Соя соусунуну пайдасы, зыяны

№1106

Пайдасы

Диетологдор соя соусунун касиеттери соянын касиеттери менен бирдей деп ырасташат. Демек, соусу тууралуу айтууда соянын өзүн билүү жетиштүү.

Соя белокко бай өсүмдүктүн бири. Май кычкылдары аз өлчөмдө болсо, холестерин такыр эле жок. Бул өсүмдүк организмдин иштешине зарыл болгон аминокычкылдардын кампасы. Мисалы, кызыл шарапка караганда сояда аминокычкылдар 10 эсе көп. Ошол себептүү кан айланууну жакшыртуу менен жүрөк-кан тамыр ооруларын, залалдуу шишик ооруларын алдын алууга көмөктөшө алат. Ал эми курамында натрий элементи көп болгондуктан керек учурда кадимки туздун ордун алмаштырат.

Соя аялдын репродуктивдүү ден соолугуна жакшы таасир этүүчү ферментке – фитоэстрогендерге бай. Фитоэстрогендер айыз учурунда ооруну басаңдатууга жана климакстын белгилерин жеңилдетүүгө жардам берет. Ошондой эле сөөктөрдүн бекем болушуна пайдасын тийгизүү менен остеопороздун пайда болуу коркунучун минималдуу азайтат. Бул соустун дагы бир артыкчылыгы – анын кээ бир ооруларда да колдонууга болорунда. Мисалы, жүрөк-кан тамыр оорулары, семирүү, ич өтүү же ич катуу, кант диабети менен жабыркаган адамдардын рационуна кошууга мүмкүн.

Зыяны

Соя соусунун негизги кемчилиги – анын туздуулугунда. Дени сак адам деле кылдаттык менен колдонушу керек. Күнүгө эмес, зарыл болгон учурда эле 1-2 аш кашыктан ашырбай колдонуусу кажет. Ашыкча колдонуу аллергияга, тери ооруларына, жалпы саламаттыкка терс таасирин тийгизип коёт.

Ошондой эле курамында изофлафондор бар, бул энеге эч кандай зыян тийгизбегени менен, түйүлдүктүн баш-мээсинин өсүүсүнө терс таасирин тийгизет. 

Кимдерге болбойт:

• Кош бойлууларга

• Бөйрөк ооруларында

• Кан басымы жогору адамдар

• Соуска аллергиясы бар болсо


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо