№431 4-10-февраль, 2011-жыл
Кышкы Азия оюндары-2011
Кышкы оюндарга Азия чөлкөмүнүн 27 өлкөсүнөн келген 1100дөн ашуун спортчу катышууда. Оюндар 6-февралда жыйынтыкталат. Азырынча мекендештерибиз медалга жете элек. Ошентсе да Таиландды 15:4, Бириккен Араб Эмираттарын 14:0, Монголияны 13:3, Малайзияны 23:2 жана Бахрейнди 15:10 эсебинде таш талканын чыгарып жеңген хоккейчилерибизден үмүт чоң.
Азиадада ийгилик жараткан спортчуларга кандай сыйлыктар каралганы жарыяланды. Алтын медаль үчүн 10 миң доллар, күмүш медаль үчүн 7 миң доллар жана коло медаль үчүн 5 миң доллар сыйлык берилет.
Эске салсак, Казакстанга сапар алган делегация 77 адамдан туруп, 52си спортчулар болсо, калгандары расмий өкүлдөр, машыктыруучулар жана журналисттер.
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |