БИР ЧЫМЧЫМ...

№432 11-17-февраль, 2011-жыл

Таланттуу обончу жана аткаруучу Сыймык Бейшекеев Мекен сакчыларынын күнүнө карата Улуттук филармонияда концерт берем деп чуркап жүргөн мезгили.

Чыгармачыл чөйрөдөгү жакын санаалаштар Нурдөөлөт Копоев, Роза Шакирова, Бакыт Букаев жана Назми Сүйүшкөндөр күнүнө карата кафелердин биринде чай-концерт өткөргөнү жатышат. Актёр, алпаруучу жана ырчылардан түзүлгөн бул чайлашууга бардык сүйүшкөндөр келип көңүл ачып кетишет имиш.

14-февралда спортчу Канатбек Бегалиев Сүйүү күнү менен бирге туулган күнүн белгилейт. Бул күндү жалаң достору менен өткөрүп келген Канатбек быйыл үй-бүлөсүнүн кашында болууну чечти.

“Тамашоучу” жигит Азамат Исмаилов кайсы бир телеканалда алпаруучулуктун даамын татып көрдү. Анын ырчы Айпери Кубик кызы менен бир эле жума алпаруусу жакшы сезим калтырды.

Ырчы Мелис Абдрашитов жана Алекс жакында чогуу дуэт ырдашат. Эгерде ырлары ийгиликтүү эл оозуна алынса, топ ачып калуулары да мүмкүн.

74 жаш курагында ырчы Дайыр Исмадияровдун атасы дүйнө салды. Дайырга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Ырчы Азат Болотбек “Токио” аттуу орусча ыр жаздырып, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Син Маруого угузуп көргөн. Ага ырчынын чыгармасы жагып, өзүнүн резиденциясына кечки тамакка да чакырган.

Жаш ырчы Калыс Жакыпов 15 ырдан турган эң алгачкы ырлар жыйнагын чыгарды. Ошондой эле Бек Борбиевдин “Сахна” аттуу ырына клип тарттырууда.

Продюсер Канат Култаев өзүнүн телеберүү­лөрүнө режиссёр, ассистент жана шоу-бизнес жаатында менеджер, администраторлорду издейт. Керек болсо Канат аларды продюсерликке да үйрөтүп алам дейт. Каалоочулар kanatbek_kultaev@mail.ru дарегине резюме­ңиз­дерди жөнөтүңүздөр.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(2)
11.02.2011. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daiyr atandyn jatkan jeri jailuu bolsun,topuragy torkoluu bolsun!
12.02.2011. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanat Kultaievke barsambi dep oilonup jatam.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо