Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Вакбукинг – суициддин коңгуроосубу?

№1117

Вакбукинг деген эмне?

Вакбукинг деген терминди уктуңуз беле? Интернеттин заманында бул термин же аны колдонуу тажрыйбасы көбөйүп бара жатат. Психологдор вакбукингден улам адам суициддик абалда турганын байкаса болот дешет, өзгөчө өткөөл курактагыларды.

Вакбукинг – бул социалдык тармакка бүдөмүк, түшүнүксүз маанидеги пост чыгаруу, жазуу дегенди түшүндүрөт. Сиз мааниси көпчүлүккө түшүнүксүз пост жазып көрдүңүз беле?

Маркетингде колдонулат

Вакбукингди интернетте маркетинг катары колдонгондор көп. Мисалы, Инстаграмдагы көрүүлөрдү көбөйтүү, активди жогорулатуу үчүн “ужас, мен жаңы эле шумдук окуяга туш болдум...” дейт да, эмне окуя экенин жазбайт. Колдонуучулар эмне окуя болуп кетти деп кызыгып, сөзсүз түрдө түркүн суроолорду беришет. Же болбосо “сиз мындай нерсени көрө элексиз...” деши мүмкүн. Бул да болсо өзүнүн товарын сатуу же көңүл бурдуруу максатта колдонулат. Ушул сыяктуу мисалдарга көп эле кабылсаңыз керек.

Түз жооптон качканда...

Вакбукингди бирөөнү таарынтып албайын же болбосо мен күнөөлүү болуп калбайын дегендер да колдонушат. Мисалы, кардарлар менен иштеген адамдар ачык жооп айтса орой угулушу мүмкүн. Андыктан түз жоопту “кагазга ороп” бүдөмүк жооп айтышат. Кардар түшүнгөнүн же түшүнбөгөнүн билбей кете берет. Ошол эле саясатчыларда вакбукингди колдонгондор көп, бир суроого көп сөз менен жооп беришет, бирок так жооп жок, айлантып отуруп ою түшүнүксүз бойдон калат. Бул анын жоопкерчиликтен качкан ыкмасы болуп саналат.

Жалгыздыктан тажагандар колдонушат

Вакбукинг – өзүнө көңүл бурдуруунун жакшы ыкмасы болуп саналат. Адам жалгыздыктан тажап, башкалардын көңүл буруусуна, камкордугуна муктаж болуп турганда интернеттеги баракчасына түшүнүксүз маанидеги пост чыгарат. Анан достору, тааныштары “эмне болду?” деп санааркай башташат. Бул жакшы жагы.

Дагы бир учур бар. Психологдор вакбукинг аркылуу адамдын ичинде психологиялык күрөш болуп жатканын байкаса болот дешет. Өзгөчө жаштарда көп кездешет. Акыркы убакта адам түнт болуп, ачылып эч ким менен сүйлөшпөй калса, анан да интернетке түшүнүксүз маанидеги билдирүүлөрдү калтырып жатса, анда муну коркунучтун коңгуроосу катары кабыл алып, кеч боло электе жардам колун сунуу керек.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо