№1105
024-жылы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды каржылоого 74 миллиард сом каралды. Бул тууралуу 5-февралда Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка таянсак, бул сумма 2023-жылы каралган суммадан 40,7 миллиард сомго көп. Каралган акча төмөнкүлөргө бөлүнөт: “Электр станциялары” жана “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ишканаларынын уставдык капиталын көбөйтүүгө 55,8 миллиард сом, күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө 7 миллиард сом, бюджеттик ссудаларды берүүгө 2,7 миллиард сом. Мындан тышкары, мамлекеттик инвестициялык программалардын алкагында энергетика тармагына 8,1 миллиард сом жумшалары айтылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |