МИКАЭЛДИН ӨЛҮМҮН БИР НЕЧЕ АДАМ УЮШТУРГАНБЫ?

№432 11-17-февраль, 2011-жыл

Төлгө таштар сүйлөшөт

2010-жылдын 31-март күнү ырчы Микаэлди өз үйүнөн бычактап кетишкен. Ырчынын өлүмүнө шектүү адам кармалып, иш сотко өткөрүлгөнү менен, өкүм чыгарыла элек. Шектүү катары Микаэлдин жакын досу кармалганы коомчулукка жар салынган болчу. Бирок ал “мени кыйнап күнөөнү моюнума алдырып коюшкан” деп кайрадан ак чыгууда.
Орусиянын ТНТ каналы уюштурган “Дом-2” теледолбоорунун катышуучусу Оксана Аплекаева 2008-жылы дайынсыз жоголуп, көмүлгөн денеси көзү ачыктардын жардамы менен табылган эле. Ошондон улам Микаэлдин сүрөтүн көрсөтүп, биздин көзү ачыктарга төлгө тарттырдык.

Айнагүл Орозова:
– Бул жигиттин касиети абдан күчтүү болгон, туюу сезими менен алдын ала болчу иштерди сезип турган. Бирок өлөрүн билген эмес. Күнөөсүз жерден бөөдө өлүм болуп кеткен. Жылдыз болуп жаркырайын дегенде көрө албастыктын, ич күйдүлүктүн айынан кете берген. Бул караңгы киргенде болгон окуя. Кол салууну кара торусунан келген, улуту кыргыз эмес жигит жетектеген. Көңүл ачуучу жерден чыккандан кийин болгон экен. Жигиттин өлүмүнө төрт эркек жана бир кыз аралашып турат. Алар сырттан келген эмес, өзүнүн эле жакын тааныштары. Денесинен 20дан ашык бычактын изин көрүп жатам. Өлтүргөндөр чет өлкөгө качып кетишти дегенден алысмын. Бишкекте эле жүрүшөт. Ушул тапта бир досу унута албай, аябай жаны кейип турат. Ал өлүмүнө аралашкан эмес, катуу жан тарткан жакыны экен.
Иликтөө жүрүп жатат, бирок жакынкы күндөрү иш ачылбайт. Ишти изилдегендер эч кандай илинчек таппай жатышат. Эгер алар шегин билишсе, төлгөгө формачан адамдар түшмөк.

Алиман Курманбекова:
– Бул жигиттин өзүнүн кыргызчылыгы бар экен. Эч күнөөсү жок эле өлүп кеткен. Арбагы шейит болуп кетиптир. Арбагы колдоп, эртедир-кечтир сөзсүз өлтүргөн адамдын аты айтылат. Иликтөө иштери жүрүп жатканына 10 айдын жүзү болуптур. Эки жолу чет-бучкагы билинип келип, кайрадан дымып калган. Бул жигиттин өлүмүнө 3-4 адамдын катыштыгы бар. Алар үйүнө барып-келип, маңдайлашып чай ичишип эле жүргөндөр. Булардын ичинен бирөө катуу душман болгон. Анан жанындагыларды өзүнө тартып, өлүмдү уюштурган. Кылмышкерлердин ичинен бирөө кармалышы мүмкүн. Ортодогу чатак эмнеден чыккан? Дүнүйө талашканбы десем, бул жигитте байлык деле жок экен. Кыз талашканбы же катуу көңүл оорутарлык сөз болгонбу... Өлтүргөндөр азыр Кыргызстанда эле жүрүшөт. Каны көтөрүлүп, жандары тынч ала албай жатышып эле өздөрү колго түшүп беришет.

Бакыт Тойалиев:
– Бул жигит көрө албастыктын курмандыгы экен. Өлтүрүүгө атайы киши жалданган. Буйрук бергендер өзүнүн эле чөйрөсү. Үч адамдын элеси түшүп жатат. Көргөндөр болбой турат, ошондуктан түнкүсүн болгон окуя. Бирок билгендер бар, алар айтуудан коркушат. Өлтүргөндөр Микаэлдин жаратылыш берген талантынан сестенишкен. Өзү криминалга да аралашкан эмес, бирөөгө аласа-бересе да эмес болчу. Кыз талашты дейин десем, ага деле окшошпойт. Бирөөнүн жинине катуу тийип койгон, ошондон өчөштүк болду, анан көрө албастык кошулду. Өлтүргөндөр бирөөлөрдүн жардамы менен чет өлкөгө чыгып кетишкен. Мыкаачылар акыр түбү баары бир кармалып, өз жазасын алышат.

Дамира Сатыбекова:
– Бул жигитти өлтүргөндөр мурун-кийин босогосуна келип, сүйлөшүп эле жүргөн тааныштары экен. Сулууча келген, орто бойлуу жаш кызды талашышканбы же аралашканбы, ошол кыздын элеси түшүп турат. Жок, кыз менен катуу эрегишкен же атаандашкан окшойт. Андан сырткары ортолорунда документ же акча жаатында чыр чыккан. Анан бул жигит ачык сүйлөп койгон же намысына тийчү сөз айтып койгон. Муну өлтүрүүгө экөө келишкен. Байкуш жигиттин күнөөсү деле жок экен. Кылмышкерлерди табыш кыйын, табылса да кеч табылат.

Индира:
– Кудай Микаэлге талантты аянбай берген. Азыркы жаштардын көбү аны кумир тутушчу. Өлтүргөндөр табылбайт. Эгер жакындары чындап киришсе башкача болмок, бирок өзүлөрү анча каалашпай, ырчынын баскан-турганы жөнүндө ачык айткылары келбей турат. Микаэлди жок кылган адам анын эң жакын досу, жадакалса чогуу жашаган адамы болгон. Ал болжол менен отуз жаштын тегерегинде өзү курактуу экен. Өлүмгө кызганыч себеп болгон. Өлтүргөн адам Микаэлге акча жагынан колдоо да көрсөтүп келиптир. Анан аябай жакшы көргөн. Бирок ырчы аны өзүнөн оолактата баштаган. Өлтүрөрдөн мурда мыкаачы Микаэль жөнүндө бир кабар уккан. Ошонун негизинде өч алууну максат кылып жок кылыптыр. Микаэль мүчөл жашында о дүйнө салды. Негизи, мүчөл жашта кырсыктар көп болот. Ошондуктан кан чыгарып, анча-мынча ырымдарга маани берип, кырсыктарды алдын алыш керек болчу. Кылмышкер тергөө амалдарынан, соттон кутулганы менен, баары бир күнү жазасын алат.

Майрам Жакыпбек кызы
– Бул ак көңүл, адамга жамандыгы жок жакшы жигит болгон экен. Эч бир жөлөк-таягы жок, өз аракети менен бутуна туруптур. Эч кимден жардам сураган эмес, тескерисинче, үй-бүлөсүнө жардам берсем деп көп ойлончу экен. Өтө курч чыгыптыр, ысымын да которуптур.
Жашоосунда акча жагынан катуу кыйналган. Кичинесинде да аябай ооруган. Ата-бабалары колдогон касиети күчтүү жигит болуптур. Түшүндө аян берчү. Ошол аяндардын негизинде бутуна турган. Бул жигит эмнегедир түнү уктачу эмес. Окуусун бүтсө, алган билими жагынан аз жылда дүркүрөп өсмөк экен. Бул жигитке башка улуттун өкүлдөрү жардам бермек болушуптур. Жакшы көргөн кызы болгон, бирок ага эмнегедир ишенбептир.
Өлөр алдында өзүнүн өлүмү тууралуу аян түш көргөнү менен, бул жарык менен коштошорун түшүнгөн эмес. Эгер алдын ала билсе, анда башкача иш кылмак. Буга душман күтүлбөгөн жерден пайда болгон. Баңгизатын колдонгон, арак ичкен адамдар өлтүрүптүр. Микаэлди өзүнөн көп жаш улуу эркек адам акча жагынан камсыз кылып туруптур. Өлүмүнө анын дагы катыштыгы бар. Уюштургандар 2-3 эркек жана кара торусунан келген, орто бойлуу кыз. Өлтүрүп жатканда жалгыз болуп калган. Жаны катуу кыйналып чыккан.
Жакын досторунун бирине болгон сырын айтчу экен, ошол сатып койгон. Дагы бир досу кимдердин колунан келгенин билет, бирок айткандан коркуп жатат. Кылмышкерлерди өкмөт жакшы изилдесе, таап чыгышы мүмкүн.

Ырыскан Ашырбекова:
– Ортодо катуу жаңжал чыккан. Бул жигиттин касиети абдан күчтүү экен. Жети атасынан Кыдыр ата колдогон. Андан сырткары колдогон жыландары да болуптур. Мындай касиет ага тайлары тарабынан берилген.
Муну өлтүргөндөр төртөө. Алардын экөө катуу эрегишип калышкан. Кылмышкерлер өлтүрүп туруп, бир жакка алып барып таштамай болушкан. Бирок машинасы келбей калганбы же кимдир бирөө тоскоолдук кылганбы, айтор, ойлору ишке ашпай калган. Ортолорунда чоң суммадагы акча талаш болгон шекилдүү. Жанында жүргөн эле бир адам сатып коюптур. Өлтүргөндөр алыста, бирок буйрук берген адам бул жерде. Ал кара торусунан келген эркек адам.
Апасынын көзүнөн нөшөрлөгөн ый түшүп жатат. Баарынан апасынын кайгысы сөз менен айтып жеткире алгыс. Бул жигиттин ошол учурда сүйлөшкөн кызы деле болуптур.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(24)
11.02.2011. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кан коё бербейт, баары бир колго тушуп беришет.Тушуно деле кирип атса керек?! Олтургон адамдын, же адамдардын.Адам болсо ушул ишке барат беле?! Жаткан жери жайлуу болсун, жапжаш кезинде ушундай окуяга туш болгону жанды кейитет.
11.02.2011. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тантыратып козу ачыктардан интервью албай эле койгулачы СУПЕР ИНФО суранам
11.02.2011. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
андигидот
11.02.2011. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тнт каналынын Экстрасенстери менен биздин Бубу бакшыларды салыштырбай эле койгон он го.
12.02.2011. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kozy achyktarga ishenbesh kerek. sebebi alarga shaitan maalymat jetkizip tyrat a shaitan ech kachan chyndykty aitpait. kozy achyktarga barbagyla jana ishenbegile kynoo bolot.
12.02.2011. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вот вам живой анегдот ха ха ха андан коро детективтер издещсе болмок че вы издеваете
12.02.2011. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men kozu achykdarga ishenchi mesmin. Anan chet jerde jurgondukdon,bir kurbu kyzym kozu achyka barsa,senin atan kaza boluptur koop bolgon,-deptir,bul chyndykda.Kurbu kyzymdyn atasy kichinekei kezinde ele kazabolgon. Any ugup alyp abdan tan kaldym.Bir az ishenip da kaldym, bilbeim..................
12.02.2011. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
t.e Kurbu kyzym kichinekei bolgonda, atasy kaza bolup kalganda..
12.02.2011. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kozu a4yktarga iwenbei ele koigula4y.
13.02.2011. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу ачыктарга такыр ишенбеш керек.
13.02.2011. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men toluk ishenem dep da ayta albaym birook bularddin dele kichine bolso chindigi bar da ... Karap korsonor kobunun oyuu bir chikkan egerde bashka bolgondo ar kimisi ar oydu aytmak ....
13.02.2011. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kokui, sary gezit boidon ele kalypsyngar. kopton beri kire elek elem.
13.02.2011. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jyldan jylga professionalismdi kotorup-osturboston, kaira artka baratasyngar go, superler. eldin dengeelin ushundai populyarduu,massalyk gezitter kotorot, oshon uchun silerdin moyunungarda joopkerchilik chong! silerdi okugan el tak jana jaryk maalymat alysh kerek.
13.02.2011. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atyn da almashtyryptyr dep aytkanga ishendim, antkeni Mikael meni menen Bishkekte 10-orto mektepte choguu okuganbyz. Aty Mirlan Dauletov bolchu da. Ech, okunuchtuu... olumun uyushturgan aybandar jakshylyk korbosun, enesinin koz jashy Mikaeldin arbagy tynch koybosun.
13.02.2011. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астагфиралла!Бул козу ачыктарга жин кирип кеткен, алар жиндер менен иштешет.кее бири туура айтат, бирок ишенген кечирилгиз куноо ишенбеш керек,бир гана АЛЛАХКА ишениш керек
13.02.2011. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу ачыкка барбаш керек, энергиянды тартып алышат деп уккам.Ишенбейм, ишенгим да келбейт.
14.02.2011. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу ачыктарга ишенбегиле! Жон эле суйлой беришет!
14.02.2011. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу ачыктык бул жалган деп билем. Андай эле кыйын экен, Кыргызстанды кандай кыйынчылыктап кутуп турат, андан кантип чыгышты айтышпайбы...
15.02.2011. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baykush Mikaeldi emi olgondo da jon koiboi,Super info ozulorun Piar kylayin deshken go,kayaktagy kozu achyktardan interv'yu alyp.Albette alar baaryn bilishet,alar aytkan inter'vyulardy oshol kezde ele teleden dungurotup aytyp jatyshpady bele...
15.02.2011. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Milli:Mikaeldin atyn almashtyrdy degendi gazetaga jazyp ele jurushot,any men dele okugam ,al jonundo menden da surashsa men da osholor aytkandy aytyp bermekmin...
16.02.2011. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men mınabul kozu achyktardıu ehc tushuno albadım.Ozdorunun temperaturasın tushuro alıshpayt dagı,bir adamdın kelechegin,otmushun belgileshet.Adamdı ozunon dagı jakshı bilgen jalgız Allah.Anın tugongus kudureti aldında bul kozu achıktar ech nerse bolup kalıshat.kozunor kachan achılat silerdin????
16.02.2011. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уахахахаха...уахахаха..ой боорум ай уахахаха.Супер-Инфо боорду эздинер го.Менден деле интервью алсанар болмок мен деле ушундай версияны айтмакмын анткени азыркы доор медиамассанын доору мен мындай версияны мындан 3-4 ай мурун эле бир гезиттин бетинен окугам.Бул псевдо-козуачыктар(шарлатаны) газета окубайт дейсинерби? ТВ корбойт дейсинерби? Ой булар укмуш продвинутый болушат даже уйлорундо интернет болсо тан калбайм.Уахаха хахахаха
16.02.2011. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олгон кишини эми жон эле койсонор боло! Андан коро ошо козуачыктарга(шарлатандарга) кетирген убакытынарды жана каражатынарды Кураан окутуп койгонго жумшасанар туура болмок беле дейм да эгерде ошончоолук эле ПИАР керек болуп жатса силерге.
17.02.2011. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
info кандай тушунсо болот,бакшыларды реклама кылганынарбы ансыз деле канча элди алдап жатышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо