышкан көз караш менен карайсызбы?
– Баягы күнү тоого барганда шишкебек жасаганы от жактык. Башкалар ойноп жүрсө, мен от көзөп отурдум. Ошондо бала кездеги арча жыттуу отундун иси уруп, кандай рахат тартуулаганын билесиңби? Демек, адам жашоодо башынан көп нерсени өткөрсө, билет, бышат, адам болот.
– Жаштын тилегин берет, бактыңыз ачыларына ишене бериңиз. Маек үчүн ыраазычылык билдирем.
Бурул Исмаилова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Негизи эле аял затынын биринчи оорунга карьераны коюшу туура эмес деп ойлойм.
Ишинизге ийгилик каалайм!