Кундуз, Эрмек: «ДАЙЫМА ЖҮРӨГҮҢӨРДӨ СҮЙҮҮ ЖАШАСЫН!»

№432 11-17-февраль, 2011-жыл

Апта каармандары

Махабатка чалдыкпаган адам барбы,
Махабаттын деңизинде сүзөт баары.
Көз жеткис, аягы жок кучагына,
Капысынан кабылат жүрөк дагы.
Ооба, бул сөздөр таамай айтылган.
14-февралды биздин жаштар сүйүү күнү катары кабыл алып майрамдай баштаганына бир канча убакыт болду. Апта каармандары Эрмек менен Кундуз сүйүү жаатында кеп козгоо менен ар бириңиздерге тунук сүйүү каалашат.

Эрмектин ала качып үйлөнгөндөргө айтар сөзү бар. «Ар бир адам сүйүүгө укуктуу. Сүйүү сезими ошон үчүн берилген. Андыктан ала качуу жакшы тандоо эмес».
Бир көрүп сүйүп калышы мүмкүн. «Алгач жактырам. Көрүшпөй калганда «эмне кылып жатты экен?» деп ойлоно баштайм. Анан сүйүп калганымды сезем».
Сагынуу, күтүү, үнүнө зар болуу... «Ошол учурда сезгендей, мен күтүп жаткан адам телефон чалат десең. Сүйүнүп кетип алло десем, такыр башка суроо менен чалып жаткан болот, адамды өчүрүп...»
Учурда сагынткан, күттүргөн адамы жок. «Сүйгөнүмдүн жоктугу ата-энеме, досторго, жумушка көп убакыт бөлүүгө жакшы шарт түзүп берет экен».
Үйлөнүү тоюнун болжолдуу планын түзүп койгон. «Азыркы үлпөт тойлордун сценарийи бири-бирине куюп койгондой окшош. Ошондуктан азыртадан өзгөчө пландарды түзүп, тойго баргандардын эсинде өмүр бою калчудай кылам».

– Эрмек, айтсаң, сага кайсы темада сүйлөшкөн жагат? Мисалы, сүйүү, Ата Мекен, саясат, жаратылыш дегендей...
– Бардык эле актуалдуу темада сүйлөшкүм келет. Анын ичинен эң жеңили, ырахат тартуулоочусу сүйүү го дейм. Бул тема кимге гана жакпасын.
– Мен дагы сүйүү темасын сунуштайын деп тургам. 14-Февраль – Сүйүү күнү жакындап калды. Ким менен, кандай маанайда тосоюн деген пландардын үстүндө калкып жүрөсүң?
– 14-февралды өзгөчө деле майрамдабайм. Балким, бул учурда түгөйүмдүн же сүйгөнүмдүн жоктугунан болсо керек. Ага караганда 12-13-февралда өтүүчү «Тамашоунун» Кышкы фестивалына даярдык чоң.
– Ушул жерден сүйлөшкөн кызың Динарадан аттап кетүү мүмкүн эмес го... «Болочок жарым» деп интервью берип жүрчү элең, анан эле урушуп кетиптирсиңер..
– Турмушта өйдө-ылдый көп болот экен. Динара жаман эмес, ыймандуу, адамгерчиликтүү кыз. Бирок турмуштун оош-кыйышы бизди экиге ажыратып койду. Мен Динарага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Өзүн сыйлаган, түшүнө билген, кадырына жеткен адамга туш болуп, бактылуу болушун Кудайдан тилейм.
– Экөөңөрдүн мамилеңерди ата-энеңер жакшы билишчү эле. Алар эмне дешти?
– Ата-энем деле туура түшүнүп, өзүмө коюшту.
– Сүйүүнүн баркына жете алган адамсыңбы?
– Сүйүү келсе жакшы кабыл алам. Чоң, олуттуу, жагымдуу көрүнүш катары эсептеп, жүрөгүмдөн орун берем. Сүйүү үчүн өзгөчө, күтүлбөгөн кадамдарга баруучу, шок кыла турган сюрприздерди жасоочу романтикмин.
Сүйүү жөнүндөгү жакшы көргөн учкул сөзүң...
– Атайын жаттап алган деле учкул сөзүм жок. Сүйүү жөнүндө кандай сөз айтылбасын, жүрөгүмдүн түпкүрүнөн чыгат.
Буга чейин канча сүйүүнү башыңдан өткөрдүң?
– Эсимде жок. Көп эле кыз менен сүйлөшкөм. Алар чыныгы сүйүүбү же жалганбы, так айта албайм.
Сүйлөшкөн кызыңа кандай жигит болуп бересиң?
– Эгерде чындап сүйүүмдү таптым десем, анда жигиттик статусумду толук аткарам. Ар бир күндү орду менен өткөргөнгө аракет кылам. Ооруп калабы, ар кандай маселе чыгып калабы, баарын жайгарып, көңүлүн көтөргөндөн тартынбайм. Мурда мени менен сүйлөшкөн кыздар ата-энеси менен тааныштырабыз десе уялып каччумун. Азыр эгер чыныгы сүйүүмө жолугуп, ал ата-энесине «болочоктогу күйөө балаңар» деп тааныштырам десе эч каршылыгым жок. Анткени кыздын ата-энеси да «кызыбыз ким менен жүрөт?» деп сарсанаа болбошу керек да.
– Сүйүктүүң болгусу келген кыздардын келбети кандай болушу кажет. Сени жактыргандар торду кантип жайыш керек?
– Менин сүйүүм адамгерчиликтүү, ыймандуу, акылдуу, сулуу эле болсо болду.
– «Эле болсо болду» дейсиң, сага дагы эмне керек?
Бул байлыгына карабайм дегеним. Мен көз салып жүргөн жакшы кыздар бар. Бирок мага тор жайгандар жөнүндө биле албайм. Торду эми ар ким фантазиясына жараша жаят да.
– «Качан үйлөнөсүң?» деген суроону бергим келбесе да, күйөрмандарың үчүн баары бир кызык деп ойлойм...
– Досторумдун көбү үйлөнүп, балалуу болушкан. Аларды карап туруп балалуу болуу каалоом күчөп чыгат. Жумуштан чарчап барганда бут кийимимдин бирөөнү чечип, экинчисине эңкейгенде балам чуркап келип моюнума асылып калса. Анан аны диванга ыргытып кытыгыласам, ал боору эзилгиче каткырып, эсине келгиче кийимимди алмаштыра салсам. Анан келинчегим «тамак ичкиле» деп чакырса. Тамак ичип отурганда балам бир бутума жатып уктап калса деген кыялым жакында жүзөгө ашат. Менден улуу байкем, буюрса, аз убакыттын ичинде үйлөнөт. Анын артынан убакытты көп созбой дароо мен түтүн булатам.
– Сүйүү күнүнө карата каалоо-тилегиң...
– Бардык кыргызстандыктарды сүйүү майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ар бир адамдын жүрөгүнөн алоолонгон сүйүү өчпөсүн! Сүйгүлө жана сүйүктүү болгула демекчимин.

Сүйүү күнүндө Кундуз дайыма концертке катышат. «Ырчы болгондон бери 14-февралды концертке катышуу менен тосуп келем. Жаңы жыл, 8-Март сыяктуу кабыл албагандыктанбы, бул күнгө көп маани бербейм».
Махабат күнүндө өтө чоң болбосо да бир нече жолу белек алган. «Гүл, жүрөкчө открыткаларды алгам. Мен дагы ушул сыяктуу белектерди бергем».

– Кундуз, «Сүйүп көргөн эмесмин» десең, баары бир ишенбейм. Унутулбаган сүйүүң...
– Бала кезимдеги сүйүүмдү эч качан унутпайм. Жылмаюу, толкундануу, суктануу менен эстейм. Мектептен сүйүүбүздү анкета аркылуу билдирчүбүз. «Жактырган машинаң, гүлүң, адамың...» дегендей суроолор менен анкета толтурчубуз.
7-класстан өзүмдөн эки жаш улуу баланы сүйгөм. Ал катардагы эле бала болчу. Мен «анкетаны толтур» деп берсем, «жактырган кызың» деген жерге Кундуз деп менин атымды жазыптыр. Ал берген китепчеге мен дагы анын атын жазгам. Бири-бирибизди сүйөрүбүздү билгенибиз менен, ачыкка чыгып кыз-жигит катары сүйлөшкөн жокпуз. Анткени мен уялчаак, жоошмун, ал менден ашкан уялчаак болчу. Ал түшкө чейин, мен түштөн кийин окучумун. Аны көрүш үчүн мектепке күнүгө эрте барчумун. Сумкасын көтөрүп үйүнө бара жатканын көрүп сүйүнүп, анан сабакка кирчүмүн.
Апаң «кызым, эмнеге күнүгө эрте кетесиң?» деп сурачу беле?
– Апам мени «сабактан такыр кечикпейт» деп кубанчу.
Ал сүйүүң качан өчтү?
– 10-класстан ал сезимим жоголуп, жөн гана жакшы тааныштардан болуп калдым.
– Интервьюларыңдын биринде «жигитим кызганчаак» деп айттың эле, ошол жигитиң жөнүндө толук айтчу мезгил эми келгендир...
– Жок келе элек. Көрсө, мен дагы деле жүрөгүмдүн жарымына, чыныгы сүйүүгө жолуга элек экенмин.
– Ошондо азыр жүрөгүң бош турбайбы. Сен жактырбаганың менен, сени жактырган жигиттер бар да...
«Кыз-жигит болуп сүйлөшөлү» дегендер дагы, ак жоолук салгысы келгендер да бар. Турмушка чыгуу өтө олуттуу маселе болгондуктан, бул суроодо жети өлчөп бир кесүү керек.
– Кандай жигиттердин алдында алсызсың?
– Мага жөнөкөй, тамашакөй, акылдуу жигиттер жагат. Мына ушул сапаттарга толук ээ жигиттердин алдында алсыз болсом керек.
– Келбетине токтоло кетпейсиңби, сезип турам, өзүңдөн бою кыска жигиттерди жактырбайсың...
– Андайларга турмушка чыкпайм деп кесир сүйлөбөйүн, бирок бою кыскаларды жактырбайм. «Сүйүүнүн көзү сокур» деп коюшат эмеспи. Сүйүп калсам ал мен үчүн өтө идеалдуу адам болуп көрүнөт да.
– Шоу-бизнестеги мырзалардан эркек катары сага кимиси жагат?
– Алардын атын атасам «Кундуз сүйөт экен» деп ойлоп калышпасын, тамаша. Биздин шоу-бизнесте татынакай жигиттер көп. Биринин атын атасам, экинчиси таарынат.
– Сүйүү деп эмнени түшүнөсүң?
– Эки адамын ортосундагы ыйык сезим деп билем. Сүйүүнү бир нерсеге алмашууга, сатып алууга болбойт. Сүйүүсүз жашоо кунарсыз. Мага сүйүү келгенде аны баарынан биринчи орунга коём. Сүйүүдөн үй-бүлө курасың, жаңы жашоо баштайсың, балалуу болосуң...
– Сүйүү үчүн баарына даярсыңбы?
– Азырынча айта албайм. Анткени чыныгы сүйүү келе элек.
Жаштарга каалоо-тилегиң...
Дайыма жүрөгүңөрдө тунук сүйүү жашасын! Жүрөгүнүн жарымын таба электер эртеби, кечпи, сөзсүз сүйүү келерине ишенгиле демекчимин.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Маек - Кундуз, Эрмек Нурбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(36)
11.02.2011. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрмек Динараны ото эле журогунон берилип суйуп журбоду беле? Анан кантип эле башка кыздарга коз салып журот тушуно албайм.
12.02.2011. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mm Ermek mn Dinaranyn suilowpoi kalgany maga abdan okunu4tuu:-(.men Ermektin toiunun fotolorun Superinfodon kutup jurgom(Dinara mn,uilonuwot dep oilo4umun).Jarawyp algyla4y?????????
12.02.2011. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surotto Kunduz uluu ,Ermek jash baladai korunup kalyptyr
12.02.2011. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы_Баардык Кыргызстандыктарга Тунук суйуу каалайм!!!
12.02.2011. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой жондон жон эле экоо мынтип тушо бербесе керек,бир нерсе бар да........
12.02.2011. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattuu jashtar!!! Baarinizdardi kele jatkan Suiuu kunu menen kuttuktaim!!!Suugo jete elekter kelechekte Tunuk Suiuugo jolugushunuzga Tilekteshmin;)
12.02.2011. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи беттеги фото абдан жакшы тартылыптыр!
12.02.2011. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоону кыз жигит бейм деп ойлогом, абдан жарашып калыпсынар!! Дуйнодо бекем тынчтык боло берсин, суйгондор суйгонунуно жете берсин!! от:Уполька
12.02.2011. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоону кызы жигит кылымыш болгону бул Супер Инфонун пиары, бул тушунуктуу. Экоо бири бирине жарашпайт экен, Кундуз Эрмектен улуурак корунот экен, а Эрмеке болсо бою бир аз кыскаарак кыздар жарашмак. Кундуздун бетинин тузулушу кыйшагыраак деп айтышты эле чынында эле ошол сыяктуу корунду мага, ошондуктан туз отурбай кыйшандай берет турбайбы башын нары бери кылып камеранын алдында.
12.02.2011. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rahmat Kunduz jana Ermek! Silerge dagy iygilik jana tunuk suyuu! Ermek saga rahmat chet jerde jurgondorgo suyuu kalapsyn. Kunduz jigitin jok bolso ekoobuz jurup albailyby(tamasha). Birok ekoobuz kancha jolu surottko tuwtuk. Suyuuhordu taap baktyluu bolgula! Urmatym menen ..........!!!!!!
13.02.2011. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а мен ойлоп кетпедимби, биздикилер дагы корейский сериалдардан кем кылбай, романтикалуу суйуу кунуно карата кино тартышкан го деп....
SUPER.KG видео
13.02.2011. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун-жарашат-екенсиздер
13.02.2011. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец... алга
13.02.2011. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салам эрмек менен кундузга чоон суйуу каалаймын
13.02.2011. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эрмек сен супперсин
SUPER.KG видео
13.02.2011. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahmat sizdergeNurbek jana Kunduz bizge kaalap ketken tilekter sizderge da kabyl bolsun!!!
al emi Ermekti suiup jurgon chet olkodo kyzdar aiabai kop :-)
14.02.2011. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Surottoru sonun eken!
SUPER.KG видео
14.02.2011. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат Эрмек жана Кундуз чэт олколукторду унутпай эстеп куттуктап кетипсинер. Силерге да тунук,таза,очпос суйуу каалайм! Оз жарымынарга жолугуп бактылуу болунуздар!
14.02.2011. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрмек,Кундуз-силерге тунук суйуу,ишинерге ийгилик каалайм!
14.02.2011. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эрмек,биринчи суйуу баары бир таттуу,тунук болот.Канчалаган жакшы кундор,ойлор,сырлар болду ортонордо.Бири-биринерден алыстабай эле койсонор болмок.
Чынында бул биздин ишибиз эмес,озунор чечесинер,бирок бири-биринерди унутушунар кыйын болот.(коп эле окуялар болгон ушуга окшош)
Баарын жакшыга жоруп коет эмеспи бизде,анысы кандай Сиздер да жакшылыкты коздоп,умтула бериниздер алдыга.Бактылуу болушсун бир болбосо да.

14.02.2011. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи эле тугойлор урушпасын дейт элем.Дайыма бири-бирин колдоп,жандап журо беришсин.
14.02.2011. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
учурдан пайдаланып баарынарды суйуу кунунор менен куттуктайм.Баарыбыз бактылуу,таалайлуу,ынтымактуу бололу.
SUPER.KG видео
14.02.2011. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат соонун суйлоптур.
15.02.2011. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экоо соонун пара болмок экен
15.02.2011. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан 1 жыл мурда эле суйгонум бар деп жатат эле го Эрмек,эми болсо жок дейт да.Суйуу ушундай тез соолуйбу?
16.02.2011. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрмек байке чет олкодогулорду эстеп койгонунузга чоон рахмат!сизге да баардык жакшылыктарды каалайбыз!!!!
17.02.2011. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
attan dese , infarkt boloin dep jazdadym ,

Kunduz menin jashoom ))) hehe
oshol uchun meni kut )))
tamasha
ukmush jagasynda jon ele 4i !
SUPER.KG видео
17.02.2011. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
waaaaa nakta oshoo saga jaga turgan jigit men ekenmin ,, korso ))) hehe
liybov' s pervogo vzgl9da pr9m, eshe goda 3 ili 4 nazad ))

igilik , den sooluk omurun uzun bolsun !!!
SUPER.KG видео
24.02.2011. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундуз ты такая нежная *)))
SUPER.KG видео
06.03.2011. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жагат мага ушу Эрмек деген.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо