Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Аскер айым жоокерлер кордолуп жатканын айтып президентке кайрылды    

№1105

Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүнүн Жылдыз Асанакунова аттуу кызматкери аталган аскер бөлүгүндө жоокерлерди кыйноолор болуп жатканы тууралуу айтып президент Садыр Жапаровго кайрылды.

– Жоокерлер зомбулукка кабылып, колу-буту сынган учурлар бар. Мунун баары жашырылат. Муну ачык айтканымдан кийин аскер бөлүгүнүн командири мага басым жасап, сөгүп, атүгүл жеке жашоомо кийлигишүүгө чейин барууда,- дейт аскер кызматкери. Ошондой эле жоокерлерге сапаты начар азыктардан тамак даярдаларын кошумчалаган ал.

8-фефралда Чек ара кызматы бул маалымат боюнча мурда эле иликтөө жүргөнүн билдирди.

– Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө Жылдыз Асанакунова “прапорщик” аскердик наамы ыйгарылышы менен дарыкана башчысы кызмат ордуна дайындалууга кызыкдар болгону аныкталган. Бирок жагдайды эске алуу (дарыкана башчысы бийик тоолуу аймактарда жайгашкан аскердик тарамдарга дайым чыгып турушу керек, ал эми Асанакунова жашы жете элек 3 баланы өзү жалгыз тарбиялайт) менен Асанакунованы бул кызматка дайындоо мүмкүн эместиги өзүнө айтылган – деп билдирет Чек ара кызматы.

Ошондой эле жоокерлерге сапатсыз азыктардан тамак жасалат деген маалымат да тастыкталган эмес дейт мекеме. Учурда УКМК жана Аскердик прокуратура тарабынан кайрадан текшерүү жүрүп жатканы, анын жыйынтыгы коомчулукка жарыяланары айтылды.

Президент Садыр Жапаров аталган аскер кызматкеринин видеосун өзүнүн социалдык желедеги баракчасынан бөлүшүп “эгерде Кыргызстанда сөз эркиндиги болбосо, аскер айым минтип кайрылуу жасай албайт эле” деп жазды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо